Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:57

Орусиялык ырчылардын Кыргызстанга келишине каршы акция өттү


Ырчы Филипп Киркоров Крымга арналган концертте. Лужники стадиону, Москва.
Ырчы Филипп Киркоров Крымга арналган концертте. Лужники стадиону, Москва.

Бүгүн, 5-сентябрда бир катар жарандык активисттер Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар "Крымды Орусиянын бир бөлүгү" деп жарыялаган ырчы Филипп Киркоровдун Кыргызстанга концерт коюшуна каршылыгын билдиришти. Акцияга жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров, журналист Замир Өсөров жана "Борьба за мир" коомдук уюмунун жетекчиси Валерий Булашов катышты. Алар колдоруна "Агессордун ырчысына жол жабык", "Биз тынчтык үчүн" деген плакаттарды кармап турушту.

"Биз согушка каршыбыз. Биз агрессордун ырчыларынын Кыргызстанга келишине каршыбыз", - деди жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров.

Орусия быйыл 24-февралда Украинага согуш ачкан. Кремль ал жүрүшүн "атайын операция" деп атаганы менен дүйнөлүк коомчулук аны согуш катары сыпаттап, Владимир Путин жетектеген Орусияны агрессор өлкө катары сынга алууда. (КО)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG