Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Бишкек: мыйзамсыз курулушка байланыштуу эки адам кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура Бишкек шаарындагы мыйзамсыз курулуштарга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы жана азыркы эки кызматкер кармалганын кабарлады. Анда мэриянын алдындагы "Бишкекгенплан" долбоорлоо институтунун мурдагы жетекчиси А.Ж менен “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин бөлүм башчысы Ч.М. уулу коррупцияга шек саналып жатканы айтылат.

Башкы көзөмөлдөөчү орган тараткан маалыматка ылайык, кылмышка шектүүлөр “өздөрүнүн материалдык кызыкчылыгын көздөп, кайсы бир тараптардын пайдасына көп кабаттуу үйлөрдү өз алдынча курууга жол ачкан коорупциялык схема түзгөн”.

“Кармалгандардын үйүн тинтүү маалында Ж.Анын үйүнөн бир канча курал ок-дарысы менен табылды. Ошондой эле анын мыйзамсыз аракеттерин ырастаган документтер алынды. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди. Ал эми Ч.М.у. шаардагы №1 тергөө абагына камалды”,-деп айтылат маалыматта.

Айрым маалымат каражаттары кармалгандардын бири Жыргалбек Асаналиев экенин жазышты.

Ал ушул жылдын июль айында кызматтан алынган. Шаардык мэрия тараткан маалыматта аны иштен кетирүүгө “өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун коррупция маселелери боюнча координациялык кеңештин жыйынындагы сыны себеп болгону” жазылган.

10-июлда болгон жыйында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жаңы дайындалган башчысы Нуртазин Жетибаев Бишкектин вице-мэри Бактыбек Абдиев менен “Бишкекгенплан” ишканасынын жетекчиси Жыргалбек Асаналиевди шаар курууда бир топ мыйзам бузууларга жол берген деп айыптаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG