Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:30

"Оозеки тарых улут трагедиясын унуттурбайт"


Элмира Ногойбаева.
Элмира Ногойбаева.

"Оозеки тарых" түшүнүгү кулачын жайып, тарыхты изилдөөдө жаңы багыт катары кеңири колдонула баштады. "Эсимде" изилдөө аянтчасы Кыргызстандын тарыхын адамдардын жеке окуялары, күбөлөрдүн көзү аркылуу изилдеп, оозеки тарыхты илгерилетип жаткан аянтча. Анын жетекчиси Элмира Ногойбаева "Азаттыкка" маек курду.

- Соңку мезгилде биз “эс тутум саясаты”, “оозеки тарых”, “альтернативдүү тарых” деген терминдерди көп колдоно баштадык. Бул жагынан бүтүндөй илимий багыт жаралууда. Менимче, “Эсимде” Кыргызстанда ушул темада иш жүргүзгөн бирден-бир демилге болууда. Ал эмнеден башталды эле? Көздөгөн мүдөөңүздөр кайсы?

- Мен жетектеген уюм – бул Кыргызстанда 15 жылдан бери иш жүргүзүп келаткан көз карандысыз талдоо борбору. Биздин топ санаалаштардан куралган. Көп убактан бери Кыргызстан колониалдык таасирден арылып, өз алдынча жашай билген эркин өлкө болушу үчүн биздин коомду кантип өзгөртөбүз деп ойлонуп жүрдүк. “Sapere aude” деген сөз бар, мааниси – “өз башың менен ойлонуудан коркпо” дегенди билдирет. Тилекке каршы, бул ар кимдин эле колунан келбейт. Өзүбүздү тааный билүү үчүн башка жолдорду издедик. 2011-жылы мен Жапонияга барганда адамдын эс тутумун изилдеген талдоо борборуна кирип калдым.

Биринчи алган билимим боюнча тарыхчы болгондуктан адегенде буга анча кызыккан жокмун. 4-курста бул сабактан көңүлүм калган, анткени тарыхты жеңүүчүлөр жазып, окуяларды өзүнө жаккандай иргеп, каалагандай “тууралай берет” эмеспи. Ал эми эс тутум деген такыр башка. Бул элдин, адамдардын эсинде калган, көкүрөгүндө сакталган окуялар, бирок расмий жазмалардан көбүнчө чийип салынат. Окуу китептерге да киргизүүнүн кажети жок деп эсептешет. Бул өтө орчундуу багыт, азыр абдан ыкчам өнүгүп жатат.

Санаалаштарым менен ой бөлүшөм. Кылган иштеримдин, тапканымдын баарын кыргыз тилине которуп турам. Жок дегенде 80-90 пайызын элге жеткирип тургум келет. Эс тутумду изилдөө (memory study), эс тутумдин иши (memory activities) сыяктуу багыттарды Кыргызстанда илгерилетүү өтө кыйын экенин билем. Бул демократия же парламентаризм деген эмне экенин адамдарга түшүндүрүүдөй эле кеп. Ошондуктан ойлонуп-ойлонуп, акыры “Эсимде” деген аталышка токтодук.

Муну мен ойлоп тапкан жокмун – элдин жүрөгүндө эзелтен боло келген түшүнүк бул. Дайыма элитага ылайыкталып келген илим болгон тарыхтан айырмаланып, анын дагы бир маанилүү өңүтү бар. Мен тарых факультетин бүтүргөм. Тарыхчылар кийин кызматка көтөрүлчү. Бирок мага бул жакчу эмес.

Эс тутум – академиялык маалыматтын сакталышы эле эмес, бул иштиктүү эс тутум дагы. Чындыгында буга бүтүндөй коом катышат. Болгондо да үй-бүлөдөн, айылдан баштап жалпы мамлекетке чейин. Бүгүн эс тутум көңүл чордонунда болуп калганын байкап турабыз. Эс тутумга байланыштуу постсоветтик мейкиндикте кагылышуулар болууда. Бир тарабы бир чындыкты айтса, экинчи тараптагылар башкасын жактайт. Өткөн доорлор жөнүндө да, дүйнөлүк согуштар тууралуу да, жеке тагдырлар жөнүндө да. Биздин “Эсимде” долбоорубуз ушул маселе менен алектенет.

- Кээ бир тарыхчылар буга кайдыгер, сын көз менен карашат, оозеки баяндарга, мисалы, санжыраларга ишенбейт. Сиздердин ишиңиздерге да ушундай мамиле болуп жаткан жокпу? Сындашпайбы?

- Дегеле сынга мен сабырдуу мамиле кылам. Санжырага келсек, анын узак мезгилдер бою айтылбай жүргөнүнө карабай сакталып келгени – бул, биринчиден, биздин өзөк дөөлөтүбүз бар экендигинен. Экинчиден, мунун баркына жетишибиз керек. 70 жыл бою бизге мунун баарын жомок деп келишкен. Ишенбегендер болсо, негизинен академиялык чөйрөдө бар. Алар оозеки баяндарга сыртын салышат.

Амирбек Азам уулу жана Петр Кокайслдын “Кыргызстан көрүп-билгендердин көзү менен” аттуу китептин бет ачарын Эмил Үмөталиев уюштурганда мен бир нерсеге катуу таң калдым. Авторлор биздин өлкөдө кулакка тартуу доорунда болгон окуяларды баяндашкан. Бул тема узак жылдар бою айтылбай, жазылбай, изилденбей, талдоого алынбай келди эле го. Ошол бет ачарда биздин илимий даражалуу тарыхчыларыбыз (алар, балким, марксизмге, коммунизмге ылайыкталган тарых боюнча диссертация коргошкон), бул китепке өтө текебер мамилесин сездиришти. “Эми, бул кызыктуу китеп экен, бирок илимий эмгек эмес”, – дешти.

Мен абдан нааразы болдум. Анткени кыргыздын тарыхы негизинен оозеки айтылып келген эмес беле. Эгер өткөн доорлорубуз жөнүндө бирдеме билсек, окуу китептерден эмес, аксакалдардын оозунан, манасчылардан, санжырачылардан угуп билип келдик. Муундан муунга айтылып келген тарыхыбыз бар!

Көп жылдар бою оозеки баяндарды иликтөө усулу илимий эмес деп эсептелип келген. Мына бүгүн бүткүл дүйнөдө бул усул таанылып жаткан кезде оозеки баяндар аркылуу бизге ошол жаап-жашырылып келген баяндар жетип жаткан чакта биздин тарыхчылар бул илимий эмес дешет... Бул өз элиңдин өтмүшүн жокко чыгаруу менен барабар! Бирок мунун баары убактылуу көрүнүш деп ойлойм. Мезгил өтүп, технологиялар, илимий усулдар да өзгөрүүдө.

Бирок өткөн доорлорду билген, эсинде сактаган адамдар арабыздан кетип жатканы өтө өкүнүчтүү. Атүгүл эгемендик жылдарына да тиешелүү, айрыкча ковидден кийин көп адамдар дүйнөдөн өтүп кетишти.

Биз ишке ашырууга үлгүрүп калган эки изилдөөнү мисал келтирейин. Гүлзада Абдалиева Шинжаңдагы казактар жана кыргыздардан 1916-жыл жөнүндө эскерүүлөрдү чогулткан эле. Секелек кыз кезинде сатылып кеткенин эстеген байбичелердин эскерүүлөрү да бар. Мына азыр Кытайга, Кызыл-Сууга кире албайсың, мындай сурамжылоону, иликтөөнү жүргүзүү мүмкүн эмес.

Күзүндө, октябрда кесиптешим Гүлзат Алагөз экөөбүз Украинанын Херсон облусуна, Киевге, Одессага сүрүлүп барып калган кыргыздар жөнүндө өтө орчундуу маалыматтарды чогулттук. Архивдик материалдарды, чарбалык китептердеги маалыматтарды, оозеки баяндарды жыйнап келдик. Эгер ошондо жетишип калбасак, бүгүн бул ишти аткаруу такыр мүмкүн болмок эмес. Демек, шашылыш керек экен.

- 5-августтан 14-августка чейин Үркүндү эскерүү жүрүшүн өткөрдүңүздөр. Соңку окуяларга байланыштуу биз ошол окуяларды көп эстеп, талкууларды жүргүзүп жатабыз. Бул тема дагы эле жетиштүү изилдене элек окшойт.

- Ошол жүрүштөн кийин биз Үркүндөн азыркы кезге чейинки окуялар жөнүндө эскерүүлөрдү иликтөөнү чечтик. Башында 1938-жылдан бери карайлы деген элек, бирок 1916-жылдагы бүтүндөй элдин башынан өткөн оор кайгыны сөз кылбай кетүү мүмкүн эмес эле. Мен, чынын айтсам, кайратым, күчүм жетеби же жокпу деп бул өтө жооптуу темага киришүүгө даабай жүрдүм эле. Бирок акыры биз баарын биле албасак да, эртең унутулуп кетиши ыктымал болгон нерселердин айрымдарын чогулталы дедик.

Кесиптешим Гүлзат экөөбүз Ысык-Көл кылаасын бир нече ирет кыдырдык. Ар жолкусунда кандайдыр бир жаңы баяндарды угуп жаттык. Ошондо эскерүү жүрүшүн уюштура алабызбы деп ойлоно баштадык. Он күндөй ойлонуп, Үркүнгө байланышкан алты жерди белгиледик. Ар кайсы кишилер менен маектештик да, 34 жайды кыдырып өттүк. Жолдо ар жерден адамдар беш-алтыдан кошулуп жүрүп отурушту. Тосордон 30 киши кошулду.

Бул жүрүштөн кийин биз өткөн тарыхыбызды өтө аз билерибизге көзүбүз жетти. Экинчиден, өткөн доор тез эле эскирип, унутула берет экен. 1916-жылдагы трагедияны эстегендер улам азайып жатыптыр. Дегеле эс тутум теориясы боюнча улуттун башынан өткөн кайгыны үч муун эстеп жүрсө, андан кийинкилер унута баштайт экен. Унутулган кайгы-муңдуу окуя оңой эле кайталанат. Ошондуктан тарыхый жайларды калыбына келтирип, эс тутумду жаңырта жүрүү өтө зарыл.

Мисалы, Экинчи дүйнөлүк согуш чындыгында кандай болгонун эстеп жүргөндөр үч муундан кийин өтө азайып, кийинки муундар согушту жеңил-желпи, оюн сыяктуу эле нерседей элестете баштайт. Согуш опоңой эле жасалган эрдиктер, дүңгүрөгөн жеңиш, салтанаттуу майрам катары эле эскерилип калат. Буга салгылашуулардын ар кандай тасмалардагы жасалма чагылдырылышы балдарды, жаштарды кызыктыра берет да, алар согуштун кайталануусунан коркпой калат.

Эс тутумдун эң маанилүү жактарынын бири – бул биздин өз башатыбызга жакындап, өзөгүбүздү сактоо, кадыр-баркыбызды билүү мүмкүнчүлүгү эле эмес. Эс тутум биздин коопсуздугубуз үчүн да керек.

- Элибиздин тарыхында дагы кайсы окуяларга жетиштүү көңүл бурулбай жатат?

- Өтө көп окуяларга. Өткөн кылымдын 20-30-жылдары дээрлик изилденбей калган. Азыркы кезге чейин биз өз жерин, айылдарын коргошко аракет кылган кишилерди басмачылар деп атап келебиз. Этникалык сүртүмдөрдү гана көп эстейбиз.

Кеп орустар менен кыргыздардын мамилесинде эмес, чындыгында жагдай алда канча татаал болгон. Карама-каршы келип кагылышкан жааттар, мүдөөлөр өтө көп болгон. Окуялардын диний өңүтү жөнүндө өзүнчө сөз кылуу керек. Басмачылар темасы өтө парадоксалдуу, драмалуу. Совет доорунда аларды капкара боёк менен сүрөттөп келишсе, кийин такыр эле апакай кылып алдык.

Чындыгында бир жаңсыл каралоо да, актоо да туура эмес. Анткени ошол окуялардан кыргыздар менен орустар эле эмес, башка улут өкүлдөрү да, мусулмандар эле эмес, христиандар да кагылышкан.

Совет доорунда болгон көтөрүлүштөр, козголоңдор жөнүндө өтө аз билебиз. Акчубак көтөрүлүшү, репрессия кандай болгонун да дээрлик билбейбиз. Бул жагынан Болот Абдрахмановдун эмгеги, салымы өтө чоң болду. Анын китептерине абдан маанилүү маалыматтар камтылган. Көчүрүлгөн элдер жөнүндө өтө аз билебиз.

Узак жылдар боюу бизге өксүк сезими таңууланып, бизди арабөк, өнүкпөй калган, чаласабат, маданияты жок эл деген түшүнүк басымдуулук кылып келген. Мунун баары артта калдыбы же дагы эле таасири сакталуудабы? Чындыгында өз кадырыбызды канчалык билгенибиз өлкөбүздүн келечегине таасир этет. Эгер өзүбүздү кемсинте берсек, эртеңибиз бүдөмүк болот. Эгер өткөн чак менен учурдагы абалыбызды аң сезимдүү түрдө талдап, туура түшүнө алсак, коомубуз, улутубуз такыр башка деңгээлде өнүгүүгө багыт алат.

- Сиздер көптөгөн оозеки эскерүүлөрдү чогултуп жүрөсүздөр. Ошолордун ичинен эч качан унутулгустай болуп өзгөчө таасир калтырганын айтыңызчы.

Андай баяндар өтө көп. Балдар ата-энелерин, чоң ата, чоң энелерин издеген окуялар бар. Азыр эсиме келе калган бир маекти айтайын. Баткендик бир абдан жакшы киши өзүнүн үй-бүлөсү, өстүргөн багы, тогуз кызы жөнүндө, ар бири өз жолун таап, ийгиликке жетишип жатканы жөнүндө сыймыктана сөз кылып жатты. Аягында эң кичүү кызы тогузунчу классты аяктаганын, эми ал да алыска аттанарын айтканда мукактанып, карегине толо калган жашын көрсөтпөш үчүн башын чулгуп алды... Демек, канчалык баары жакшы, сонун дегенибиз менен, бул жашоодо армандуу кездер болбой койбойт экен.

Таасирдүү, мааниси терең маектер көп болду. Бирок биз архивдик жана башка маалыматтар менен да иштеп, оозеки баяндарды бекемдеген далилдерди таап чыгуубуз керек. Бул өзүнчө чоң иш. Ырас, Кыргызстанда бул өтө татаал маселе – архивдер жабык, болгон документтер да азайып баратат...

- Оозеки баяндарды чогултуп, архивдик маалыматтар менен салыштыруудан тышкары дагы кандай иштерди жүргүзөсүздөр?

- Бир мисалды келтирейин. Мектепте атактуу акын же жазуучулар жөнүндө окутушчу. Мисалы, Тоголок Молдо компартияны, Ленинди мактап ырдаган. Анын “Украинада кайтып келгенин” окуганда ал жакка эмне үчүн барганын билчү эмесмин. Эс алуугабы, саякаттап эле барганбы? Эки жыл мурун Украинадагы кыргыздар жөнүндө эскерүүлөрдү иликтегенде таң калдык.

Көрсө, алар кулакка тартылып, сүргүнгө айдалып барышкан экен. Алардын тагдыры ушунчалык оор, зээн кейитерлик болуптур. Мал-мүлкүн тартып алып, айдап ийишкен тура баарын. Мисалы, Такырбашевдердин он бир баласынан үчөө гана аман калган экен. Бир баласын көмкөрүлгөн казандын астына жашырып калып, бир кызын жолдо баратканда бирөөлөргө беришиптир. Украинадан аман-эсен кайтып келген жалгыз уулу менен мактешкенден кийин биз Украинадагы кыргыздар тууралуу баяндарды чогулта баштадык.

Кыргызстанда табылган маалыматтарды топтоп, анан Украинага да суроо-талап жибердик, келген жооптор менен эле чектелбей, өзүбүз да барууну чечтик. Оозеки эскерүүлөр менен катар архивдик документтерди да иликтедик. Оор окуяларды баштан кечиргендер, алардын балдары, неберелери менен сүйлөштүк. Маалыматтар өтө көп топтолгондон кийин ошол процесс тууралуу айтып чыгуу мүмкүнчүлүгүнө жетиштик. Мурда жашырылып, тыюу салынып келген документтерди көрдүк, ошол кездерде саясат кандай болгонун кененирээк түшүнө баштадык.

- Эгемендик күнүн майрамдоо алдында турабыз. Эгемендик такыр башка мааниге ээ болуп бараткандай сезилет мага.

- Тилекке каршы, Кыргызстанда көз карандысыздыктын баркына жеткендер аз болууда. Эгемендикке күтүүсүздөн эле туш келдик, мурда сопсонун эле жашачубуз дегендер көп. Чындыгында андай эмес да. Экинчи жагынан, биздин коомдо бул багытта дээрлик эчтеке жасалбай келет. Академиялык илимде деле жарытылуу иштер жүргүзүлгөн жок.

Тарыхый бул окуяга баа берүү, анын маанисин терең түшүнүү үчүн көп иштерди жүзөгө ашыруу зарыл. Өткөн доорду болгонун болгондой эстештен көптөгөн адамдар коркот, тартынат. Азыркыга чейин бизди ар кандайча жапырып, ийилтүүгө аракеттенгендер бар.

Эгемендик жөнүндө сөз кылганда биз эгемен, эркин, өзүн өзү толук камсыздаган адам деген ким, ал кандай болууга тийиш экенин билишибиз керек. Өткөн тарыхты эч кооздобой, жымсалдабай, болгонун болгондой талдоого алуу зарыл. Жанга баткан оор окуяларды жокко чыгарып салбай, сергек акыл менен талдашыбыз керек.

Сенин өз ысымың, өңү-түсүң болушу керек. Тоо койнунда жашаган ата-энең, чоң ата, чоң энең койгон атты эч ким өзгөртпөшү керек. Сен өз кадырыңды билип, өткөн окуяларды балдарыңа айтып беришиң керек.

Эгемендикке жеткенибизге отуз жылдан ашса да, биз алиге чейин кылчактап, жалтанып турабыз. Өз алдынчалыгыбызды бекемдей албай, кесипкөйлүк, билим жагынан атаандаштыкка туруштук бере албай турабыз.

Биздин элибиз эмне үчүн көбүнчө өткөн доорлордогу көркөмдөлгөн баяндарды айта берерин түшүнөм. Манас баш болгон баатырлар, уламыштар... Байыркы даңазалуу баяндар менен көңүлүбүздү жубатып, легитимдүү болгубуз келет. Бирок мунун пайдасы жок. Анткени чыныгы жагдай башкача. Ырас, баатырлык да болгон, бирок кордуктарды да көп көргөнбүз. 1916-жыл болгон. 2010-жыл болгон. Баарын кылдат карап, таразалап көрсөк, чындыкка тике карасак, өзүбүзгө өзүбүз ээлик кылууга чындап умтула алабыз. Мамлекетибизди сактап калабыз.

- Болгон нерселерди жууп-чайып, жымсалдоонун кажети жок дейсизби?

- Үркүн болгон, ачарчылык, репрессия жылдары болгон. Өткөндөн алган сабагыбыз терең маанилүү, натыйжалуу болушу керек. Жакында биздин бир бүтүрүүчүбүз эки ирет концлагерге түшкөн, ГУЛАГда болуп, аман калып, туулган жерине кайтып келген киши тууралуу фильм тартты. Кайтпай калгандар көп болуптур...

Баткендеги үйүнүн алдындагы тепкичте ошол киши бүткүл үй-бүлөсү менен турат. Дархандагы Мамыркандын баянын да алалычы. Анын атасы менен үч бир тууганы тең өлүптүр. Ал өзү жалгыз кантип аман калганы таңкалычтуу. Биз бул баяндардан мындай сабак алсак болот: кандай гана азап-тозоктор, өлүм-житим болсо да, жашоо үчүн, өз алдынча болуу үчүн талыкпай иштей бериш керек, күрөшө бериш керек!

Адамдын кайраты, эрки кандай күчтүү болушу мүмкүн экенин көңүлдө тутсак, өзүбүз чоң иштерге даяр боло алабыз. Бул кишилердин сынбагандыгынын себеби мифтик баатырларды, дүңгүрөк жеңиштерди ж.б. ойлой бербестен, өтмүштү дал өзүндөй кабылдап, кыйынчылыкка кайыл болгонунда. Тагдырдын оордугун майышпаган, сынбаган, турмуштун сыноосунан татыктуу өткөн, акылман, кайраттуу адамдардын сабагын баарыбыз өздөштүрүүбүз керек.

- Кыргызстандыктар өз тарыхына кандай карайт? Кандай мамиле болушун каалар элеңиз?

- Биздин жарандардын көбү өлкөнүн тарыхын билбейт. Окуу китептерге көп окуялар камтылбаган. Биздин “Тирүү эс тутум” өнөрканабызда Дайыр Тажибаев аттуу өзгөчө инсан бар. “Манас” университетин мыкты аяктап, Аксыдагы айылына кеткен. Мектепте тарыхтан сабак берет. Ал Кыргызстан, Казакстан, Тажикстандын тарых боюнча окуу китептерин салыштырып талдап чыгыптыр. Совет доорундагы окуялар ар биринде такыр ар башкача чагылдырылган дейт.

Кыргызстандын тарыхы жакшы изилдене элек. Орто кылымдар тарыхы эми гана ачыла баштады. Чет өлкөлүктөр эмне үчүн Кыргызстанда Енисей доору боюнча тарыхый маалыматтар аз деп сурашат. Ал эми совет бийлигинин тушундагы расмий тарыхыбыз бүт бойдон компартиянын ураан-чакырыктарынын көлөкөсүндө кала берген. Кыргыздар жөнүндө эмнелер айтылып келгенин билебиз.

Эгемендик доорубуз өтө чаржайыт, дээрлик каралбай калган. Муну олуттуу карап чыгышыбыз керек. 1916-жыл жөнүндө сөз кылбай койбош керек. Үркүндүн баянын ар тараптуу иликтеп чыксак, адамдар кеп орус менен кыргыздын кастыгында эмес, ошол кездеги саясий түзүмдө болгонун, чыныгы жагдайды комплекстүү түрдө кароо зарылдыгын, кектешүүнүн кереги жоктугун түшүнөт. Адамдар өздөрүнө да башкача карап калат.

Эл өткөн доордогу кубанычтуу, шаңдуу окуяларды да, кайгы-капалуу, кейиштүү жагдайларды да эстей жүрүшү керек. Тарыхка биз өзүбүздүн өмүр баяныбыздай карашыбыз керек. Ак-карасын, жакшы-жаманын текши кабылдап, терең түшүнүүбүз кажет. Ошондо гана биз акылман болуп, ырааттуу өнүгө алабыз. Муну балдарыбызга айта жүрүшүбүз өтө зарыл.

Өткөн доорлорду сөз кылганда жалаң эле баатырларды айта бериштин кажети жок. Кыргызстанда канча баатырдын заңкайган эстеликтери тургузулду. Кимиси кандай эрдик кылган экен деп балдар кызыкса, бир баатыр дагы бир баатырдын башын кыя чапкан, тигиниси болсо башка уруулардан жылкы тийип келчү экен деп таң калбайбы? Мунун баары биздин коомду кантип өнүгүү жолуна баштайт?

Лениндик таш эстеликтерди аздектеген муун бүгүн башка эстеликтерге алаксып жатат. Бул чындыгында элдин өткөн доорго болгон мамилесинин монументалдык чагылышуусу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG