Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:25

Жарма идеологдорго жакпаган жазуучу


Муса Мураталиев.
Муса Мураталиев.

Мындан он жыл илгери Жаңыл Жусупжан экөөбүз Муса Мураталиевдин чыгармачылыгы жайында “Азаттыкта” сукбат курган элек. Убакыт дегениң ушу экен, андан бери он жыл билинбей өтүп кетиптир. Ушу тапта Мусакең өмүрдүн дагы бир кырына чыгып, көркөм чарбасын түгөлдөп, чыгармачылыктын кызык кезин башынан кечирип турган чагы.

Эки тилде эркин жазган сүрөткердин чыгармачылык диапазону кеңейип, кыргыз турмушунан Орусиянын кең мейкинине өттү, окурман журтун кеңейтти.

Андан дагы бир жакшы жышаан кийинки жылдары Мусаке социалдык айылга кошулуп, чыгармачылыгы, жашаган жериндеги маданий-көркөм жаңылыктарды жарыя кылып, улутташ окурмандары менен карым-катнашын виртуалдык жолго салып койду эле. Өкүнүчкө, Орусиядагы соңку окуялардын залакасынан социалдык карым-катнаш тоскоолго учурап, улуу сүрөткердин улутташ окурмандары менен байланышы үзгүлтүккө учурап, ортолук байланыш да токтоп калды. Ушуга улай дагы бир жагдайды эске сала кетким келип туру. Мусакенин соңку жылдары жарыялаган орус тилиндеги романдары Кыргызстандын маданий турмушунан четте калганы да өкүттүү факторлордун бири болуп калат окшойт. Арийне, алдагыдай жагдайдын жаралышынын олуттуу дегидей объективдүү жүйөсү бар.

Совет өлкөсүнүн ичтен ыдырап, социализмдин коомдук формация катары тарых тактысынан ооп түшүшү, кечээки көргөн бүгүн жок калаты замандын кайтып келиши ортолук маданий карым-катнаштардын жоголушуна алып келди. Жагдай-шарттан улам Муса Мураталиев орусиялык кыргыз сүрөткерине айланды, кыргыз мигранттарынын Орусиядагы азап-тозокторун жаап-жашырбай сүрөттөгөн кызыктуу чыгармаларын орусча жазып, алары москвалык сынчы-адабиятчылардын, катары калың окурмандардын мактоосуна арзып, чоң борбордогу таанымал сүрөткерлер катарына кошулду. Азырынча кыргыз мигранттарынын орус жериндеги ит көрбөгөн азаптарын жаап-жашырбай чагылдырган чынчыл романдары кыргыз тилине которула элек. Аларды автору өзү ишке ашырабы же кыргыз калемгерлеринин арасынан түйшүгү түмөн жумушка бел байлаган бирди-жарым калемгердин чыгары да азырынча белгисиз.

М.Мураталиевдин “Гастарбайтер” үчилтиги кыргызча чыгып калса, улут адабиятынын учурда жаралган көркөм туундуларынын бири катары окурманын сөзсүз тапмак. Ала-Тоодон агылган эмгек миграциясы, анын күңгөйү менен тескейи тууралуу жазылган ири эпикалык чыгармалар бизде жок дээрлик.

Мусаке Ат-Башынын тоо боорун жыш ээлеген токоюнда эс тарткан менен акыл-эстүү жашоо-тирдиги ири шаар Москвада өтүп келатат. Эңгезер коммунисттик империя урап түшүп, союздук республикалар өз алдынча эгемен өлкөгө айлангандан кийин ал киши көнгөн шаарын таштап, Кыргызстанга кайтып келген жок. Мурда кыргызча жазып, китептерин Бишкекте жарыялап, соңунда орус тилиндеги котормосун чоң борбордон чыгарып жүрсө, кийинки жылдары таптаза эле орусча жазууга өтүп алды. Мусакемин 2011-жылы жарык көргөн “Идол и Мария” (“Бут жана Мария”), кийинки жылы жарыяланган “Тоска по огню” (“Отту сагынуу”), анан 2014-жылы чыккан “Нашествие мигрантов” (“Келгиндер жапырыгы”) романы Кыргызстандын китеп дүкөндөрүнө түшпөдү. Ошондон ал китептер кыргыз окурмандарынын баам сыртында калды. Жаңы кылымда кыргыз баласы туш келген “миграция үйөрү” проблеманы ичтен билген, Чештөбөдөн Орусияга агылган миллиондордун жашоо-турмушуна аралаш жүргөн Муса Мураталиевден өтө мыкты билген кыргыз сүрөткери жокко эсе дээрлик.

Орусча китеп демекчи, айтса, бир ирет соцайылдан жазган өтүнүчүмө жооп кылып Мусаке “Келгиндер жапырыгы” романын Бишкекке жөнөткөн, кызыктуу динамикалуу үчилтиктин бир китебин ошентип окуп калгам. Романда Чештөбөнүн эмгекке жарамдуу жаштары менен карылары социализм урап калгандан кийин кантип Орусия эмгек базарын байырлаганы кенен-кесир сүрөттөлгөн. Жанын оозуна тиштеп, Орусияга эмгек мигранты болуп барган жаш-карылардын кандай азап-тозокко кабылганы, өз алдынча болуунун кыйынчылыгы, улуттук трагедиянын себеп-натыйжалары жаап-жашырылбай ачык сүрөттөлгөн. Доор алмашып, заман өзгөрүлгөндө социализмдин бир кылка жашоосуна ыктап алган тоолуу калктын өз алдынча турмуш-тиричилик өткөрүүгө киришүүсү кандай тоскоолдуктарга, кыйынчылыктарга кептелгени “Келгиндер жапырыгында” нукура реалисттик салтта чагылдырылган.

Романдын каармандарынын аттары да символикалуу маани-мазмунга шөкөттөлгөн. Романда Саяк, Черик, Мундуз, Басыз, Тейит, Моңолдор, Калча, Нойгут, Жайыл, Жору, Баарын, Казбек, Сарыбагыш, Кыпчак, Төөлөс, Саруу, Ават, Кытай, Жетиген, Багыш, Коңурат, Адыгене - кырк уруу кыргыздын өкүлдөрү өзгөчө шарт-жагдайга кантип ыңгайлашканын, кедейлик жалгыз Кыргызстанды эле каптабай, мурунку советтик республикалардын баарында жалпысынан окшош жагдай түзүлгөнүн, четтен келгенди апачык эле кодулаган чөйрө алыстан келген мусапырларды кандай азап-тозокторго салганын, ага карабастан өрүлгөн келгиндер кулакты жапырып баарына кайыл болуп агылып кирип жатканы баяндалган. Орусияда болсо айласы куруган мигранттарды кучак жайып тосуп алган эч ким жок экен. Аны романдагы Бугу деген ак көңүл жигиттин жарым эс жергиликтүү баланын аткан огунан курман болгонун баяндаган эпизоддон деле ачык көрүүгө болот.

“Биринчи ок экөөнүн башынын үстүнөн кайып өттү, жата калышты. Бугу ок тийбей калганын, аман калышканын көрдү. Ошол кезде Евдокиянын “атып сал” деген чаңырыгы жаңырды:

-Бул жер биздин үй, булар – келгиндер! Ур, аяба! Эч ким ал үчүн жооп бербейт. Кудайдын кусуруна калган мигрант! Эмнеге бизге келишет? Окту аяба, атып сал.

-Эй-эй! Иванна-на-аа! – Черик үнүнүн болушунча кыйкырды! – Эй, Ста-а-с! Атпа! Биз азыр кетебиз.

Стас аны укпай мылтыгын октоп кирди. Анын шыкаалап жатканын баары көрүштү. Евдокия эки колун көкүрөгүнө коюп катып турду. Эки көзү чөгөлөй жалдырап тургандардан өтүп кетти.

-Айласы куруган ак сөөктөр, каргышка каласыңар, ок менен ойнобогула! – Бугу жай козголуп өйдө турду. – Силер канкор эмессиңер да?!

Черик мылтыктын түтүн аралаш жаңырыгын укту, Бугунун денеси солк эте түшүп, анын үстүнө кулап түшкөнүн сезди. Чериктин деми кысыла түштү. Мурдуна чаң толуп, кысталыш чакта чүчкүрүп жиберди. Үстүнө түшкөн жолдошун чалкасынан жаткырып атканда анын көйнөгүнөн сызылып чыккан канды көрдү. Бугу жумулуп бараткан көздөрүн ачкысы келди, каректери өзүнөн-өзү жумулуп, айлана тумандап баратты”.

Романда чештөбөлүктөрдүн жаңы жердеги турмушу, бир четинен экинчисине жеткиче Күндүн бели талыган кең мейкинге чачылып кеткен кыргыздардын көргөн азап-тозогу, келечектен үмүт үзбөй ар кандай шарт-жагдайга ыкчам аралашып кеткен баёо калктын кантип жаңы шарт-жагдайга көнүшү, өткөн менен бүгүнкүнүн, байыркы эпостун азыркы драма менен карым-катнашы көркөм иликтөөгө алынган. Мына ушул сапат анын бардык чыгармаларына мүнөздүү.

Токойдон чыккан жол

Кеп ыңгайынан улам жазуучу Муса Мураталиевди качантан бери таанып, жазгандарын кантип окуп калганымды айта кетүүнүн ыгы келип туру. Бала кезде окуган чыгармалардын эң кызыктуусу жадыңан чыкпай, арадан канча жылдар өтсө да унутулбай кала берет экен. Ошондой чыгармалардын бири 1967-жылы “Ала-Тоо” журналына жарыяланган Муса Мураталиевдин “Токой” повести болду окшойт. Чыгармада токойчулардын турмушу сүрөттөлөт, ошо токой ичинде жашаган эки жаштын өз ара орусча сүйлөшкөнү мага адаттан тыштай сезилген. Өздөрү токойдо жашаса, анан кайдан жүрүп орусча үйрөнүп алган деп ойлогом.

Негизи М.Мураталиевдин токой катышпаган чыгармасын табыш кыйын. Каратоону этектей жайгашкан үлкөн дүйнө - карагай токой сүрөткердин ар бир чыгармасында өзгөчө көркү, сыры менен чыга келет. Талыкпаган сүрөткердин балалыгы Ат-Башынын токоюнда калган экен. Аны кийин минтип эскерген да жайы бар:

“Токойдон иштегенди биз он үч, он төрттөгү кезибизден баштадык. Мектептен тарадык дегиче токойдон иштеп, кийим-кечеге жеткидей акча кылып алчубуз. Дайыма эле токойго иштегенге киши жетпей жатчу. Ошол себептүү, Баястан жездем иштейм деп келген эле кишини бригадасына ала берчү. Биз менен кошо Баястан жездемдин уулу – Кубат да иштечү”.

Токой – Чештөбө аймагындагы өзүнчө бир сырдуу дүйнө, анда жашаган адамдардын жашоо-турмушу, күрөшү, татаал тагдыры М.Мураталиевдин бардык чыгармаларынын сюжеттик линиясын кызыл жип менен тепчий өтөт. Токойдо жашаган адамдардын өз ара мамиле-катышы, жашоо ыңгайы, алардын өткөнү менен бүгүнкүсү жазуучунун көпчүлук чыгармаларынын сюжеттик линиясын кызыл жип катары тепчип өтөт. Бул ыңгайда анын “Жаңы конуш”, “Май айынын күкүгү”, “Мусакундун өмүрү”, “Караан”, “Көкбөрү”, “Алгырым”, “Сары кар” сындуу роман, повесттери тууралуу кыскача кеп кылуунун оролу келип турат. Булардын баарында Чештөбөнүн балдары сүрөттөлөт, 1916-жылы кыргыз элинин башына түшкөн апаат, кырылгандан калган калктын жаңы замандын толгон тоскоолдуктарына баш бербей жашоо-турмушун аз-аздан жөндөп кетиши, жаңы турмушка көнүүнүн кыйынчылыктары, ачарчылык, куугунтуктар, согуш, анан биртоп жылдар тынч турмушта жашоонун ырахаты Муса Мураталиевдин ири эпикалык чыгармаларында нукура реализмдин талабына ылайык чагылдырган.

Айтылуу сүрөткердин чыгармачылык потенциалы менен табылгасы кандай экенин те 70-жылдары эле Кыргыз эле жазуучусу Төлөгөн Касымбеков момундай жооп берип койгон экен:

“Тил каражаты өтө сарамжалдуу, керек гана жерине, зарыл гана жерине таасын, таамай сүртүлөт, ээсине баш бербей чачылып жаткан эчтеме жок, баары эсептелүү, ченелүү, жөнү жок ысырапсыз, жазуучу күн мурунтан акыл менен өзүнүн ой ташкынын башкарып алып иштегени көрүнүп турат. Кагазга түшкөн ар бир сөз милдет аткарып, бир эле убакта образдуу, мазмундуу, алмаштырып коюуга болбой тургандай табигый да сезилип, контекстте жымпыйып көрк берип турат”.

Көркөм сөзгө сарамжал мамиле М.Мураталиевдин чыгармачылыгы жаңыдан башталып жаткан кезинде жазган “Токой” повестинен деле көрүнүп турат. Жүрө-жүрө автордун ири эпикалык чыгармаларында мейкин менен мезгил карым-катнашы, адам жана тагдыр антиномиясы алдыңкы планга чыгып, көркөм жалпылоо психологиялык-философиялык доош ала баштайт. Айталы, токой ичиндеги турмуш, үстү жагы ак мөңгүлүү аска-зоолор, төмөн жагы керилген кең түздүккө созулуп кеткен мейкин жашоого жаңыдан кадам таштап жаткан жаш адамды бейпайга салат.

“Бул эмне? – деген элем мен анда өзүмчө. – Ушинтип балалык эңсөөбүз менен гана калабызбы! Түбөлүк кумарланып гана кала беребизби! Эч нерсеге алыбыз жетпей, этек-жеңибизди кымтый албай жүрө беребизби! Күнүгө турмушубуз эми оңолот, бирөөлөр аны оңдоп берет дечүбүз, кимгедир ишенип келебиз... Өзүбүз жаш баладан бетер бирөөгө ишенип келебиз! Бул эмне? Ушинтип эле доордон артта калып жүрө беребизби? Буларды ойготуу керек го? Эмненин таасири болот?.. Андан ары өзүм юридикалык окууну бүтүрүп келип ошол баары-жокко күнөөлүүнү таап, соттогум келип, кайра ушул замат асмандан кудай болуп түшө калып, ушулардын баарын бир шилтемде оңдоп, элимдин керегине жарагым келип кетти эле, өзүмчө оолугуп”.

Кеп оролунан улам эми Төлөгөн Касымбековдун дагы бир пикирин ортого сала өтөлү:

“Сүрөткер өзү жаза турган турмуш деңиз болсо ал анын балыгы, тоо болсо анын үстүнөн айланып чабыт кылган кушу, ал жөн көзгө илешпеген, тайыз ойго камтылбаган жагын тез баамдап, чыныгы өңүн, демин өздөштүрөт, демек, эң маанилүү, эң типтүү, эң зарыл өзөгүн кармап, түркүн кубулушун сезип, өнүгүш багытын, күрөшүн жетектеп алып өзүнчө бир көркөм, кумарлуу каниги дүйнө жаратат. Кийин бирөөнүн аны сындап салгысы келсе, колдоп койгусу келсе да, алардын сүрөткердин ой бийигине чыгып кароосун мезгил гана көрсөтүп, ыраазы эл гана баалаган адабият тарыхында көп кездешет”.

Муса Мураталиевдин “каниги дүйнөсү” совет бийлигинин өткөнү менен кийинкисин, башталышы менен аякталышын, коомдук процесстин драмалуу, татаал кырларын бийик көркөмдүктө ачып бергени аркылуу айкын көрүнөт. Жазуучу аны каарманы Мусакун Түкүевдин өмүр-тагдыры, аны менен замандаш чештөбөлүктөрдүн жашоо-турмушуна байланыштуу сүрөттөп берет. Мусакун 1916-жылкы апаатка чейин Аккалаага келип калган чоочун адамдарга жолугуп, алардан күтүлүп жаткан коомдук өзгөрүүлөрдү угуп, кийин жаңы бийлик кылчаңдоосуз тосуп алып, ага болгон күч-аракетин жумшайт. 1937-жылы “эл душманы” катары камакка алынып, түрмөнүн азап-тозогун башынан өткөрөт. Аял, бала-чакасынын үшүн алып, камакка алынгандан кийинки азабын айтып отурса узун сөз. Совет бийлигинин ыкчам өнүгүп, узакка созбой эртерээк коммунизмди курууга жолуна жолтоо болот деп тыюу салып койгон динди түрмөдө жатып эстеди, айласы куруганда “кудайга ишенип, аллага жалынып ийгиси келди”.

“Үч күн кан түкүрүп жатып, анан араң бутуна турду. Кабыргасынын сыздаганынан да бүгүлбөгөн тизесинин азабын Мусакун катуу жеди. Тарчылыкта бутун батыра албай кыйналып бүттү. Сакалы алынбай эттен арыктап, жараатынан кан агып бир жактан каракчыдан бетер көзгө серт жан болду да калды. Көйнөгү менен кемселине каткан канын жууганга чамасы келбейт. Жараатынын оозу ириңдеп сары суу аралаш шишик канды кез-кез аарчып кургатып турууга туура келди. Акыры чөнтөгүндө катылуу кызыл чүпүрөгүн алып, мында бир, өз канына сугарууга аргасыз болду. Бирназар байды алганы барганда тизесине жаңылган октон канына жуулган Фархутдиндин белек чүпүрөгү эми кайра Мусакундун канына малынып атты. Кургатып гана кайра чөнтөгүнө катып алып жүрдү. Сасып кете элегинде жууп алсам деп шашып да жүрдү. Бутуна туруп басканга дейре, бирөөгө айтып жасата турган иш эмес эле”.

Жазуучу бир муундун тагдыры, өмүр жолу аркылуу совет тарыхынын карама-каршылыктуу өнүгүүсүн, идеологиялык көшөгө артында көп айтылбаган кыңыр иштерин ачып берчү. Ошондой чыгармаларынын бири “Май айынын күкүгү” романы “таптык позициядан жана историзм принцибинен четтеп кеткен чыгарма” катары Кыргызстан КП БКнын жыйынында катуу сынга алынып, автор 1916-жылкы апааттын “боёгун өтө эле коюулантып” салганы үчүн айыпталган. Мындай көрүнүш улутчулдук чырагына май тамызгандан башкага жарабастыгын партиялык жыйында республиканын биринчи жетекчисинин өзү жарыя кылган.

М.Мураталиевдин таптык көз караш менен тарыхыйлык принцибинен тайып кеткени КПСС БКнын партиялык жыйында кабыл алган токтомунда да көрсөтүлгөн. Ошондон кийин Муса Мураталиевдин чыгармаларынын Кыргызстанда жарыкка чыгышына тыюу салынып, Москвадагы кызматынан кол жууп калуу коркунучу жаралган. Кайриет, биртоп жазуучулардын кийлигишүүсү менен Мусаке ордунда калып, бирок да чыгармаларынын жарыкка чыгышы кыйын абалга капталды. Арадан анча деле көп убакыт өтпөй советтик бүкшүмө жылдар аягына чыгып, өлкөнү “кайра куруунун” желаргысы каптады. Антпесе дагы кыйла жылдар М.Мураталиев партиялык идеологдордун көрүнөө-көмүскө басым-кысымында жүрмөк.

Кыргызстан компартия жетекчилеринин куйкасын куруштурганы менен Муса Мураталиевдин көпчүлүк чыгармаларында коммунисттик системаны тикелеп, совет бийлигинин орношуна өмүрүн арнаган, саясий идеалын туу туткан каармандар даңазаланат. Алардын типтүү мисалы деп “Мусакундун өмүрү” романынын баш каарманын айтса жарашат. Мусакун акыйкатта да совет бийлигинин адилдигине, коммунизмдин сайран курушуна эч кадиксиз ишенет, өмүрү өткөнчө ишеним арткан идеалынан үмүт үзбөйт. Ал эми анын досу, оппоненти Айдаркулдун жашоо-турмушу башкача нукта уланат. Бирок ал да өмүрүнүн аягында жасаган-эткендерин сыдыргыдан өткөрүп, туура эмес жолго түшкөнүн аңдап, эски конушун жаңыртат, жаңы конушка көчөт.

Кыйын кезде Мусакундун жардамы менен аман калган аккалалык Айша апанын өмүр жолу да Мусакун, Айдаркул аксакалдын тагдырына окшош, 16-жылдын апааты, совет бийлиги тушундагы жетишпеген турмуш, келечекке үмүт арткан жашоо баарын алдыга сүрөп, бүгүн оор болсо эртең жакшы болот ишеними дем берип жашоо кечирет. Жазуучу куш салган мүнүшкөр же улак чапкан чабандес, болбосо көркөм өнөрдүн туу чокусу эсептелген манасчылык тууралуу жазабы – баарында сүрөттөлчү турмуштун кеңири панорамасын алдыга жаят. Маселен, “Сары кар” романындагы Семетей менен Айчүрөктүн мамилеси кийин чештөбөлүк эки жаштын тагдырында кайталанат.

Кеп соңунда, Муса Мураталиевдин өмүр баянына токтоло кетели, сүрөткер 1942-жылы 15-февралда Нарын облусунун Ат-Башы районунда токойчунун үйүндө төрөлгөн. Айылдык мектепти аяктагандан кийин кара жумушта иштеп, Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин кечки бөлүмүн бүтүргөн, Москвадагы адабият институтун аяктап келгенден кийин кыйла жылдар кабарчы, адабий кеңешчи болуп иштеген.

1974-жылдан тарта Москвада жашап, союз таркагандан кийин “Азаттыктын” кабарчысы, Орусиянын жазуучулар биримдигинин түрк тилдүү адабияттар боюнча кеңешчиси кызматын аткарган. Көптөгөн аңгеме, повесть, романдардын автору. Алардын ичинде “Түшкө жуук” (1967), “Токой “ (1967), “Чарпая” (1973), “Жаңы конуш” (1976), “Караан” (1978), “Алгырым” (1982), “Көк бөрү” (1985) повесттери, “Сары кар” (1979), “Май айынын күкүгү” (1981), “Мусакундун өмүрү” (1989) романдары бар.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG