Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:39

Түркияда Кыргызстандын Эгемендик күнү белгиленди


Кападокия. Түркия.
Кападокия. Түркия.

31-августта Кыргызстан эгемендик күнүнүн урматына Түркиянын Кападокия шаарында, 800 метр бийиктикке учурулган шар менен Кыргызстандын желеги көтөрүлдү.

Эгемендик күнүн утурлай Невшехир аймагындагы Үчхисар тарыхый мунарасына Кыргызстандын жана Түркиянын мамлекеттик желектери илинди.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги билдиргендей, ушул эле күнү Үчхисар районунда "Кыргызстан" деп аталган сейил бактын ачылышы болду.

Түркия Кыргызстан 1991-жылдын 31-августунда эгемендик алгандан кийин дипломатиялык алака түзгөн алгачкы мамлекеттердин бири. Өлкөдө учурда 25 миңдей кыргызстандык мигрант жашап, эмгектенет. Былтыр эки өлкөнүн дипломатиялык алакасынын 30 жылдыгына карата Түркияда бир катар иш-чаралар уюштурулган. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG