Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Украина: орусиялык күчтөр Харьковдон чегинди


Орусиянын желегин айрып жаткан украин күчтөрү. 12-сентябрь, 2022-жыл.
Орусиянын желегин айрып жаткан украин күчтөрү. 12-сентябрь, 2022-жыл.

Украинанын күчтөрү улам бир аймакты орус армиясынан бошотууну улантууда. Соңку бир суткада 20дай калктуу конуш орус күчтөрүнөн тазаланганы расмий жарыяланды. Орусиянын Коргоо министрлиги жарыялаган картага ылайык, орус армиясы Харьков облусунан дээрлик чыгып кеткенин көрүүгө болот.

Харьков облусундагы Казачья Лопань айылында тартылды деген видеодо эл украин аскерлерин кубаныч менен тосуп атканын көрүүгө болот. Дээрлик алты ай орус күчтөрүнүн көзөмөлүндө турган айылды соңку суткада украин күчтөрү бошотту.

«Козачья Лопань айылы Украинага таандык. Эч кандай «орус дүйнөсүнүн» кереги жок. Украинага даңк, Украинанын куралдуу күчтөрүнө даңк!»,-деди райондун башчысы Вячеслав Задоренко.

Казачья Лопань айылы Харьковдон 44 чакырым, ал эми Орусия менен чек арадан болгону алты чакырым алыстыкта жайгашкан. Украинанын Башкы штабы 12-сентябрда билдиргендей, соңку бир суткада Харьков жана Донецк облустарында 20дан ашуун айыл орус күчтөрүнөн тазаланды.

Сентябрдын башынан бери жалпысынан 3000дей чарчы чакырым кайтарылды. Украинанын президенти Владимир Зеленский жекшембиде украин күчтөрү стратегиялык деп саналган Изюм шаарын да бошотконун ырастады.

Орусиялыктардын чегинүүсү

Орусиячыл аткаминерлердин бири Виталий Ганчев 12-сентябрда «Россия 24» мамлекеттик телеканалына курган маегинде украин күчтөрү орустардын көзөмөлүндөгү аймактарды кайтарып алышканын жана «беш миңдей тургун» Орусияга көчүрүлгөнүн билдирди.

Ганчевдин айтымында, украин аскерлеринин саны орус жоокерлеринен сегиз эсе көп болгон. Ал «кырдаал саат сайын оорлоп баратканын» айтты.

11-сентябрда Орусиянын Коргоо министрлиги жарыялаган картадан орус армиясы Харьков облусунан чыгып кеткенин көрүүгө болот.

12-сентябрда кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Согушту иликтөө институту Орусияга Украинадагы коргонууну бекемдөө үчүн резервдик күчтөр жетишпей жатышы мүмкүн экенин жазды.

Институт тараткан маалыматка ылайык, «HIMARS сыяктуу куралды жана майдандагы натыйжалуу тактиканы колдонуу менен Киев согуштун жүрүшүн өз пайдасына өзгөртө алды».

Украина контрчабуулду августтун соңунда баштаганын жарыялаган, негизинен болгон күчүн Херсонго жумшап жатканын билдирген. Орус армиясы ал жакта катуу туруштук берип жаткан маалда, украин күчтөрү Харьковду бошотуу операциясын капысынан баштап жиберишти.

Украинанын коргоо министри Алексей Резников Financial Times басылмасына курган маегинде контрчабуул күтүлгөндөн дагы ийгиликтүү болгонун билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги аскерлерин чыгаруу кадамын Донецк багытын күчтөө максаты менен түшүндүрдү.

Апрелдин башында Киевдин айланасынан да орус күчтөрү чегингенде, Кремль ушундай эле түшүндүрмө берген.

Харьков облусунун Гоптовка аймагын бошотконун жарыялаган украин аскерлери. 11-сентябрь, 2022-жыл.
Харьков облусунун Гоптовка аймагын бошотконун жарыялаган украин аскерлери. 11-сентябрь, 2022-жыл.

"Москва Киев менен сүйлөшүүдөн баш тартпайт"

Москва Киев менен сүйлөшүүгө ачык экенин жар салды. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 12-сентябрда билдирди:

"Орусиянын президенти бир нече жума мурда өткөн иш-чарада биздин позицияны так айтты деп ойлойм. Ал жыйындын катышуучуларына кайрылып, биз сүйлөшүүлөргө каршы эмес экенибизди айтты. Орусия Украина менен сүйлөшүүлөрдөн баш тартпайт. Бирок сүйлөшүү жараяны узакка созулган сайын, кандайдыр бир макулдашууга жетишүү оор болот", - деди Лавров.

Бир күн мурда Зеленский Киев өз аймагын, анын ичинде Крымды толук бошотмоюнча, Москва менен сүйлөшүүгө барбай турганын белгилеген.

Ал арада украин бийлиги Орусия Харьков жылуулук электр станциясына сокку урганын билдирди. Бул өлкөдөгү экинчи ири станция. Мындан улам Харьков, Сумы, Полтава, Запорожье жана Днепропетровск облустарында электр жарыгы жана суу өчүп калды. Кечке жуук гана айрым райондордо жарык калыбына келтирилди.

Эксперттердин баамында, Москва армиясы чегинип жатканына чыдабай стратегиялык обьектилерге сокку ура баштады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG