Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Орусияда согушка каршы акцияга чыккандар кармалды


Москвада Орусиянын Украинага жасаган чабуулуна каршы акция учурунда полиция демонстранттарды кармады, Бейшемби, 24-февраль, 2022-жыл.
Москвада Орусиянын Украинага жасаган чабуулуна каршы акция учурунда полиция демонстранттарды кармады, Бейшемби, 24-февраль, 2022-жыл.

Орусиянын бир катар шаарларында Кремлдин Украинага кол салуусуна каршы көчөгө чыккан 1820 киши кармалды.

Орусиянын 58 шаарында cогушка каршы акцияларга карапайым эл, жаштар, жарандык активисттер жана укук коргоочулар катышты. Президент Путин анын планына тоскоол болгондор жазаланарын эскертти. Бул маалыматты Орусиядагы "ОВД-Инфо" укук коргоо долбоору билдирди.

Орусиянын Куралдуу күчтөрү 24-февралда таңга жуук Украинанын мамлекеттик чек арасын бузуп өтүп, бир нече багыттан ири масштабдагы чабуулду баштады.

Согушка каршы тынчтык акциялары

"ОВД-Инфо" укук коргоо долбоорунун маалыматы боюнча Орусиянын кошуна өлкөгө кол салуусуна карата Москвада, Санкт-Петербургда, Екатеринбургда, Саратовдо, Нижний Новгороддо жана Сыктывкар сыяктуу бир катар шаарларда адамдар көчөгө чыгып, согушка каршы жарандык акциялар башталды.

Чогулгандар "Согушка жол жок!", "Фашизм токто!" деген сыяктуу ураандар менен чыгышты.

Ошол эле күнү бир канча убакыт өтпөй, полиция менен ОМОН согушка каршы туруп, тынчтыкты талап кылып чыккандарды кармай баштады. Укук коргоочулардын айтымында, Москванын өзүндө эле 1002 адам кармалып, камакка алынганы белгилүү болду. Ал эми Санкт-Петербургда 440, Екатеринбургда 39, Саратовдо 28, Нижний Новгороддо 23 адам кармалган. Жалпысынан Орусиянын 58 шаарындагы согушка каршы көчө жүрүштөрүнө чыккан 1820 киши кармалганын "ОВД-Инфо" укук коргоо долбоору билдирди.

"Бул согушту актоого болбойт"

Орусиядагы ондогон көрүнүктүү инсандар – саясатчылар, искусствонун, маданияттын жана кинонун ишмерлери тынчтыкка чакырган кайрылууларды жасашууда.

Лев Шлосберг.
Лев Шлосберг.

"Бул согушту баштоого Украинанын эркиндигин жырткычтык менен жок кылуудан жана ага империялык бийликти кайрып келүүдөн башка негиз да, себеп да жок. Бул согуш - баскынчылык, варвардык жана оккупациялык согуш. Бул согушка эч бир актоо жок. Бул согуш көп адамдын өмүрүн алат. Өзөктүк согушка айланып, айланадагы тирүү жандын баарын кырышы мүмкүн. Бул согуш бүткүл дүйнө, анын ичинде Орусия үчүн дагы кайгы-касырет. Бул согуш ар бир үйгө келет. Бул согуш Орусияны талкалайт. Бул согушту баштагандарга каргыш. Согушту токтото албаган, Путинди токтото албаган орус коомунун атынан украин элинен кечирим сурайм. Бирок муну кечирүү мүмкүн эмес экенин түшүнөм. Мен орус жарандарын согушка каршы тынч жол менен зомбулуксуз жарандык каршылык көрсөтүүгө чакырам", - деди "Яблоко" партиясынын лидерлеринин бири Лев Шлосберг.

Орусиянын Тергөө комитети мурдараак "тышкы саясий кырдаалдын курчушуна байланыштуу" уруксат берилбеген иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жоопкерчилик караларын эскерткен. 24-февралга караган түнү Владимир Путин Донбасста "атайын аскердик операция" башталганын жарыялады. Бирок ошол замат орус аскерлери Украинанын беш аймагынан кирип кол салды.

Путиндин катаал эскертүүсү

Владимир Путин анын бул пландарына тоскоол жасагандарга катуу эскертүү жасады:

Владимир Путин, Орусиянын президенти.
Владимир Путин, Орусиянын президенти.

"Мен силерди дароо куралыңарды таштап, үйүңөргө кетүүгө чакырам. Азыр эми болуп жаткан окуяларга сырттан кийлигишүүгө азгырылгандарга айтаар бир нече маанилүү сөз. Кимде-ким бизге тоскоолдук кылса, ал тургай биздин өлкөгө, элге коркунуч жаратса, Орусиядан дароо жооп болорун жана бул нерсе силер тарыхта эч качан көрбөгөн кесепеттерге алып келерин билиши керек. Биз окуялардын ар кандай өнүгүшүнө даярбыз", - деди Путин.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бүткүл өлкөдө аскердик абал жарыялап, жалпыга милдеттүү аскерге чакыруу башталды. Украина аба мейкиндигин жаап, Орусия менен бардык дипломатиялык мамилесин үздү.

Муратов: Украина бизге душман эмес

Орусиядагы "Новая газета" басылмасынын баш редактору, Нобел тынчтык сыйлыгынын ээси Дмитрий Муратов орусиялыктарга жана дүйнөлүк коомчулукка кайрылды:

Дмитрий Муратов, Нобел тынчтык сыйлыгынын ээси, "Новая газета" басылмасынын баш редактору.
Дмитрий Муратов, Нобел тынчтык сыйлыгынын ээси, "Новая газета" басылмасынын баш редактору.

"Биздин өлкө президент Путиндин буйругу менен Украинага согуш ачты. Согушту токтотор эч ким жок. Ошондуктан, кайгыруу менен кошо биз азыр уят болуп да турабыз. Башкы колбашчы азыр "өзөктүк кнопканы" кымбат машиненин брелогу сыяктуу колунда айлантып отурат. Эмне, кийинки кадам - бул өзөктүк залппы? Мен Путиндин өч алуу куралы тууралуу айтканын башкача чечмелей албадым. Бирок биз "Новая газетанын" бул санын эки тилде - украин жана орус тилдеринде чыгардык. Анткени биз Украинаны душман, украин тилин душмандын тили катары тааныбайбыз. Соңунда айтаарым, согушка каршы кыймыл гана бул планетадагы тынчтыкты сактап кала алат", - деди Муратов.

Орусиянын Украинага чабуулу 25-февралда да уланып, бир катар шаарларына абадан сокку урулуп, кырчылдашкан салгылаштар жүрүп жатканы кабарланууда. Украина кармаштын биринчи күнү 137 аскеринен ажырап, үч жүздөн ашуун жоокер жаракат алганын кабарлады.

Орусия болсо адам курмандыктары жана башка жоготуулары тууралуу маалымат тарата элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG