Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Эңсеткен эгемендиктин куну жана баркы


Эгемендик майрамы белгиленип жаткан Чуңкурчак жайлоосу. Сүрөт: 30-август, 2022-жыл.
Эгемендик майрамы белгиленип жаткан Чуңкурчак жайлоосу. Сүрөт: 30-август, 2022-жыл.

Кыргызстан эгемендигинин 31 жылдыгын дүйнөдө эл аралык аралык абал татаалдашкан, кыйчалыш учурда тосуп алды.

Кыргыз Республикасы канчалык суверендүү жана эгемен мамлекет кура алды? Ал бул чейрек кылымдан ашуун убакытта өлкөнүн чыныгы көз карандысыздыгын көрсөткөн мамлекеттүүлүктүн башкы негиздерин канчалык камсыздады? Кезинде "Борбор Азиядагы демократиянын аралчасы" атыккан бул өлкө кантип ички-тышкы саясатын өз алдынча жүргүзүп, улуттук экономикасын түзүп, башкалар менен алака-катышын түптөп, аймактык бүтүндүгүн коргоп, суверендүүлүктүн башка белгилерин канчалык ишенимдүү сактап келет?

Айрым талдоочулар өлкө эгемендик баасын анчейин аңдабай, постколониалдык таасирден чыга албай келе жатканын белгилешсе, дагы бири мамлекеттин географиялык жайгашуусу жана тарыхый байланыштары анын эгемендигинин азыркы абалын көргөзөрүн сыпаттап келет.

Эгемендикти жарыялоо

СССР деген кубаттуу империянын кулашы анын чек арасында өз алдынча улуттук мамлекеттердин пайда болушун шарттады. Жогорку Кеңеш 1991-жылы 31-августта "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларацияны" кабыл алган.

Дүйнө картасында Кыргыз Республикасы деген жаш мамлекет пайда болуп, ошондо кыргыз элинин эгемен мамлекеттүүлүгүнүн жаңы тарыхы башталды. Декларацияда "Кыргыз Республикасы көз карандысыз, эгемендүү, демократиялык мамлекет" деп жарыяланган. Анын аймагы бүтүн, кол тийгис, бөлүнгүс экени жана анда Кыргызстандын Баш мыйзамы иштей турганы көрсөтүлгөн.

Бул учур кыргыз эли миң жыл мурун жоготкон мамлекеттүүлүгүн кайра калыбына келтирген күн катары соңку жаңы тарыхка кирди. Кокон хандыгы кулаган соң кыргыз жергеси 1876-жылы Орусияга каратылып, 1924-жылы анын курамында Кара-Кыргыз автоном облусу түзүлүп, кийин ал 1936-жылы СССРдин курамындагы союздук республикага айланган.

Тарыхчы, профессор Аскар Беделбаев өз алдынча эгемен мамлекет куруу эмнеден башталганын айтып, анын маанисине токтолду:

"Совет империясынын кыйрашы менен биз чыныгы эркиндикке, эгемендикке ээ болдук. Бул эгемендик биздин ата-бабалардын кылымдар бою көксөп келген эңсөөсү болчу. Өзүбүздүн Конституция, ага ылайык, өзүбүздүн мыйзамдар кабыл алынды. Биздин эгемен мамлекеттин бийлик органдары түзүлдү. Ошол жетишкендиктер менен кошо эле мүчүлүштүктөр, катачылыктар да болду. Анткени жаш мамлекетти куруу оңой эмес эле. Биз ошол кезде дүйнөдө мезгил сыноосунан өткөн демократиялык принциптерди бекем тутунуп, мамлекет куруу идеясын кармандык. Бирок улам бир жагына ооп, ар кимге окшошкубуз келип, кыйла чайпалдык. Бирок азыр чыныгы демократиялык бийлик орнотуу, дүйнөдөгү бардык өлкөлөр менен тең ата мамиле куруу жолу аркылуу гана эгемен мамлекетибизди өнүктүрүп, сактап кала турганыбызды түшүнө тургандай болдук окшойт".

Эгемендиктин негиздерине мамлекеттин аймактык бүтүндүгү, чек арасынын кол тийгистиги, Баш мыйзамы, президент, парламент жана өкмөт сыяктуу башкаруу органдары, таанылган юрисдикциясы, улуттук валютасы, Куралдуу күчтөрү жана башка мамлекеттик башкаруу институттары кирет.

Энчиге тийген эгемендик, эл аралык таануу

Кыргызстандын мамлекеттик көз карандысыздыгын биринчилерден болуп, Түркия, АКШ, кийин Орусия баш болгон калган чет мамлекеттер тааныган. Эл аралык коомчулукта СССРдин курамынан чыккан жаш, эгемен мамлекеттерди таануу башкаларга салыштырмалуу кандайдыр бир дооматсыз, жеңил өткөнүн эл аралык мамилелер боюнча адистер белгилеп келишет.

Анткени БУУнун бардык мүчөлөрү таанымайынча эгемендигин жарыялаган мамлекет эл аралык укуктун толук кандуу катышуучусу боло албайт. Ал эми дүйнөдө ага башкалардын аймактык дооматы, этникалык көйгөйү бар же мамлекеттүүлүгүнүн кво-статусу суроо жараткан өлкөлөрдү эл аралык коомчулук тааныбаган же жарым-жартылай тааныган учурлар аз эмес.


Кыргызстан менен 1995-жылы 31-августка карата эле дүйнөнүн 88 өлкөсү дипломатиялык мамилелерди түзгөн. 1992-жылы алгач АКШ анан Түркия, Кытай жана Орусия сыяктуу мамлекеттер Бишкекте элчиликтерин ачышкан. 1992-жылы 3-мартта Кыргызстан БУУнун мүчөлүгүнө кабыл алынган. Кыргыз Республикасы ЕККУ менен кызматташып, КМШга, ЖККУга, ШКУга, ЕАЭБ жана Түрк мамлекеттеринин биримдиги сыяктуу саясий, аскердик жана экономикалык уюмдарга кирген.

Кыргызстан эгемендиктин алгачы жылдары көп жактуу тышкы саясат жүргүзүү курсун жарыялаганы белгилүү.

"Бир эле жолду караган болбойт"

Саясатчы Курманбек Осмонов эгемендикти бекемдөө үчүн тышкы саясат дүйнөдөгү геосаясий абалга карап жүргүзүлүшү керек дейт:

Курманбек Осмонов, Жогорку соттун мурдагы төрагасы.
Курманбек Осмонов, Жогорку соттун мурдагы төрагасы.

"Эгемендикти сактап, чыңдоонун бирден-бир жолу Кыргызстандын түпкүлүктүү кызыкчылыгын дайыма биринчи планга коюш керек. Кандай гана маселе болбосун, өкмөт биздин мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн, саясий-экономикалык кызыкчылыгын эске алуу менен тышкы саясатты туура жүргүзүшү зарыл. Тигил же бул маселени чечүүнүн альтернативдүү жолдору толтура. Анан кандай кыйчалыш учур болсо дагы ошонун бирөөнү эле "ушул гана туура, мындан башка жол жок" деп туруп алган болбойт. Мындай саясат дүйнөдөгү жана чөлкөмдөгү геосаясий абалга жараша жүргүзүлүшү кажет. Кыргызстан ошол эле кезде башка шериктеш мамлекеттер менен болгон эки жактуу жана көп тараптуу келишимдердин шарттарын сактап, биздин кызыкчылыкка доо кетпегендей шартта иш алып барганы туура. Анткени, бир эле мамлекет чече албай турган маселелер болот. Себеби биз жалпы экономикалык, чарбалык маселелерден кете албайбыз".

Кыргыз бийлигине сөөмөй кезеген ГКЧП, үн катпаган кошуналар

Ошентип, эгемен кыргыз мамлекетинин пайдубалын куруу башталып, президенттин алгачкы жарлыктары менен Москвадагы путчту колдогон КГБ жоюлуп, 1991-жылы 20-октябрда Улуттук коопсуздук комитети негизделген. Анан эгемен мамлекетте биринчи жолу президентке түз баш ийген Улуттук гвардия уюшулган.

Буга 1991-жылы 19-августта СССРди сактап калууга багытталган тарыхта путч же "ГКЧПнын төңкөрүшү" деген ат менен калган Москвадагы орчундуу саясий окуя себеп болгон.

Анда ГКЧПга Кыргызстандын ошол кездеги жетекчилиги каршы чыгып, Москвадагы кутумчулар тобу жана ага баш ийген күчтөр төңкөрүштү айыптаган кыргыз бийлигине коркунуч жаратканы белгилүү. Бул төңкөрүшкө Орусиянын ошол кездеги жетекчиси Б. Ельцин баш болгон демократиялык күчтөр каршы туруп, туруштук берген үчүн оңунан чыкпай калган.

Эгерде Москвада СССРди сактап калууну көздөгөн ГКЧП кыймылы жеңсе, анда ошол кезде эгемендик жолуна түшкөн республиканын жана анын жетекчилигинин тагдыры эмне болору түшүнүктүү эле.

Жогорку Кеңештин ошондогу төрагасы Медеткан Шеримкулов башка союздук республикалардан айырмаланып, чечкиндүү чечим кабыл алууга туура келген учурду эстеди:

Медеткан Шеримкулов, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы.
Медеткан Шеримкулов, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы.

"19-августта түшкү саат 12:00дө ошол кездеги президент А.Акаевдин иш бөлмөсүндө 6-7 киши чогулуп, Москвада болуп жаткан окуяларды талкууладык. Биз анда жүрүп жаткан кыймылга, андагы аракеттерге карата "кандай мамиледе болушубуз керек" деген суроону койдук. Акаевдин кыскача билдирүүсү бар экен. Анысы менен чыкты. Мен болсо өзүмдүн иш бөлмөмө келип, кайрылуу жасадым. Анда биз "Москвадагы болуп жаткан аракеттерди Конституцияга каршы келген мамлекеттик төңкөрүш" деп эсептей турганыбызды белгиледик. Андан кийин эле эртеси дагы сөз болуп калды. "Сиз бул билдирүү менен абдан шашылып жатасыз, мындай болбойт, андай-мындай" деген мазмунда менин дарегиме коркутуулар болгон".


Кыргызстан көз карандысыздыгын жарыялаган соң, анын коопсуздугун, конституциялык түзүлүшүн жана экономикалык кызыкчылыгын коргогон мамлекеттик органдар түптөлө баштаган. Мурда Москвага түз же кыйыр баш ийген министрликтер жаңы өкмөткө карап, кыргыз мамлекетинин экономикалык кызыкчылыгын коргоо үчүн Мамлекеттик бажы инспекциясы негизделген. Ошентип, мамлекеттин саясий-укуктук түзүмү калыптана баштаган.

Экономикасы эңшерилген саясий эгемендик

Президенттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев өлкөнүн саясий эгемендиги калыптанганын, бирок экономикалык көз карандысыздыкты камсыздоодо маселе бар экенин белгиледи:

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

"Биздин Конституцияга ылайык, башкаруу тутумубуз, саясий-укуктук түзүлүшүбүз эч кимге көз каранды болбошу керек. Бул нерсе, Кудай буюрса, толук ишке ашты. Биз саясий-укуктук жактан толук кандуу эгемен мамлекет болдук. Биздин бийликтин туткасы - эл. Эл кааласа бийликти алмаштырып коюп жатат. Салыштырмалуу эркин жана ачык шайлоолор өтүүдө. Ким менен кандай карым-катнаш кылып, ким менен дипломатиялык мамиле түзүп, каякка кошулганды же кошулбаганды өзүбүз чечип келе жатабыз. Бирок экинчи абдан маанилүү фактор. Биз ушул кезге чейин өзүбүздү өзүбүз зарыл товарлар менен камсыздап, экономикалык эгемендигибизди камсыздай албай келе жатабыз".

Эгемендиктин коргоочу армиянын абалы

Жаңы негизделген Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет 1991-жылдын аягына чейин республиканын аймагындагы советтик армиянын бөлүктөрүн өзүнө өткөрүп алган. Бирок мурда Орто Азия аскер округуна таандык аскер техникасы кайсы республикада болсо, жеринде калат деген макулдашууга карабай, Орусия Канттагы базадан аскер учактары менен тик учактарды Барнаулга учуруп кеткени кийин белгилүү болгон. Кийин Коргоо министрлиги түзүлүп, ага жөө аскерлер, мото аткычтар, абадан коргоо бөлүктөрү кирип, Улуттук гвардия, Чек ара кызматы өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн толуктаган. Кыргызстан 1999-жылы мамлекеттик чек арасын кайтарууну толук өзүнө өткөрүп алган.


Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү 1999-2000-жылдары Баткенге эл аралык бандалык топ эки ирет басып киргенде, жоочулардын мизин оор жоготуулар менен кайтарган. Кыргыз тарап расмий сандар боюнча 54 аскеринен ажырап, 84 киши жаракат алып, жоочулардан 64ү жок кылынган.

2010-жылы Июнь коогасында, 2021-жылы 29-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта оор сыноолорго дуушар болду.

Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков соңку мезгилдеги мамлекеттин коргонуу саясатын сынга алды:

Исмаил Исаков.
Исмаил Исаков.

"Ушул өксүктөрдүн бардыгы чогулуп келип, биздин коопсуздукка жана коргонууга абдан чоң кесепетин тийгизип келет. Былтыр жаздагы окуя муну даана көргөздү. Биз бардыгыбыз андан сабак алышыбыз керек болчу. Күпүлдөп машыгуу өткөрүп алып, анан тигил жактан кирип келгенде эмне болду? 36 жаран көз жумду, канчалаган үй-жай өрттөндү. Канчалаган адамдар үй-жайын, мал-мүлкүн таштап, конуштарынан бир нече күнгө качып кетишти. Биздин куралдуу күчтөр ошого такаат берип, жооп бере алдыбы? Ал эми куралдуу күчтөрдү жетектеген кишилер ага мыйзамдын талабы боюнча чара көрүүгө тийиш болчу. Чара көрүп, коргой алышкан жок. Биздин Баш мыйзамда "Кыргызстандын аймагы бүтүн жана кол тийгис" деп турат. Бирок ошого кол тийгизгендер чин алып жатышпайбы. Ушундай саясат болуп жатса, анан биз кантип мамлекеттин коопсуздугун коргой турган иш-чара жүргүзө алабыз? Мындай окуялар эми кайталанбасын. Бирок аны болтурбай, алдын алуу үчүн мамлекет ар тараптан даяр болушу керек".


2021-жылдын жазындагы чек арада болгон куралдуу жаңжалдан соң кыргыз бийлиги аскердик чыгымдарын көбөйтүп, жаңы курал-жарак, аскер техникасын сатып алып, аскер кубаттуулугун арттыра баштаган. 2021-жылы жайында жана 2022-жылдын республикалык бюджетин кабыл алууда коопсуздукка, коргонууга жана күч түзүмдөрүн чыңдоого кошумча акча каражаты каралганы парламентте айтылып, бирок анын өлчөмү жашыруун сыр катары сакталган.

Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев эгемендикти, аймактык бүтүндүктү коргоо үчүн аскердик кубаттуулукту чыңдоо маанилүү деген ою менен бөлүштү:

"Эгемендикти коргоонун аскердик жагы да абдан маанилүү. Ошондуктан биз армияны күчтөндүрүп, коопсуздук тутумун чыңдоо боюнча бир топ алгылыктуу иш-аракеттер болуп жатат. Эгемендикти жана эркиндикти биз коргой ала тургандай деңгээлге жетишибиз абзел. Азыркы 21-кылымда деле ар бир мамлекет өзүнүн эгемендигин коргоого даяр болушу керек экен. Ошондой эле биз кимдер менен бирге болобуз, кандай союзда болобуз деген маселе дагы маанилүү".

Ошондон бери мамлекеттин институттары түзүлүп, эгемендиктин негизи болгон баштапкы пайдубалы түптөлсө дагы айрым эксперттик чөйрөдө Кыргызстанды "Квази мамлекет", саясий-экономикалык көз карандысыздык боюнча калыптана элек өлкө катары карагандар бар. Кыргызстан Борбор Азияда биринчилерден болуп Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирген. Мунун натыйжасында дүйнөлүк соодада импорттук-экспорттук товарларга жеңилдик алган. Ошондой эле Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта кору, Азия өнүктүрүү банкы сыяктуу эл аралык донорлор менен кызматташып, жеңилдетилген шартта насыялар менен гранттарды алган.


Публицист Мүсүркул Кабылбеков кыргыз мамлекетин эл аралык коомчулук тааныганын эске салып, анын суверендүүлүгүнөн күмөн саноого негиз жок экенин айтты:

Мүсүркул Кабылбеков, публицист, коомдук ишмер.
Мүсүркул Кабылбеков, публицист, коомдук ишмер.

“Эмне гана деп айтышпасын, Кыргызстан эл аралык деңгээлде таанылган, бардык эл аралык уюмдарда өзүнүн орду бар, эгемен, суверендүү мамлекет. Башкысы - биздин өлкөбүз, желегибиз, эгемендигибиз жана суверендүү аймагыбыз бар. Бизди “жасалма мамлекет” дегендердин айтканы болбогон сөз. Биз андай курулай нерселерге алдырбашыбыз абзел. Бул жерде бир маселе - эгемендигибизди мындан ары кантип сактайбыз деген суроо турат".

Империянын изи: өнүктүрө койбогон өксүк

Анткен менен Кыргызстан эгемен саясат эмес, ээрчиме саясат менен алпурушуп, 30 жылдан бери ордунан жылып, өнүгө албай келе жатат деп айткандар да арбын. Анан калса ЕАЭБ сыяктуу геосаясий долбоорлор аркылуу анын буту-колу тушалып, эл аралык деңгээлдеги дипломатиясы аксап, көп тараптуу тышкы саясаттан кайтып, бир багытка гана карап калганын сындагандар бар.

Медиа эксперт Жалил Сапаров эгемендиктин баа-баркын билбеген көрүнүш үстөмдүк кылып жатат деп эсептегендердин бири:

Жалил Сапаров.
Жалил Сапаров.

"СССР эбак кыйраса деле, анын мураскору Орусиянын таасиринен чыга албай жатканыбыз өкүнүчтүү. Биз азыр бардык жагынан көз каранды болуп, дагы деле ошол жакты карап, кылчактап турабыз. Өз алдыбызча ой жүгүртө албай, өз алдыбызча чарбабызды уюштуруп, эркин тышкы сооданы жүргүзө албай келе жатабыз. Багыттарыбызды аныктап, ишенимдүү кадам таштай албай жаткандыктан, бир топ жылдан бери алгылыктуу өнүгүү жок. Мунун себептери бар. Себеби биздин өз алдынча ойлоно алган, улуттун угуту болгон элитаны кырып жок кылышкан. Биздин элдин аң-сезимин басмырлап, биротоло жерпайына жеткирип таштагандын кесепети. Биз эгемендиктин баа-баркын билмек тургай, эгемен ой-чабыт кыла албай турабыз. Мындан качан жана кантип чыгабыз, азырынча белгисиз".


Жогорку Кеңеш 1992-жылы 3-мартта Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун, ал эми ошол эле жылы 18-декабрда жаңы Мамлекеттик гимнди кабыл алган. Атрибуттарды аныктоо 1994-жылы 14-январда мамлекеттик гербди бекитүү менен аяктаган.

Эгемен Кыргызстандагы эң маанилүү окуя 1993-жылы 5-майда Жогорку Кеңеш жаңы Баш мыйзамды кабыл алганы болду. Ага ылайык, өлкө Кыргыз Республикасы деп аталып, мамлекет башчысы президент, ал эми жогорку мыйзам чыгаруу органы - Жогорку Кеңеш болуп калды. Кыргызстан эгемендигин чыңдоого киришип, чечкиндүү саясий жана экономикалык реформаларга барган. Бирок эгемен Кыргызстандын өнүгүү жолу татаал болду. Өлкөдөгү олку-солкулук, жумушсуздук, адилетсиз башкаруу жана чырмалышкан коррупция бийликке каршы нааразылыкты күчөтүп турду. 2005-2010-2020-жылдагы элдик толкундоолор бийликти күч менен алмаштырууга алып келди. Ошол эле кезде коомчулукта ыңкылап же төңкөрүш деген аталыштар менен белгилүү Кыргызстандагы ал окуяларга тышкы күчтөр таасир эткенин сөз кылгандар да арбын.

Кайраштырган "кара күч"

"Эркин Эл" саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков бир саясий топту экинчисине каршы коюп, кыргыз элитасын калчап, бөлүп-жарган тышкы оюнчулар тууралуу ой калчады:

Мавлян Аскарбеков.
Мавлян Аскарбеков.

"Башка чоң мамлекеттер ар кайсы учурда биздин чоңдорду, биздин саясий элитаны бири-бирине кайраштырып, бири-бирине каршы колдонуп, биздин мамлекеттин кызыкчылыгына каршы жасаган аракеттерин биз жакшы билебиз. Сөзүм куру болбошу үчүн мисал келтирсем, 2020-жылы абактан качырылган экс-премьер-министр Сапар Исаков кайсы өлкөдө кимдин көзөмөлүндө жана кайтаруусунда жүргөнү дагы белгилүү. Аны кайсы бир чоң иш-аракеттерге даярдап жатышат деген сөздөр эмнеге жүрүп жатат? Биз ушуга окшогон кийлигишүүлөргө жол бербей, эгемендигибизди сакташыбыз зарыл".

Кыргызстандагы абал анын жумушка жарамдуу калктын көпчүлүк бөлүгүн Орусияга, Казакстанга жана башка чет өлкөлөргө миграцияга кетишин шарттады. Географиялык туюкта турган өлкөнүн данга, күйүүчү-майлоочу майга Орусиядан көз карандылыгы анын саясий эркин мокотуп, ЕАЭБ уюмуна кирүүгө мажбурлады.

Кыргызстандын кебелбес өнөктөштөрү

Анткен менен саясатчы, Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев өлкөнүн толук эгемендигин камсыздап, өнүгүүсүнө жол ача турган эки нерсеге өзгөчө басым жасаган жайы бар:

"Кыргызстандын эки гана өнөктөшү бар. Алар - биздин тоолор жана биздин эркиндикти сүйгөн эгемен элибиздин мүнөзү. Биз кантип өнүгөбүз? Биз башкаларда жок сапатыбыз - өзгөчө мүнөзүбүз бар болгондуктан башкача коом түзө алдык. Бул - эркин коом. Аны андан ары өнүктүрүү - биздин жаркын келечек. Экинчиси, тоолор бизди курчап турат. Тоолор - таза суунун булагы. Тоолор аркылуу Батыш менен Чыгышты бириктирген жолдун тоому өтөт. Бул - Евразия континентинин дарбазасы. Бул абдан чоң геосаясий ресурс. Аба жолдору, кара жолдор, темир жолдор, анан эң негизгиси интернет магистралдары биз аркылуу өткөндөй болсо, ошону камсыздай алсак, анда бизде сөзсүз өнүгүү болот".


Кыска убакытта мамлекеттик эгемендиктин атрибуттары, жаңы демократиялык нуктагы Конституция кабыл алынып, өлкө өзүнүн алтын запасына ээ болгон. Кыргыз Республикасы КМШда биринчи болуп улуттук валюта - сомду кабыл алганы белгилүү.

Жаңы Баш мыйзам боюнча Кыргыз Республикасы демократиялык, унитардык, укуктук мамлекет деп таанылган. Конституция эгемендик жылдары бир нече ирет өзгөрүүгө дуушар болуп, башкаруу формасы дагы алмашкан.

Кыргызстан эгемендиктин алгачкы жылдары советтик пландоо экономикасынан эркин базар экономикасына өтүүнү көздөп, менчиктештирүү жараянын баштап, жер реформасын жүргүзгөн. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча Кыргызстандын калкынын саны 2022-жылдын 1-июлуна карата 6,8 млн. адамды түздү.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG