Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:15

Орусиялык ырчылардын Бишкектеги концертине каршылык


Орусиялык ырчылар Валерий Меладзе, Zivert жана Филипп Киркоров.
Орусиялык ырчылар Валерий Меладзе, Zivert жана Филипп Киркоров.

Бишкек шаарында сентябрь, октябрь, ноябрь айында орусиялык ырчылардын жана топтордун концерттери өткөнү жатат. Айрым активисттер алардын катарында Орусиянын Украинага баскынчылыгын жактагандар бар экенин айтып, алардын келишине каршылыгын билдирип акцияга чыгышты.

Бишкекте сентябрь айында орусиялык ырчылар Филипп Киркоровдун, ноябрь айында Валерий Меладзенин концерти өткөнү жатат.

Концерттин уюштуруучусу, продюсер Ислам Сатаров өзүн Филипп Киркоровдун Орто Азиядагы өкүлүмүн деп белгилеп, ырчы концерттик тур менен коңшу өлкөлөргө да бара турганын билдирди.

Ислам Сатаров.
Ислам Сатаров.

“Киркоров Кыргызстанга эле келген жок. Казакстанда, Өзбекстанда да турнелери бар экен. Мисалы, Киркоровдун концерти 1-ноябрда Ташкентте, 3-ноябрда Бишкекте, 5-ноябрда Нур-Султанда, 7-ноябрда Алматы шаарында белгиленген. Бул мурдагы жылдардагыдай эле уюштурулуп келген тур-концерт. Мен Киркоровдун Орто Азиядагы расмий өкүлүмүн, ал бул чөлкөмдө мени менен гана иштешет. Быйыл 55 жылдык юбилейи. Ошого карата чакырдык”.

Ал эми октябрь айында орусиялык “Би-2” рок тобу, ырчы Zivert келери кабарланып, жарнамалары социалдык тармактан тарап жаткан учуру.

Орус ырчыларынын быйылкы чыгармачыл сапары коомчулукта ар кандай кабылданууда. Айрымдары буга маданий чөйрөдө тажрыйба алмашуу катары баа берсе, башкалары “согушту жактагандар келбесин" деген маанайда.

5-сентябрда бир катар жарандык активисттер Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдына нааразылык акциясына чыгышкан.

Алар учурдагы орус бийлигин жана алардын Украинага карата агрессиясын колдогон ырчы Филипп Киркоровдун Кыргызстанга келишине каршылыгын билдирип, колдоруна "Агрессордун ырчысына жол жабык", "Биз тынчтык үчүн" деген плакаттарды кармап турушкан.

Акцияга чыккандардын катарында жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров, журналист Замир Өсөров жана "Борьба за мир" коомдук уюмунун жетекчиси Валерий Булашов бар болчу.

Токтонасыров акцияга чыккан максатын мындайча түшүндүрдү:

Өндүрүш Токтонасыров.
Өндүрүш Токтонасыров.

“Маданий турмушубузда дагы жалпы эле кыргызстандыктарды нааразы кылган окуялар болуп жатат. Орус бийлигинин баскынчылык саясатын жактаган ырчыларды биз тараптагылар өлкөгө чакырып, ырдатып жатканына каршымын. Эгемендик күнүндө орусиялык “Город 312” тобунун башкы солисти Светлана Назаренкону алып келип ырдатышты. Бул туура эмес да. Эми Киркоров менен Меладзе келе жатыптыр, буга да караманча каршымын. Биздин расмий бийлик Украинадагы согуш боюнча бейтарап позицияда экенин билдирген, эми аягына чейин бейтарап болушсун. Бир эле Путиндин айынан бүт орус элин баскынчы, согушчул деп айткым келбейт. Алардын арасында да тынчтыкты самагандар бар. Дүйнөдө тынчтык орносун деген ырчылар келе берсин. Бирок Кремлдин саясатын колдогон ырчылардын бизге кереги жок”.

Борбор калаада өтө турган орусиялык ырчылардын концертинин билет баалары түрдүү. Маселен, Меладзенин коцертине билеттер 8 миң сомдон 16 миң сомго чейин, “Би-2” тобунун концертине билеттер 3,5 миң сомдон 8 миң сомго чейин бааланган. Ал эми Zivert аттуу ырчынын концертине билеттер 2300-11000 сомдон, Филипп Киркоровдуку 2500-14000 сомдон сатылууда.

2022-жылдын февраль айында Украинага кол салгандан кийин бир катар чет өлкөлөр Орусия менен алакасын үзүп, түрдүү санкцияларды киргизген. Орус ырчыларынын Орто Азияга гастролдорун ушул “жабылган эшиктерге” байланыштыргандар да бар.

Кайрат Примбердиев.
Кайрат Примбердиев.

“Эми алардын келип жаткан себеби түшүнүктүү да. Ал жакта абал кыйыныраак болуп калды окшойт. Кризис өз кесепетин тийгизип жаткандыктан келип жатышса керек. Артисттер баары бир акча табышы керек да. Аларды ырчы катары түшүнөм. Бирок мунун баары убактылуу нерсе деп ойлойм. Келип ырдашат, кайра кетишет. Эң башкысы келгенден кийин концерт учурунда согушту колдоп, элди үгүттөбөсө болду. Музыкада чек ара жок, өнөр адамдары бири-бирин бөлбөйт”, - деди Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы Кайрат Примбердиев.

Анткен менен чет өлкөлүк ырчылар менен бир топ жылдан бери кызматташып келе жаткан продюсер Ислам Сатаров мындай пикирге кошулбайт. Ал кыргыз жеринде уюштурулган концерттердин көбү өзүн актабайт деген пикирде.

“Муну мен дал келүү деп эле айта алам. Украинада согуш болуп-болбогон күндө деле орус ырчылары өз өлкөсүнүн шаарларын бир жылда да кыдырып бүтө албайт. Бишкектеги концертти пайда табуу үчүн эмес, элдин маанайын көтөрүү үчүн уюштуруп жатабыз. Негизинен концерттер чоң чыгымдарды талап кылат. Мисалы, Филипп Киркоров өзүнүн жеке учагы менен келет. Ушул өңдүү мисалдар көп. Дагы бир баса белгилеп кетүүчү жагдай, мен чет өлкөлүк ырчылар менен уюштурган ар бир концертимдин алдында маданият министринин өзү менен кеңешип, уруксат алып анан уюштурам. “Би-2” тобунун концертин казакстандыктар, Zivertтин концертин украиналык компания уюштуруп жатат, бул дагы кызык жагдай. Калган концерттердин мага тиешеси жок. Мен өлкөгө текшерилген, 30-40 жылдап КМШ өлкөлөрүнө эмгеги сиңген аттуу-баштуу артисттерди гана алып келем”.

Өзбекстандык ырчы Фаррух Закиров, орусиялык ырчы Филипп Киркоров жана продюсер Ислам Сатаров.
Өзбекстандык ырчы Фаррух Закиров, орусиялык ырчы Филипп Киркоров жана продюсер Ислам Сатаров.

Ал эми Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы Гүлзинат Суранчиева орус ырчыларынын, маданий ишмерлеринин чыгармачыл сапар менен өлкөгө келиши эки элдин артисттерине тажрыйба алмашууга мыкты өбөлгө деген пикирде:

Гүлзинат Суранчиева.
Гүлзинат Суранчиева.

“Мына ушул кездери Бишкекке Орусиянын атактуу эстрада ырчылары келе жатат. Андан сырткары классикалык искусство багытындагы өкүлдөрү да келүүдө. Маселен, жай айында Каракол шаарында өткөн салтанатка легендарлуу маэстро Сергей Скрипка баштаган оркестр келип кетти. Мындай көрүнүшкө музыкант катары жакшы баа берем. Анткени бизге орус музыканттары классикалык искусстводо жүргөн, эстрада багытында жүргөн таланттарыбыз үчүн мурдатан эле эталон болуп келген. Ошондуктан бул абдан жакшы көрүнүш. Аларды көрүп биз өсөбүз, биздин да аларга көрсөтчү нерселерибиз бар”.

Согушту Орусияда кимдер жактап, кимдер сындаган?

Быйыл 24-февралда орус армиясы Украинага бастырып кирген. Кремль аны "атайын операция" деп атаганы менен дүйнөлүк коомчулук согуш катары сыпаттап, Орусияны агрессор өлкө катары сынга алып, бир катар санцияларды киргизген. Батыштын санкциясына илингендер арасында Путинди колдогон саясатчылар, атактуу бизнесмендер, медиа өкүлдөрү, коомдук жана маданий ишмерлер дагы бар. Ошол эле маалда согушту айыптап, агрессияны токтотууга чакырган айрым маданият ишмерлери Орусиянын ичинде "кара тизмеге" кирген. Төмөндө Бишкекке келе турган ырчылардын кимиси согушту жактап, кимиси сындаганына кыскача токтолобуз.

  • Украина үстүбүздөгү жылдын август айында Филипп Киркоровду үч жылга чейин өз аймагына киргизүүгө тыюу салган. Чечим өлкөнүн коопсуздугу үчүн кабыл алынганы кабарланган. 24-июнда Украинанын маданият жана маалымат саясаты министрлиги Филипп Киркоровду өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган адамдардын тизмесине кошкон. Украинанын коопсуздук кызматы муну Филипп Киркоровдун пропагандалык концерттери жана анын Крым аннексиясын колдоп, жарым аралды "Орусияга тийиштүү" деп айткандары менен түшүндүргөн.
  • "Би-2" тобу Киркоровдон айырмаланып Украинага кол салууну айыптаган. 28-апрелде топ Орусиянын Омск шаарында өткөн концертте "Zа президента" деген баннер үчүн ырдоодон баш тарткан. Мындан кийин топтун Пенза, Астрахан, Уфа жана Казандагы концерттери өтпөй калган. Июль айында топ Орусияда "тыюу салынган ырчылардын" тизмесине киргизилгени кабарланган. Мамдуманын "Справедливая Россия - За правду" фракциясынын депутаты Дмитрий Кузнецов Орусиянын Коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортниковго "Би-2" рок-тобунун ырчылары Игорь Бортник менен Александр Уманды "Орусияга каршы позициясы" үчүн өлкөгө киргизбөө талабы менен кайрылган.
"Би-2" тобунун лидери Александр Уман (солдо) жана Игорь Бортник сахнада,
"Би-2" тобунун лидери Александр Уман (солдо) жана Игорь Бортник сахнада,
  • Валерий Меладзе согуш башталган күнү аскердик аракеттерди токтотуу өтүнүчү менен видео кайрылуу жолдогон. Ал касташкан тараптарды сүйлөшүүгө чакырган. "Адамдар сүйлөшө билиши керек, ошон үчүн аларга тил бүткөн, жөндөмдөр берилген. Адамдар бөөдө өлбөшү керек. Муну тез арада токтоткула", - деген ал. Мындан кийин ал Орусияда "тыюу салынган ырчылардын" тизмесине кирген. Август айында Мамдуманын Красноярск крайынан депутат болгон Юрий Швыткин Орусиянын коопсуздук кызматына (ФСБ) Валерий Меладзенин концертин москвалык клубдардын биринде уюштургандардын үстүнөн арыз жазган. Ырчынын агасы Константин Меладзе Украинанын эмгек сиңирген артисти наамын алган.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG