Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:11

Эгемендик майрамы менен катар Байтик баатырдын 200 жылдык мааракеси өттү


Байтик баатырдын 200 жылдык мааракеси. Чуңкурчак жайлоосу, 31-август. 2022
Байтик баатырдын 200 жылдык мааракеси. Чуңкурчак жайлоосу, 31-август. 2022

31-августта Кыргызстандын эгемендик майрамы менен катар Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда көрүнүктүү саясий ишмер Байтик Канай уулунун (Байтик баатыр) 200 жылдык мааракесине карата салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү. Жайлоодо 19-кылымдагы кыргыздардын көчмөн конушун чагылдырган боз үйлөрдүн этношаарчасы жасалды.

Президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова этношаарчаны кыдырып, аларга устачылык жана кол өнөрчүлүк буюмдары көрсөтүлүп, кыргыз элинин каада-салты тааныштырылды.

Иш-чаранын алкагында 1,5 миллион сомдук байге фонду менен жети багыт боюнча “Ынтымак” фестивалы өткөрүлдү. Катышуучулар улуттук кийимдерди, тамак-аштарды, бийлерди тартуулашып, ылдамдыкта боз үй тигүү жана аны жасалгалоо боюнча сынактар өткөрүлдү. Салтанат өлкөнүн бардык облустарынан келген чыгармачыл жамааттар даярдаган ыр-күү жана төкмө акындардын өнөрлөрү менен коштолду.

Байтик Канай уулунун (Байтик баатыр) төрөлүшү, анын түндүк кыргыздардын жол башчысы катары калыптанышы жана эгемендик үчүн күрөшү тууралуу театрлаштырылган пролог көрсөтүлдү.

"Байтик баатыр ар дайым эркиндикти туу туткандыгы менен өзгөчөлөнүп турган инсан. Ал эки доордо жашады. Кокон хандыгынын доорунда ордонун адилетсиз аракеттерин көрдү. Эл башына түшкөн мүшкүлдөргө, эсепсиз чогулткан салыктарга каршы туруп, акыры Пишпек чебинин башчысы Рахматулла бектин көзүн тазалады. Орус аскерлеринин жардамы менен элди азапка салган Пишпек чебин жер менен жексен кылды. Доор добушун даана сезе билген көсөмдүгү жана элдик дипломатияны чебер пайдалана билгендиги менен Байтик баатыр элин бөөдө бүлүнүүдөн сактап калган", - деди Жапаров.

Концерттик программадан соң 89 күлүк катышкан 31 чакырымдык ат чабыштын жеңүүчүлөрү сыйланды. Жеңүүчү байге катары борбор калаадан бир бөлмөлүү батир алса, калгандарына акчалай сыйлыктар тапшырылды. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG