Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Август, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:15

"Үркүндө бүтүндөй үй-бүлө кырылган учурлар бар"


Арслан Капай уулу.

Кыргызстанда жыл сайын август айынын биринчи аптасында 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктары эскерилет. Биз бүгүн бул кандуу жылды баяндаган “Мисмилдирик” же "Беделдеги каргыш" романынын автору, Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысынын орун басары, жазуучу Арслан Капай уулу менен Үркүндүн мааниси жана анын тарыхтагы, маданияттагы орду тууралуу маектештик.

- Арслан мырза, бул суроону мага чейин сизге далай беришкен чыгаар, ошентсе да сурабасам болбос, 1916-жылы Үркүндү баяндаган “Мисмилдирик” романын качандыр кезде бир уккан уламыштын же архивден тапкан маалыматтын негизинде жазган окшойсуз? Эмнегедир мага ошондой сезилди.

- Мен романды жазардын алдында архивдик документтерди, уккан уламыштарды жалпылаштырдым десем болот. 2006-жылы Үркүндүн 90 жылдыгы белгиленген. Ошондо кандуу жылдардын курмандыктарынын жана кыргыз тарыхынын алдындагы парз катары жүрүштөргө катышып келгем. Шейит кеткендердин изи менен Сөөк ашуусуна, Келин-Тайгак аркылуу Бедел ашуусуна чейин барганбыз. Ошол жерден чыгарманын дагы бир идеясы жаралып, көптөн бери эле көкүрөктө уялап келген ниет жүзөгө ашкан десем болот.


- Үркүн тууралуу сөз болгондо биз аны Кыргызстандын масштабынан гана карайбыз. Бирок тарыхый маалыматтарда 1916-жылы адегенде Кожентте, Жизакта, Ферганада башаламандык болуп, кийин Жети-Сууга жетип, андан кийин Тургайда уланып, Чүй, Нарын, Ысык-Көл кыргыздарына жайылган экен. Сиз романыңызда көтөрүлүш алдында казак уурулары кыргыздарга “Абдулла Тайкын өлдү” деп белги бергени тууралуу жазгансыз. Акыркы жылдары түрк тилдүү элдер маданий алаканы чыңдоого аракет кылганы байкалат. Ошонун ичинде Үркүндү кайра баштан, жаңыча, орток көз караш менен иликтөө сунуштары, демилгелер барбы?

- Биз, түрк тилдүүлөр улуттук тарыхыбызды ушул күнгө чейин өз алдынча жазганга басым жасап келдик. Улуттук мамлекетти түптөө, улуттук иденттүүлүктү калыптандыруу, улуттук аң-сезимди чыңдоо ошонун шарапаты болуп жатат да. Анын негизинде ар бирибиз тарыхыбызды өзүбүздүн көз карашыбыздан карап, өз турумубуздан изилдегенге аракет кылдык. Бирок ушул күндөрү түрк тилдүүлөрдүн бири-биринин тарыхын билүү зарылдыгы келип чыкты. Себеби, Борбор Азияда, Түркияда болгон окуяларды билүү тарыхыбызды, тагдырыбызды мындан да терең түшүнгөнгө жардам бере турганын сездик.

Бир эле мисал, 1855-жылдан тартып кыргыз урууларынын орус империясына кошулуу процесси башталган. Терең карап көрсөк, түрк тилдүү элдерди орус империясына баш ийдирүү процесси 1550-жылдан башталып атпайбы. Татар, Казан, Астрахан, Крым, Сибирь хандыктары, Ногой ордосу кулап атат. Бир жагынан казак этносу, өзбек хандыктары интенсивдүү түрдө калыптанып жаткан. Алардын баары жалпы түрк мейкиндигинде жайгашып, чоң империянын сыныктары, калдыктары болгон. Уюмдашкан тартипте болбосо да бири-биринен кабардар болуп турушкан. Ошол хандыктар ыдырап, кыйрап атканда теги бир элдердин реакциясы кандай болгон? Ошол окуяларды кайрадан изилдеп чыгуу зарылдыгы бар. Мына быйыл бардык түрк тилдүү элдер макулдугу менен “Орток түрк тарыхы” деген китеп чыкты. Жакында окуу жайларга сунушталганы турат.

Үркүн темасы дагы орток позициядан туруп изилденүүгө тийиш. Мен кээде Казакстанда, Өзбекстанда, Түркияда иштеп жаткан тарыхчылардан 1916-жылдагы окуяны бардык элдерден топтолгон материалдардын негизинде изилдөө демилгесин угуп калам.

-1916-жылдагы кезде казак интеллигенциясынын айрым өкүлдөрү падышанын буйругуна каршы чыкпоого чакырып, кайсы бир деңгээлде элди сактап калган деген пикирлерди окуп калам. Кыргыздардын арасында да ошондой тарыхый инсандар болгонбу?

- Ак падышага каршы чыкпоого үндөгөн инсандар кыргыздын арасында да болгон. Көл кылаасындагы Кыдыр аке өз уруусун аман сактап калганы айтылып жүрбөйбү. Анын да өз себептери болгон. Биз, 1926-жылы Жусуп Абдрахманов жазгандан бери эле Үркүнгө "Улуттук-боштондук көтөрүлүшү" деген баа берип келебиз. Анын чыгышынын тамыры тереңде. Жергиликтүү элди аскерге тартуу тууралуу буйрук көтөрүлүшкө тамызгы гана болуп берген. Ага чейин Борбор Азияда оторчулукка каршы маанай бышып, жетилип калган. Ага жер саясаты, алык-салыктын оорчулугу себеп болгон. Көтөрүлүш бир эле маалда түркмөн, тажик, өзбек, казактар жашаган аймактарда да чыгып жатпайбы. Демек, муну орус империясынын оторчулук саясаттын кесепеттери деп баалашыбыз керек.

Аудиосун бул жерден угуңуз:
"Үркүн тууралуу тасмаларды тартууга мезгил жетти"
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:59 0:00

- Үркүндүн чыгышына геосаясат да таасир эткенби?

- Андай учурлар да бар. Жаңы илимий табылгалар ошого түрткү болуп жатат. Белек Солтоноев “Кызыл кыргыз тарыхы” китебинде көтөрүлүштүн себептерин санап келип, ошол кездеги уруу башчылары, журт мыктылары орус оторчулугунан кутулуп, кыргызды өз көз карашына ылайык башкарууну шерттешкенин жазып атат.

Белек Солтоноев, Канат Абыкин, Шабдан баатырдын балдары ошол учурда кыргыз интеллигенциясынын алгачкы өкүлдөрү эле да. Кат тааныган, орус тилин билген алар менен алака түзгөн билимдүү адамдар болгон.

Балким, алар Биринчи дүйнөлүк согушта Орус империясынын дараметине көзү жетип, андан кутулуунун ыңгайы келип турганын сезишкенби деген ой туулат.

- Үркүндө түндүк аймактагы кыргыздар Кытайга ооп жатканда, Кыргызстандын түштүк аймактарындагы жана Талас, Кетмен-Төбө өрөөнүн жердеген кыргыз урууларынын абалы кандай болгон? Бул тууралуу маалыматтар изилденип жатабы?

- Борбор Азия боюнча көтөрүлүштүн чордону Чүй жана Ысык-Көл болгон. Нарындагы кээ бир уруулар да оторчулукка каршы чыккан. Талас жана Кетмен-Төбө өрөөнүндө да эл арасында козголуу аракеттери болгон. Бирок масштаб Көл менен Чүйдөгүдөй чоң болгон эмес. Түштүк аймактар боюнча айтсак, биринчи нааразылык Кожентте чыгып атпайбы. Кожент уездине азыркы Баткен, Лейлек, Кызыл-Кыянын кыргыздары да кирген. Коженттеги көтөрүлүштү кыргыздар баштаганы да айтылып жүрөт. Түштүк аймактагы кыргыздар согушка тартылып, оор жумуштарга катышканы тууралуу маалыматтар бар. Алардын падышалык аскерге кандай жагдайда тартылганы өзүнчө изилдөөгө татыйт. Балким, урушка баргандар жазалоочу отряддар түндүк аймактагы көтөрүлүштү аёосуз басканы тууралуу угуп, элди кыйнабайлы деп кетишкендир.

- Сиз “Мисмилдирикте” Үркүнгө катышкан кудаян деген бир уруунун жок болуп кеткенин жазган экенсиз. Аман калган баласы сталиндик репрессияда өлүп жатат. Мисмилдирик – сөзү өзү ың-жыңсыз жоголуу деген сөз турбайбы. Сурайын дегеним, Үркүндө түп орду менен жоголуп кеткен уруулар болгонбу чын эле?

- Жалпылап айтсак, Үркүндө бүтүндөй кыргыз улуту жок болуп кете жаздаган. Андан кийинки репрессия, согуш жылдарында далай кишилерди жоготконбуз. Азыр Кыргызстандын калкы башка улуттарды кошуп эсептегенде араң 7 миллионго чамалап атат. Азыр Сахалинди байырлаган нивхилердин саны 10 миңге чамалуу экен. Биз аларды көрүп жоголуп бараткан эл деп ойлошубуз мүмкүн. Бирок бир нерсени эске алышыбыз керек, нивхилер бизден канча эсе аз болсо, биз кытай же индустардын жанында ошончо эсе азбыз. Өткөндө архивден бир маалыматты окуп калдым. Ошол Үркүндө бир байбиче эки небересинин бирин жолго таштоого аргасыз болуптур. Тукум үзүлбөсүн деп, уул баланы алып, кызын ай талаага таштап кеткен экен. Кыргыз тукум улоого өтө маани берген да. Улуттан бир уруу калсын, уруудан бир урук калсын деп жашаган. Албетте, Үркүндө уруу болбосо да, бүтүндөй үй-бүлө мүчөлөрү кырылып калган учурлар бар.

- Сиз чыгармаларыңызда совет бийлигин репрессиясын, анын адам тагдырына, тарыхка таасир эткен кесепетин сындап келесиз. “Добул-Таштык Заратустранын аңгемесинде” бул даана байкалат. “Тагдыр жөнүндөгү ыр” аңгемеңизде Үркүндү да, советтик репрессияны да, Экинчи дүйнөлүк согушту да көргөн кыргыз тууралуу жазгансыз. Бирок, тарыхчы, жазуучу катары 1917-жылдагы революция болбосо, Николай II тактан кулабаса, жогорудагы азапты көргөн кыргыздай аз улуттардын тагдыры кандай болмок деген суроонун үстүндө да ойлонуп көрдүңүз беле?

- Үркүн - Биринчи Дүйнөлүк согуштун кесепети. Борбор Азиядагы, орус империясынын четиндеги улуу тарыхы бар. Бирок анысы унутта калган, өз күнүн көргөн аз сандуу эл дүйнөлүк окуяларга өз эркине каршы аралашып калып жатат. Советтик модернизация тууралуу айтсак, ырас, Октябрь революциясынан кийин улут катары сакталып, мамлекетти түптөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонбуз. Тагдыр ушундай экен, бизде улут катары калыптанып, өсүп, мамлекетти түптөөгө башка альтернатива, тандоо болгон эмес.

Экинчиден, Үркүн дагы, сталиндик репрессия дагы биздин улуттук аң-сезимибизге сокку урган, рухубузга, демибизге так калтырган трагедия болгон. Ушундай кырдаалда улут мыктылары кырылат экен. 1916-жылдары көтөрүлүшкө чыккандарды жазалоо үчүн түзүлгөн отряддарга “баланча уруунун башчыларын жок кылгыла” деп тизме берилген. Андан кийин Октябрь революциясынын шарапаты менен, 1916-жылдан 1936-жылга чейин 20 жыл аралыгында жаңы улуттук интеллигенция түптөлүп, тапталып, мыктылары суурулуп чыккан кезде алар репрессияга кабылып жатат. Муну ошол кездеги партияны жетектеген европа тектүү жетекчилер да белгилеп, “чакан улут оор жоготууга учурап жатат” деп кейиген жайы бар.

- Романда көтөрүлүшчүлөрдүн орус хуторлоруна кол салганын да сүрөттөп кеткен экенсиз. Бул маалыматтарды жогоруда өзүңүз айткан жазалоочу отряддын башычыларынын отчетторунан алсаңыз керек?

- Адамдын трагедиясын чагылдырууда объективдүү болгубуз келсе, ал тараптын да пикирин угушубуз керек. Акыркы кезде бул көп айтыла баштады. Орус тарап Үркүндүн чыгышына негизинен эки аргументти айтышат. Биринчиси - империянын букаралары катары падышанын буйругун аткарган эмес. Экинчиден, коргоосуз калган айылдарга, хуторлорго кол салып, кыргынга учуратышты дешет. Изилдеп жатканда бул жагын да эске алуу абзел.

- Мен “Мисмилдирик” романындагы баш каарман Мукай Камбаровдун образынан бир эле маалда Жусуп Абдрахмановду, Белек Солтоноевди, Мукай Элебаевди ж.б. кыргыз интеллигенциясынын образын көргөндөй болдум.

-Мукай Камбаров - чогултулган образ. Кайсы бир деңгээлде Белек Солтоноев, кайсы бир деңгээлде Аалы Токомбаев, кайсы бир деңгээлде Мукай Элебаев. Мукай деп аты бекерин коюлган эмес. Бир чети роман аркылуу Мукай Элебаевди эскергим келди. Ал киши аянычтуу көп окуяларга күбө болгон да. “Узак жол” романында “Мен ушул окуяны жазам, жазбай кантип өлөм?” деген жери бар. Мен ошол сөзүн “Мисмилдирикте” өзгөртпөй, сөзмө-сөз келтирдим.

1916-жылдагы кандуу окуяларга мага чейин көп акын-жазуучулардын көбү кайрылган. Көркөм адабиятта, ырларда кеңири чагылдырылып келет. Мындай окуялар улуттун көркөм аң-сезиминде кылымдап жашай берет экен да. Бизден кийин да кайрыла беришсе керек. Анткени Үркүн - өлбөй турган тема. Эми ал бизди агрессияга эмес, көркөм аң-сезимди өстүрүүгө жетелеген тарых бойдон кала бериши керек. Үркүн темасы эми киноискусстводо ордун тапса деп ойлойм. Биздин режиссерлор бул темага кайрылганга батына албай жүрүшөт. Үркүндөгү ар бир окуяны көркөм тасмага айлантып, ар кандай жанрда тартса болот.

  • Айрым тарыхчылардын айтымында, 1916-жылы Үркүндө кыргыздардын саны дээрлик 40% азайган. Көпчүлүк тарыхчылар бул каргашалуу окуядан улам бери дегенде 120 миң кыргыз набыт болгонун, башка да казак, дунган, уйгур улутундагы далай көтөрүлүшчүлөр өмүрүнөн ажыраганын белгилешет. Совет учурунда, өзгөчө 1950-80-жылдары, улуттук боштондук көтөрүлүш жана Үркүн тууралуу чыныгы маалыматты жашыруу саясаты жүргүзүлүп, бул окуяларга объективдүү баа берилген эмес. 2017-жылы «Азаттык» радиосу Үркүндүн 100 жылдыгына арналган «Үркүн. Кылымдар унуткус кыргын» деп аталган эскерүүлөр топтомун басып чыгарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG