Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Кулеба: Украина жеңилсе, Орусия Борбор Азияга кол салат


Дмитрий Кулеба
Дмитрий Кулеба

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Борбор Азия өлкөлөрүнүн журналисттери менен онлайн жыйын куруп, согуштун жүрүшү жөнүндө сүйлөштү. Ал куралдуу жаңжалга аталган чөлкөмдөгү мамлекеттер тийиштүү реакция жасабаганын билдирип, Украина жеңилсе, Орусия постсоветтик башка өлкөлөргө кол саларын эскертти.

Борбор Азиядагы лидерлер Москванын украин жергесине басып киргенин айыптаган эмес.

“Кийинки кезек Борбор Азия мамлекеттеринде”

Украиндердин башкы дипломаты Дмитрий Кулеба менен видео жыйынга Кыргызстандан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Тажикстандан он чакты журналист катышты. Борбор Азиядагы бешинчи өлкө Түркмөнстандан эч ким болгон жок.

Кулеба алгач Украинадагы соңку кырдаал, жоготуулар жана фронттогу жылыштар тууралуу учкай маалымат берип, согуштун төркүнү жөнүндө кеп салды. Ал Украина эч качан Орусия менен согушууну каалабаганын, эгер ошондой маалымат чыгып жатса ал Москванын пропагандасы экенин билдирди. Министр кызматка киришкенден кийин жумушун Борбор Азияны кыдыруу менен баштоого аракет кылганын, согуш анын баарын токтотконун да кошумчалады.

Суроо-жооп бөлүгүндөгү алгачкы соболго жооп берип жатып Дмитрий Кулеба Орусиядагы казак, кыргыз, өзбек же тажик мигранттары ксенофобияга кабылып, ар кандай шылдыңга кабылганын, Украинада мындай бейадеп мамилеге таптакыр жол берилбей турганын айтты.

Ал Орусиянын мамлекеттик саясаты деле ушуга окшош экенин, мурдагы советтик мамлекеттердин баарына үстүртөн карай турганын белгиледи.

“Эгер Орусия мамлекет катары, бизди, силерди же адам катары, же мамлекет катары сыйлабаса, анда эмне үчүн президент Путин Борбор Азияда эң урматтуу адам болуп келатат? Анткени силердин лидерлериңер, силердин өкмөттөрүңөр, Орусияны дос катары эмес, коркунуч катары билет. Аны менен өтө этият мамиле кылыш керек экенин түшүнүшөт. Мен Орусия менен карым-катнаш кылууда эч кимге акыл үйрөтүүгө моралдык укугум жок. Бирок өз улуттук кызыкчылыгыбызды коргоо үчүн биринчи кадам - бул Орусиянын алдындагы коркуу сезимиңерди жоготушуңар керек. Биз бул жолду басып өттүк, бул өтө оор болду. Бирок биз бир нерсени түшүнүшүбүз керек, силер да түшүнөсүңөр деп үмүт кылам. Орусия биздин мамлекетти жок кылууга кандай аракет жасап жатса, мүмкүнчүлүк болору менен силердин мамлекетиңерди да куду ошондой жок кылат. Алар силерди да жасалма түзүм деп эсептейт. Путин Украина жөнүндө айтып жаткандарынын баары силерге да тиешелүү. Орусия Казакстанда кандай процесстерди баштагысы келип жатканын билесиңер. Өзбекстанда, Кыргызстанда, Тажикстанда да ошентет. Ошон үчүн Орусияга өзүңөрдү алсыратууга жана өзүңөрдү пайдаланып кетүүсүнө мүмкүнчүлүк бербегиле", – деди Дмитрий Кулеба.

Орус аскерлери быйыл 24-февралда Украинага кол салгандан бир аптадан кийин – 1-мартта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Кыргыз президентинин сайты президенттер жөн гана соңку кырдаалды талкуулаганын кабарласа, орусиялык басылмалар Жапаров Путиндин Украинага каршы аракеттерин кубаттаганын жазышкан.

Ушундан кийин расмий Киев Бишкектеги элчисин чакыртып алган. 9-мартта Садыр Жапаров парламентте сөз сүйлөп, Кыргызстан Орусия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуяларда нейтралдуу позицияны карманарын жарыялаган.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев согуштун өзүн комментарийлебегени менен 17-июнда Санкт-Петербургда Путиндин маңдайында отуруп, Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы жикчил түзүмдөрдүн өз алдынчалыгын тааныбай турганын айткан. Токаев аларды “квазимамлекеттер” деп атаган.

Өзбекстан да Тышкы иштер министрлигинин деңгээлинде Украинанын бүтүндүгүн колдоп, Донбасстагы түзүмдөрдү тааныбай турганын маалымдаган. Орусиялык басылмалар Путин менен сүйлөшүүлөрдө “Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Украинадагы “атайын операцияны” түшүнүү менен карады” деп жазышканы менен, өзбек президенти өзү бул жөнүндө коомчулук алдында сүйлөгөн эмес.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов да Украинадагы согуш тууралуу таптакыр сөз кылышкан жок. Рахмон, Бердымухамедов да, Токаев, Жапаров жана Мирзиёев да Орусиянын кеңири масштабдагы кол салуусу башталгандан бери Путин менен ар кайсы форматтарда жолугушту. Алардын эч кимиси бул баскынчылыкты кескин айыптай албады.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба өз сөзүндө бул позицияны Киев түшүнүү менен карай турганын билдирип, бирок кийинки кезек Борбор Азия мамлекеттеринде экенин эскертти.

"Эгер Орусиянын Украинага каршы согушу боюнча Борбор Азия мамлекеттери карманып жаткан позиция тууралуу айта турган болсом, силер баарыңар биздин жеңишибизге кызыкдар болушуңар керек. Айрыкча силердин мамлекеттериңер ушуну колдошу керек. Анткени эгер биз жеңилсек, анда силердин үстүңөрдөн тебелешет. Жеңип алган учурда Орусия кандай эйфориялык абалда болорун түшүнүп жатасыздарбы. Алар “Украинаны талкаласак да эч ким эч нерсе деген жок” деп, андан ары Борбор Азия өлкөлөрүнө он эсе ашыкча басым кыла баштайт. Менимче силердин лидерлериңер муну билишет. Ага карабай ашыкча карманган позицияны көрүп жатабыз. Бул душмандык мамиле эмес, биз аны билебиз. Силердин мамлекеттериңер ичтеринен бизге жан тартып жатканын деле сезип турабыз. Ошентсе да силердин лидерлериңерди байлап турган факторлор бар. Ал фактор Орусия менен мамиле жана Москванын Борбор Азия мамлекеттеринин ички саясатына таасир эте алгандыгында. Бирок мен дагы кайталайм, бул факторлорго карабай эгер биз жеңилсек, кийинки кезекте силер – Борбор Азия мамлекеттери турасыңар”,-деди Кулеба.

Кулеба ошол эле Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Донбасстагы түзүмдөр жөнүндөгү сөзүн кубаттап, бирок анын “Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин колдойм” деп айта албай койгонун сынга алды. “Токаев “А” деп айткандан кийин “Б” деп да айтыш керек эле” деди украиндердин башкы дипломаты.

Орусия Украинага кол салгандан кийин Казакстандын коомчулугунда согушту, агрессияны сындаган маанай күчөгөн. Орус пропагандачылары буга жооп иретинде казак жергесине “кол салуу” тууралуу кыйыта баштаган. Мурдараак бир катар саясий жана медиа активисттер Казакстандын түндүк жана чыгыш аймактары Орусияга карашы керектигин, жерлер СССР учурунда калыс бөлүштүрүлбөй калганын айтып чыгышкан.

Кулеба ушул тууралуу казак журналистинин суроосуна жооп берип жатып, Орусия согуштук жана санкциялык абалдан улам дароо экинчи фронт ача албай турганын, бирок ошентсе да Казакстан куралдуу күчтөрүн бекемдей бериши керектигин айтты. Ал муну үчүн элдин биримдиги жана маанайы да маанилүү экенин белгиледи.

“Экинчи деңгээлдеги санкциялардан абайлагыла”

Санкциялык кырдаал демекчи, Батыш мамлекеттери Орусияга каршы кабыл алган чаралар Борбор Азия мамлекеттеринин экономикасына түздөн-түз да, кыйыр да таасир этип жатат. Улуттук валютанын өйдө-төмөн секириши, чет элдик валюталардын тартыштыгы, товар жеткирүүдөгү логистиканын бузулушу, кымбатчылык Москвада кандай сезилсе, Бишкекте, Нур-Султанда, Ташкентте, Дүйшөмбүдө жана Ашхабадда да ошондой эле сезилди.

Мына ушундай шартта Орусия айрым товарларды Борбор Азия аркылуу ташып жатканы, ал эми орус жарандары бул чөлкөмдөгү мамлекеттер аркылуу башка жакка учуп жатканы айтылып келди. Орусияда эл аралык банктык карталары иштебей калгандан кийин анын жарандары Казакстанда, Кыргызстанда, Өзбекстанда банктык карталарды ачып, ошол аркылуу дүйнө кыдырып жатышканы да белгилүү.

Бул жагдайлардан улам Украина Батыш өлкөлөрүнө кайрылып, Орусиянын өнөктөштөрүнө да санкцияларды салууну суранган.

Министр Дмитрий Кулеба Киев бул идеядан азыр деле кайта электигин борборазиялык журналисттер менен сүйлөшүүсүндө билдирди.

Орусиянын күчтөрү басып алган украин жерлери кызыл түс менен белгиленген. 7-сентябрга карата карта.
Орусиянын күчтөрү басып алган украин жерлери кызыл түс менен белгиленген. 7-сентябрга карата карта.

"Орусия санкциялардан буйтоо үчүн башка өлкөлөрдү, анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрүн пайдаланып жатканы бизге толук белгилүү. Биз Орусия сиздердин мамлекетиңиздерди жөн эле колдонуп кетпеши үчүн, алардын тузагына түшүп калбашыңар үчүн Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен иштеп жатабыз. Анткени Орусия баштаган кылмыштар үчүн салынган санкциялар мындан ары дагы күчөй берет. Ачык айтып коёлу, биз азыр жаңы санкцияларды салуунун үстүндө эле эмес, санкцияларды аттап өтүп кетүүгө да тоскоолдук жасоо үчүн катуу басым жасай баштадык. Байкасаңыздар, керек болсо Орусияга өнөктөш делген Кытайдын белдүү компаниялары да орусиялык компаниялар менен иштешүүдөн баш тартууда. Алар өздөрү санкцияга кабылып калса, көп нерсе жоготуп аларын түшүнүп турушат. Ошондуктан Орусияга санкциялардан буйтоого жардам берем дегендер өздөрү да этиятташы керек жана ага жооп катары кабыл алына турган чаралардын чыгымы чоң болорун билиши керек. Мен азыр эч бир тарапты айыптагым келбейт, бирок мисал катары Кыргызстан жөнүндө айткым келет. Орусиялык журналист Ксения Собчак Парижде орус картасы менен төлөм жүргүзө албай калып, кыргыз картасы менен төлөп чыгып кеткенин айтты. Ушуга окшогон нерселердин баарын билебиз, ким-кимдерге жардам берип жатканын дүйнөлүк финансы институттары менен изилдеп, өнөктөштөр менен талкуулап жатабыз”.

Бир катар чет элдик басылмалар буга чейин быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда эл аралык банктык карталарды берүү 40% чейин өскөнүн жазып, бул орусиялыктардын эсебинен экенин белгилешкен. Бул жөнүндө орусиялык басылмалар өздөрү да маалымдап, ал тургай жарандарына үгүт жасап жиберген жайы бар.

Европа Биримдигиндеги мамлекеттер, АКШ жана башкалар Орусиянын санкциядан буйташына жардам берип жатканы үчүн эскертүүлөрдү берип келет. Сентябрдын башында АКШнын Финансы министрлиги Өзбекстанды, Кыргызстанды, Казакстанды, Тажикстанды жана башка мамлекеттерди Орусия менен Беларуска ташып барууга тыюу салынган товарларды жеткириши ыктымал деген мамлекеттердин тизмесине кошту.

АКШнын Өзбекстандагы элчиси Дэниел Розенблюм бир аз күн мурда өзбекстандык блогердин ютубдагы Alter Ego каналына курган маегинде, бул тизме Орусия менен тыгыз мамиле кылып жаткан өлкөлөрдү камтыганын билдирген:

Дэниел Розенблюм
Дэниел Розенблюм

“Бул нерсе потенциалдуу тобокелдик катары каралып жатат. Бул айыптоо же далил эмес, бул болгону тобокелдик болгону үчүн каралды. Өзбекстандын өкмөтү санкцияларды сактай турганын жана өзбекстандык компаниялар экинчи санкцияларга кабылышын каалабай турганын бизге ачык ырасташты. Алар Өзбекстан санкцияны айланып кетүүчү пункт катары колдонгон өлкө болушун каалашпайт. Өзбек өкмөтү санкциялык режим боюнча биздин эксперттер, биздин Финансы министрлигибиз жана Соода министрлигибиз менен кеңешти. Сыягы алар юридикалык жеке фирмалар, көз карандысыз эксперттер менен да сүйлөштү. Ошондуктан мен Өзбекстандын бийлиги санкциядан качууга көмөктөшпөө идеясын жактайт деп эсептейм”, - деген Кошмо Штаттардын Ташкенттеги элчиси.

Пропаганданын күчү

Министр Дмитрий Кулеба журналисттер менен баарлашуусунда кезинде Украинада да Орусиянын пропагандасы күчтүү болгонун, ага уугуп калган калктын көзү согуш башталгандан кийин гана ачылганын билдирди. Ал мына орус медиасынын Борбор Азия өлкөлөрүндө да ошондой эле таасир этерин билерин, ошол себептүү бул чөлкөмдөгү өлкөлөрдү түшүнүү менен карай турганын кеп кылды.

Украин дипломаты менен жыйынга катышкан өзбекстандык эркин журналист Марина Козлова да башка коңшу мамлекеттер сыяктуу эле өз өлкөсүндө орус пропагандасына сугарылгандар көп экенин ырастады.

Марина Козлова
Марина Козлова

“Мен Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин Украиндагы согушка карата реакциясын өтө терс баалап жатам. Нейтралдуу позицияда турабыз дешкени менен баары бир Орусияга ыктап жатканы түшүнүктүү. Маселен, куралдуу жаңжал башталгандан бери Өзбекстандын президенти Орусиянын президенти менен телефондон канча жолу сүйлөшүп, ошол эле маалда Украинанын президенти менен бир дагы байланышкан жок. Украинанын эгемендик күнү менен да жакшылап куттуктай алышпады. Биздин мамлекеттер Орусияны колдоп жаткандыгы үчүн убактылуу пайда таба берет, бирок түпкүлүгүндө бул туура эмес. Бүтүн дүйнө, цивилизациялык мамлекеттер согушту айыптап жаткан кезде, биз дагы айыпташыбыз керек болчу. Тилекке каршы, бизде, Өзбекстанда дагы пропаганданын күч. Мен жашаган Ташкенттин борборунда да Орусия үчүн, Путин үчүн өлүп бере тургандар арбын”, – деди өзбекстандык журналист.

Казакстанда, Тажикстанда жана Кыргызстанда да пропаганданын күчү чоң. Бул бир чети жөн эле пропаганда эмес, бийлик башындагылардын, элитанын көз карашына да көз каранды.

Кыргызстандык журналист жана активист, жакында эле Украинага барып, ал жактагы журтташтар тууралуу тасма тартып келген Адил Турдукулов “Азаттыкка” берген комментарийинде төмөнкүдөй ойлору менен бөлүштү:

Адил Турдукулов
Адил Турдукулов

“Ошол эле Украина же Балтика өлкөлөрүнө салыштырмалуу саясий муундар алмашкан эмес. Мурдагы партиялык номенклатуралык элита азыркыга чейин отурат. Жаш деген азыркы Гурбангулы Бердымухамедовдун баласы Сердар деле ошондой. Мирзиёев, Токаев коммунисттик партияда иштеп кеткен адамдардын өкүлү. Алар ошол Москвага баш ийгенге көнгөн. Мээсинде дагы, жүрүм-турумунда дагы ошондой адаттарды сактап калган. Бул субъективдүү себеп. Объективдүү себеп катары дале көз карандылыгыбызды атасак болот. Москва аскерий, коопсуздук жактан кепилдик беребиз деген жүйө менен Борбор Азия мамлекеттеринин көз карандылыгын күчөтүп салган. Газ, мунай жана башка энергоресуртарды Орусиядан гана алып, башкалардан алууну, диверсификациялоону ойлонгон эмеспиз. Алар дагы ушуга тоскоолдук кылып келген. Мигранттар дагы Кремль үчүн көзүр катары кызмат кылат. Бирок бара-бара саясий элита, эл, жарандык коом бир гана мамлекетке көз каранды болбой, тышкы саясатта тең салмактуулукту сактап, эң оболу юридикалык коопсуздукту туруктуу жүргүзүүнү түшүнө баштады деген ойдомун”, – деди кыргызстандык активист.

Орусиянын аскерлери 2022-жылдын 24-февралында Украинага басып кирген. Бул аралыкта Киев 9 миңдей жоокерин жоготконун тактады. Орусия мартта 1351 аскери өлгөнүн расмий билдиргенден бери маалыматтарды жаңылай элек. Украиндер орус армиясынын 50 миңден ашык аскери өлгөнүн кабарлап жатышат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG