Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 07:23

Орусия согушка запастагы жоокерлерди салат


Владимир Путин жана Владимир Зеленский. Иллюстрациялык коллаж.

Орус аскерлеринин Украинага кол салуусунун фонунда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялады. Мунун алкагында согушка запастагы жоокерлер тартыла турган болду.

Москва украин жергесинде 6 миңдей аскери өлгөнүн моюнга алды. Расмий Киев болсо Орусиянын армиясынын жоготуулары 55 миңден ашканын билдирүүдө.

Жарым-жартылай мобилизация

Куралдуу күчтөрдү толуктоонун жаңы чарасы тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин жаңы видео кайрылуусунда маалымдады. Ал анда Украинадагы кармаш ал күткөндөн татаалдашып кеткенин, расмий Киев сүйлөшүүгө келбей жатканын айтты. Натыйжада Путин өзү “атайын операция” деп атаган согуш көпкө чейин уланганы калганын белгилеп, муну үчүн кошумча күч талап кылынарын билдирди.

Владимир Путин 21-сентябрдагы кайрылуусунда мындай деди:

Владимир Путин
Владимир Путин

“Кайталаймын, мында жарым-жартылай мобилизация жөнүндө гана кеп болуп жатат. Башкача айтканда, учурда запаста турган жарандар, биринчи кезекте Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөгөндөр, аскердик адистиктерге ээ жана тиешелүү тажрыйбасы барлар гана аскердик кызматка чакырылат”, – деди ал.

Путиндин артынан эле мамлекеттик медиаларга маек курган Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу мобилизация жарлыгынын алкагында 300 миңдей адам аскерге тартыларын билдирди. Министр бул аракет бир жолу аткарылчу жумуш эмес экенин, мындан ары пландуу улантыларын да кошумчалады.

Сергей Шойгу
Сергей Шойгу

“Албетте, алар чогултулгандан кийин даярдыктан же, кайра даярдыктан өтүшөт. Андан соң алар командаларга, взводдорго, экипаждарга текши бөлүштүрүлөт. Алар ошондон кийин гана алдыга коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн жөнөтүлөт”, – дейт Сергей Шойгу.

Министр мобилизацияга милдеттүү аскердик кызмат кылгандар менен аскердик окуу жайда билим алган студенттер кошулбай турганын тактады. Бирок адистер реалдуулукта бул чара жарандардын көпчүлүк катмарын камтышы мүмкүндүгүн билдирип жатышат. Анын ичинде орус жарандыгын алган алган мигранттар да аскерге, андан соң Украинадагы согушка тартылып калышы мүмкүн. Мобилизация ал жарыяланган 21-сентябрь күнү эле башталды.

“Согушта аскердик ресурс жетишпей калды”

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу маегинде Украинадагы жоготуулар жөнүндө кабарлап, 6 миңдей орус аскери өлгөнүн айтты. Иш жүзүндө бул мартта 1500 аскер мерт болгону айтылгандан берки алгачкы маалымат болуп калды.

Бирок Украинанын Куралдуу күчтөрү жети айдын ичинде Орусиянын армиясы 55 миңден ашык аскерин жоготконун билдирүүдө. Батыш чалгын кызматтары да буга чейинки эсептеринде согушта кеминде 20-30 миңдей орус аскери өлгөнүн кабарлашкан. Ушундай шартта Орусиянын бийлигинин мобилизация жарыялашы аргасыз абал катары мүнөздөлдү.

Украинадагы “Демократиялык демилгелер” фондунун талдоочусу Мария Золкина“Настоящее время” телеканалына курган маегинде буларды билдирди:

Мария Золкина
Мария Золкина

“Орусияга аскердик ресурс жетишпей жатат. Бирок буга чейин оккупацияланган Донбасста болгон мобилизация даярдыгы жок адамдар согушта эч кандай роль ойнобой турганын көрсөттү. Адамдардын саны көп болгону менен сапаты жок болсо мобилизация өзүн актабайт. Ооба, азыр Орусияда аскердик даярдыгы бар же, согушка катышып жүргөн адамдарды мобилизациялоо башталат. Буга чейин алар өз ыктыяры менен келбей жүргөн болсо азыр мажбур түрдө алып келинет. Бирок мунун баары убакытты талап кылат. Аларды даярдыктан өткөрүү, техника жана курал-жарак менен камсыздоо канчалык созула турганын көрө жатабыз”.

АКШнын жана Улуу Британиянын чалгын кызматтары Орусия Украинага басып кирердин алдында анын чек арасына 150 миңдей аскерин жыйнаганын эскерткен. Кийин мунун бир бөлүгү милдеттүү аскердик кызмат өтөгөндөр экени айтылып, кайра артка тартылган. Андан калгандарынан өлгөндөрдү жана жаракат алгандарды кемитсек, согушта баштапкы сандын теңи гана калат.

Албетте, Орусия ага кошумча дагы башка аймактардан аскерлерди тарткан. Бирок реалдуулукта баары бир аскерлер жетишпей жатканын аскердик эксперттер тынбай айтып келишти. Ушундан улам Москва жалданма аскерлерди тарта баштаган. Бул катарга ал тургай камакта жаткан жарандарды да чогултуп жаткан.

Орусиялык саясий талдоочу Андрей Колесников жарым-жартылай мобилизация коомчулукта баары бир нааразылыктарды жаратарын белгиледи:

Андрей Колесников
Андрей Колесников

“Жарым-жартылай мобилизация жарыялоо менен “атайын аскердик операциянын” ийгиликсиз болуп жатканын, иштери оңунан чыкпай калганын моюнуна алышты. Бурчка такалып калган адам айласын таппай, эми ошол ийгиликсиздигин толтура адамдарды согушка жөнөтүү менен чечкени жатат. Иш жүзүндө эч кандай согушкусу келбеген адамдарды айдап жатат”. Колесников "Путиндин жаңы чечими акыры анын авторитардык ыкмаларга таянган башкаруу моделин кыйратат" деген көз карашта.

20-сентябрда Мамлекеттик дума өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексин “мобилизация”, “аскердик абал”, “аскердик мезгил” деген түшүнүктөр менен толуктап, дезертирлердин жазасын катуулата турган, туткунга өз ыктыяры менен өтүп кеткендерге, талап-тоноочулукка баргандарга жана коргонуу тармагындагы мамлекеттик буйрукту аткаруудан баш тарткандарга жаза мөөнөттөрүн аныктаган. Бул мобилизацияга даярдык катары мүнөздөлүп жаткан.

Референдумдан кийинки мобилизация

Президент Владимир Путин мобилизация тууралуу билдирүүсүндө анын максатын Украинанын Донбасс аймагынын, Херсон жана Запорожье облустарынын калкынын өтүнүчү менен да байланыштырды. Ал бул аймактар Орусияга кошулса, аскерлер аларды да коргоого алууга туура келерин кошумчалады.

Орусиянын күчтөрү басып алган украин жерлери кызыл түс менен белгиленген. Бошотулган жерлер көгүш түс менен көрсөтүлгөн. 20-сентябрга карата карта.
Орусиянын күчтөрү басып алган украин жерлери кызыл түс менен белгиленген. Бошотулган жерлер көгүш түс менен көрсөтүлгөн. 20-сентябрга карата карта.

Луганск жана Донецк облустары Донбасс деп аталат. Ал жакта өздөрүн мамлекет деп жарыялап алган “Донецк Элдик Республикасы” менен “Луганск Элдик Республикасы” түзүмдөрү бир күн мурун Орусияга кошулуу тууралуу референдум өткөрөрүн жарыялаган. Мындан сырткары Орусиянын аскерлери ээлеп турган Херсон жана Запорожье облустарында да ушул күндөрү референдум өткөрүү сунушталды.

Владимир Путин акыркы билдирүүсүндө Орусия аларды өзүнө кошуп алууга даяр экенин айтты:

“Бизге жакын адамдарды баш кесерлерге салып бербейбиз жана ага эч кандай моралдык укугубуз жок. Биз алардын өз тагдырын өзү аныктоого умтулуусуна жооп бербей коё албайбыз. Донбасстагы элдик республикалардын парламенттери, ошондой эле Херсон менен Запорожьенин аскердик-жарандык администрациялары келечекте бул аймактар бизге, Орусияга кайтып келиши үчүн референдум өткөрүү чечимин кабыл алып, аны колдообузду өтүндү. Белгилеп коёюн, референдумдарды өткөрүү үчүн, эл өзүнүн эркин билдирүүсү үчүн, коопсуз шарттарды камсыздоо үчүн баарын жасайбыз. Донецк жана Луганск элдик республикаларынын, Запорожье жана Херсон облустарынын көпчүлүк жашоочулары кабыл алган чечимдерди биз колдойбуз”.

Аталган аймактарда референдумдар 23-27-сентябрь күндөрү өтө турганы айтылган. Азырынча бул төрт облустун көпчүлүк бөлүктөрү Орусиянын көзөмөлүндө турат.

Украинанын бийлиги оккупацияланган аймактарда референдум өткөрүү алардын макамын өзгөртпөй турганын билдирип, жасалма элдик добуш берүүлөр таптакыр кабыл алынбай турганын айтууда.

Украинанын президенти Владимир Зеленский соңку видео кайрылуусунда төмөнкүлдөрдү билдирди:

Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

“Албетте, Орусия тараптан келип жаткан жаңылыктар чуулуу болуп жатат. Ал боюнча суроолор көп. Бирок жаңы эч нерсе айтылган жок. Мурда айтылып эле келген нерселер жаңырды. Биздин позиция – так жана баарына белгилүү. Бизди ошол нерсе гана кызыктырат. Кайсы бир жерде айтылып жаткан нерселер биздин милдетке кирбейт”.

Москва жаңы маалыматтарында согуш башталгандан бери Украинанын 60 миңдей аскерин жок кылганын кабарлады. Киев мурдараак өз жоготууларын 9 миңдей деп тактаган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин эскертүүсү

Орусиянын Мамлекеттик думасы кабыл алган мыйзамдарга байланыштуу Кыргызстандын Москвадагы элчилиги ал жактагы кыргыз жарандарына 21-сентябрда кайрылуу таратты.

Элчилик Орусияда жашап, иштеп жүргөн кыргызстандыктар чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге жана куралдуу кагылышууларга катышса, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартыла турганын эскертти. Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесине ылайык согуштук аракеттерге катышкандардын мүлкү конфискацияланып, он жылга чейин камала турганын эске салды.

Эгер Орусиядагы кыргыз жарандарына согуштук аракеттерге катышууга чакыруу келсе, дароо элчиликке кайрылуу керектигин сунуштады.

Талдоочулар Мамлекеттик дума кабыл алган мыйзам Орусиядагы мигранттарды армияга тартып, Украинадага согушка жөнөтүүнү көздөй турганын айтып жатышат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG