Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

Украина менен Кыргызстандын эгемендиги – киндиктеш


Бишкектеги Орусиянын элчилигинин алдында Украинага каршы согушту токтотуу талабы менен чыккан жарандык коомдун өкүлдөрү. 25-февраль, 2022-жыл.
Бишкектеги Орусиянын элчилигинин алдында Украинага каршы согушту токтотуу талабы менен чыккан жарандык коомдун өкүлдөрү. 25-февраль, 2022-жыл.

Кыргызстандагы коомчулук Украинанын өз эгемендигин жана бүтүндүгүн сактап калуу үчүн жүргүзүп жаткан адилет согушун колдоого алууда. Айрым кремлчил көз карашты туткандар – тарыхтын саясий сабактары жаатында өздөрүнүн түркөйлүгүн айгинелеп жатат. Тарыхчынын блогу.

Тилдер – жалпы адамзат байлыгы

“1918-жылы украиндерге мамлекет белек кылып берген – Владимир Ленин болгон” имиш. Бул ойду Орусиядагы жөн салды киши эмес, узак жылдар бою Кремлге кожоюндук кылып жаткан президент Владимир Путин айтканы өзгөчө таң каларлык болду.

Бул сүйлөмдүн артында “мурда украин деген өзгөчө улут да жок болчу, аны жок жерден лениндик улут саясаты эле пайда кылып салды”, – деген кекээр маани жатарын бөркүңүздөй көрүңүз.

Ошол жолой менен империячыл ойду андан ары тереңдетсек, казак, өзбек, беларус деген деле өзүнчө улут болгон эмес, алардын мамлекеттери кайрадан Улуу Орусия мамлекетине жуурулушуусу керек, анткени Лениндин 1917–22-жылдардагы чоң катачылыгын оңдоо зарыл деген тыянак да кылтыйып жашырынып турат.

Кремлдин түздөн-түз колдоосу астында Чеченстанда өкүм сүрүп жаткан авторитардык режимди Чечен Жумуриятынын Башчысы (Нохчийн Республикин Куьйгалхо) Рамзан Кадыров жетектөөдө. Эгерде ага да Путин “силердин элиңер 1918-жылдан кийин эле пайда болгон” дечү болсо, анда чечен илимпоздору “нах тилдериндеги элдер” анын ичинде жалпысынан “вайнах” деп аталып койгон чечен жана ингуш элдери Түндүк Кавказдагы байыркы элдердин урпактарынан экенин саймедирлеп айтып, каяша кылышмак.

Ал эми "1918-жылдан кийин гана Украина мамлекети негизделген" деген жарамсыз түшүнүк Беларустагы түпкү элдин да намысына тийери түшүнүктүү.

Чыгыш славян элдери катары жалпы аталган менен, беларус жана украин элдеринин тилдери орус тилинен кескин айырмаланып тургандыгын бул тилдердеги тексттер эле тастыктап турат.

Салыштыра кетсек, түрк тилдериндеги алтай, башкыр, карачай, кумук, каракалпак, казак, кыргыз, ногой, татар, шор ж.б. тилдер бири-бирине өзгөчө жакын, бирок бул тилдерде сүйлөгөн элдердин ар биринин айырмалуу этностук тарыхы бар.

Чыгыш славян тилдеринин арасында мамлекети жок элдин – русиндердин тили айырмалуу. Аларды айрым украин тилчилери украин тилинин эле диалекти катары карашса да, бул тилде сүйлөгөндөр өздөрүн орто кылымдардан бери эле айырмалуу улут катары санашат.

Салыштырып айта кетсек, негизинен Тажикстанда, Ооганстанда байырлаган лакай этносунун тилин айрым өзбек түркологдору өзбек тилинин диалекти катары санашат. Ал эми лакайлардын өздөрү (маселен, профессор Насриддин Назаров) бул тилди борбордук азиялык кыпчактардын бир бүртүгү – өз алдынча лакай эли катары санашып, ал түгүл ушул тилде чыгармаларын жарыялап келет.

Лакай текстин салыштырып карасак, чынында да, өзбек адабий тилинен айырмаланып, кыпчак, каракалпак жана кыргыз тилдерине жакын келет.

Азыркы тапта ЮНЕСКО күнү бүгүнкүгө чейин сакталып жаткан ар бир тилди адамзаттын баа жеткис байлыгы катары санап, аларды сактап калуу ураанын чакырууда. Ушуга кошумчаласак, ар бир элдин өзүнүн эзелтеден өнүгүп келе жаткан этностук-маданий тарыхы да бар. Бул элдердин айрымдары көп этностуу мамлекеттерде жашап, эч качан автономияга же өз алдынча мамлекетке ээ болушкан эмес, айрымдары убактылуу автономияларга ээ болушкан, айрымдары тарыхый удул келгенде, өз алдынча мамлекет курууга жетишкен.

Соңку 200 жылдын же 100 жылдын алкагындагы эле тарыхты өз мамлекетинин кызыкчылыгында бычып караган империячыл саясатчылар тарыхты терең үңүлүп карашчу болсо, анда алардын өз эли (маселен, орус эли) бир кездери айрым азыр аз сандуу болуп калган этностордун бабалары негиздеген мамлекеттердин кол астында болгонун үйрөнө алат.

Миң жылдан кийин Орусия азыркы дал ушул кеңирсиген саясий картанын алкагында кала берет деп эч ким кепилдик бере албайт. Бирок адамзат цивилизациясы туура багытта өнүкчү болсо, анда орус, украин, беларус, русин калктары деле азыркы аларга тарыхый коңшу болгон түрк тилдүү жана башка элдер менен бир катарда этнос катары сакталып, өнүгө беришмекчи.

Эгемендик – башкы таберик

Айрым кыргыз саясатчылары ээлигип кетип “дээрлик 170 жылдан бери Орусия менен коюн-колтук алышып жашап келе жатабыз” деп жазып, атүгүл бир кезде СССРде саясий-партиялык төбөлдүк (номенклатуралык) жыргалчылыкта жашап жүргөндөрдүн кээ бир урпактары “кайрадан СССРге баш кошолу”, “Орусияга эле кошулуп алалычы” дегендей сөздөрдү айта калып жүрөт. Алар Баш мыйзамга каршы ушул чыккынчылык сөздөрдү атайын тапшырык менен айтып жатышабы деген ой да көңүлгө кылт этпей койбойт экен.

Алар көөнө доорлордон бери кыргыз улутунун өз алынча мамлекети болуп келгендиги жөнүндө эч кабарсыздай сезилет. Алар “Манас” эпосунун башкы маңызы – кыргыз элинин биримдигин жана мамлекетинин эгемендигин сактоо урааны экенин аңдабагандай туюлат.

Евразиядагы ар бир көөнө жана азыркы мамлекет – көп этностуу болгон. Улуу Түрк каганаты да, Энесайдагы Улуу Кыргыз каганаты да, Карахандар каганаты да, Киевдик Рус да, орто кылымдардагы Алтын Ордо, Тимурдун мамлекети, Моголстан, Улуу Могол дөөлөтү жана башка көптөгөн мамлекеттер да көп этностуу болгон.

Анан ошол мамлекеттердин этностору Лениндик декрет менен 1918-жылы эле саясий картага түшүп калышкан жок да.

Мурда жарыяланган бир макаламдагы негизги ойду кайталасам, эгерде 1917–1922-жылдары Владимир Ленин мурдагы падышалык Орусиянын курамындагы далай улуттардын айдыңдарын өзүнө тартып, "кеңири автономия берем" деп убада кылбаган болсо, анда Советтик Орусия мамлекети 1922-жылы декабрда СССРди түзүүнү мындай коёлу, 1918-жылы эле бир нече чакан мамлекеттерге бытырап кетмек (1918-жылы Орусиядан эгемендикке толук жетишкен Финляндияны эске алалык).

Демек, азыркы орусиялык шовинисттер ири империяны "советтик көп этностуу федерациялык мазмун менен сактап калган" деп Лениндин этегине намаз окуп, аны алкоосу гана керек.

Кайраттуу, күжүрмөн башкыр армиясын автономия камсыз кылабыз деп өзүнө тартып, Владимир Ленин бул армияны Уралдагы ак гвардиячылардын кубаттуу күчүнүн мизин кайтарууда ийкемдүү колдонгон. Кийинчерээк башкырлар украин менен беларустарга салыштырмалуу чаканыраак гана укуктары бар автономияга ээ болуп калышты. Бирок поюз алдыга кетти – Советтик Орусия бутуна турууга жетишти.

Түркстанда да демократиялуу Түркстан автономиясын 1918-жылдын башында канга боёгон соң, жергиликтүү элди жоошутуу үчүн болшевиктер алгач Түркстан советтик автономиялуу республикасын негиздешти, 1920-жылдары гана анын ордуна жаңы улуттук автономиялар түзүлдү.

Ферганалык кыпчактардын ири айдыңдарынын арасында көпчүлүгү басмачылык кыймылды колдошуп, Совет бийлигинин жергиликтүү өкүлчүлүгүн түптөөдө алардын чыгаандары катышпай калгандыктанбы, алар чөлкөмдө эч бир жерде бери дегенде маданий автономиялык макамга да ээ болушкан эмес.

(Шибердеги Тоолуу Шорияда 1938-жылга чейин маданий автономия жашап турган; бул аймак ГУЛАГдын негизги түрмө жайларынын бирине айланган соң, шорлордун сандык катышы кескин азайган соң, Иосиф Сталин өзү шорлордун маданий автономиясын шорлордон сурап отурбастан жоюп салган).

Айрымдар "кыргыздарга советтик автономияны Ленин өзү алтын түстүү кагазга ороп белек кылды" деп жүрүшөт. Бул автономияны кыргыз айдыңдарынын талабы жана ырааттуу саясий күрөшү менен гана Совет өкмөтү берүүгө аргасыз болгону менен алардын эч иши жок.

Бир жагынан, таптакыр эгемен мамлекет түзөбүз деп басмачылык кыймылы ырааттуу күрөш жүргүзсө, экинчи жагынан, советтик башкаруу иштерине аралашкан кыргыз айдыңдары (алардын арасында мурдагы алашчылар, Түркстан автономиясын колдоочулар да бар) ошол кездеги Кремл менен улам жаңы соодалашуу жүргүзүп, өз талаптарын чукул өзгөргөн кырдаалдарга ылайык жаңыртып турушкан.

Бала ыйлабаса, эмчек жок, дегендей кеп болгон.

Буга мисал: 1922-жылдагы советтик Тоолуу автономия, 1924-жылдагы РСФСРдеги Кара Кыргыз автоном облусу (ал 1925-жылы Кыргыз автоном облусу болуп калды), 1926–1936-жылдардагы РСФСРдин курамындагы Кыргыз АССРи, 1936–1990-жылдардагы Орусияга теңата союздук жумурият болгон Кыргыз ССРи, 1990–жылдын декабрынан 1991-жылдын 31-августуна чейинки СССРдин курамындагы Кыргыз Республикасы (орусча аталышы Республика Кыргызстан), анан 1991-жылдын 31-августунан тартып – эгемен Кыргыз Республикасы (орусча Кыргызская Республика).

Бул түзүлүштөр тууралуу чечимдер дапдаяр белек катары жогортодон түшүрүлгөн жок, ырааттуу айдыңдык күрөштүн негизинде жүзөгө ашты. Советтик алкактагы кыргыз мамлекеттүүлүгү үчүн күрөшкөндөрдүн бир катар чыгаандары 1920–30-жылдары аёосуз репрессияланды.

1920-жылы эгемен Бухара эмирлигин кыйратып, большевиктердин тилине көнүп, Бухара Элдик советтик республикасын түзүп алган аймак төрт гана жыл жашап, биротоло жоюлган учур да тарыхта калды.

Түштүк Шибердеги эгемен Тыва Элдик демократиялык жумурияты 1944-жылы жашоосун токтотту да, Орусиянын автономиясына айланды.

Украинада да 1917–18-жылдардан кийин дал ушундай эле советтик жана советтик эмес украин мамлекеттүүлүгү үчүн ич ара күрөш жүрдү.

1917-жылдын декабрынан 1918-жылдын апрелине чейин Советтердин Украина элдик республикасы (Украинская Народная Республика Советов) деген түзүлүш убактылуу жашап турган.

Андан тышкары да Украина Элдик республикасы (Українська Народна Республіка; 1917–1920) түзүлгөн. Демек, айрым украиндер таптакыр эле Орусияга баш ийбеген эгемен мамлекет курабыз деп күрөшкөн. Алардын ырааттуу күрөшүнүн тарыхы тууралуу Путин мырза кабарсыз калгандыгы өкүнүчтүү.

Ушундай кырдаалда толук эгемендикти жактагандардан башка украиндерди өзүнө тартуу үчүн Владимир Лениндин өкмөтү 1922-жылы СССР расмий жарыяланып жатканда, Украина ССРин РСФСР менен теңата СССРдеги федерациялык мүчө катары жарыялоого аргасыз болгон.

Ал эми 1920-жылы ноябрда Украина Элдик республикасы жоюлду деген менен, анын чет өлкөгө чыгып кетип, өзүн “бозгундагы өкмөт” деп жарыялап алган лидерлери 1992-жылы гана (СССР толук ойрон болгондон кийинки жылы) бул бозгундагы өкмөт жоюлду деп расмий жарыялашкан.

Украиндер да эгемендик үчүн ырааттуу күрөшкөндүгүн биз, ошентип, алардын бай тарыхын калыс изилдөө аркылуу билебиз.

Азыркы украиндер үчүн дагы азыркы башкы таберик – Украинанын эгемендиги жана аймактык бүтүндүгү.

Кыргыз мамлекетинин эгемендигин мындан ары сактап калуу үчүн күрөш зарылчылыгы – бүгүнкү демократиялуу Украинанын эгемендигине ырааттуу тилектештик билдирүү жана алардын аймактык бүтүндүк жана боштондук үчүн күрөшүнө чыныгы колдоо көрсөтүү менен өтө тыгыз байланыштуу.

Эгерде азыркы расмий Бишкек баскынчыл Кремлдин идеологиялык укуругуна илинип, анын баскынчыл саясатчына жетеленип кетчү болсо, анда мындай өксүк дипломатиялык турум акыры кыргыз элинин эгеменчил саясий сынына кабылары шексиз.

Ред.: Автордун көз карашы “Азаттыктын” редакциялык туруму катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG