Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:52

Укук коргоочу Бишкектин көчөлөрүндөгү Z жана V жазуусун өчүрдү


Өндүрүш Токтонасыров.
Өндүрүш Токтонасыров.

Укук коргоочу жана жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Бишкектин көчөлөрүнө белгисиз адамдар жазып кеткен Z жана V жазуусун тазалап, өчүрдү. Ал Кыргызстандын эгемендик майрамын утурлай Орусиянын Украинага басып киришинин символуна айланган тамгаларды Бишкектин көчөлөрүнүн жазып кеткендерди айыптап, жууп жатканы тартылган видеону Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырды.

Z жана V тамгалары Украинага басып кирген орусиялык техникага тартылган. Кремлчил пропагандачылар аларды “атайын операциянын” символдору деп аташат. Кремль үгүт иштеринде бул символдорду көп колдонот.


Буга чейин Бишкек шаардык милициясы машинесине Z белгисин чаптап алган айдоочуларга айып пул салып, белгилерди сыйрыган. Тартип коргоо органдары машинеге уруксаты жана атайын лицензиясы жок белги (наклейка) чаптап алууга болбой турганын билдирген.

Орусия 24-февралда Украинага кол салгандан тарта расмий Бишкек бул маселеде нейтралдуу позицияда экенин билдирип келет.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG