Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Август, 2022 жума, Бишкек убактысы 05:21

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн орток тарыхы кандайча жазылды?


Өткөн апталарда, тагыраагы 24-июнда Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин билим берүү министрлери жана дипломаттар катышкан эл аралык Түрк академиясынын илимий кеңешинин жыйыны өтүп, анда, “Жалпы түрк тарыхы”, “Жалпы түрк адабияты” жана “Түрк дүйнөсүнүн географиясы” окуу китептери боюнча чечим кабыл алынды. Бул окуу китептери факультативдик окуу каражаты катары орто мектептерге сунушталмакчы.

Узак жылдар бул китептердин долбоору талаш-талкууларды жаратып, кыргыз окумуштууларынын бекем турумунан улам Кыргызстан бул китептердин өксүктүү чыгышына макулдук бербей келген. Кыргызстандык окумуштуулардын сунуштары эске алындыбы? “Орток түрк тарыхы” окуу китеби кандайча жазылды? Борбордук Азия тарыхы, этнология, маданий тарых жаатындагы адис, тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегин менен маектештик.

Тынчтыкбек Чоротегин
Тынчтыкбек Чоротегин

- Саламатсызбы агай, алды менен ушул “Жалпы түрк тарыхы” деген китепти түзүү таржымалы качан кантип башталды эле, ошондон баштайлы.

- Орток китеп жазуу маселеси 1992-жылы Бишкекте түрк тилдүү өлкөлөрдүн билим берүү министрлери чогулуп, алгач ушундай демилгелүү кадам жасалган. Бул маселеде расмий Бишкек ошондон тартып эле ынтызар болуп катышып келе жатат. 1995-жылы биринчи жолу лицейлер, жогорку класстын окуучулары үчүн орток түрк тарыхы китебин жазуунун биринчи баскычы аткарылган. Ага Кыргызстандын тарых адистеринен Кыяс Молдокасымов экөөбүз катыштык. Адабиятчылардан – Бекташ Шамшиев, Мырзабек Жумаев орток түрк адабияты окуу китебин жазууга катышты. Ал кезде тарых жана адабият жөнүндө сөз болгон, кийин география кошулду.

1995-жылы жазылган окуу китепти биз баарыбыз тастыктап кеткен соң, ошол кезде бул окуу китепти өзүбүздө окутабыз деп макулдук берген алгачкы өлкөлөрдүн бири – Өзбекстан менен Түркмөнстан болчу. Бирок бул өлкөлөрдөгү авторитардык бийликтер кийин ал окуу китепти жактырышкан жок. Себеби биз ал китептерде эч бир өлкөнүн бийлигин мактабайлы деп, өтө калыс, бейтарап жазалы деп сунуш кылганбыз. Ошол сунуш боюнча иштелген.
Балким, “Түркмөнбашыга”, же Ислам Каримовго жакпай калса керек. Ошентип ал өтпөй калды.

2012-жылдан кийин Эл аралык Түрк академиясына негизделип, кайрадан жаңы орток китептерин жазуу боюнча демилге башталды. Бул - “Орток түрк тарыхы”, “Орток түрк адабияты” жана “Түрк дүйнөсүнүн географиясы” окуу китептери. Буга төрт өлкө – Азербайжан, Түркия, Кыргызстан, Казакстан макулдугун берип келди. Эгерде бардыгы такстыкталып калса, ошол китептерди окутабыз деген бүтүмгө келишкен. Бирок бул бүтүмдү чыгаруу – иши кылып эле китеп жазыла калса эле кабыл алуу дегенди түшүндүрбөйт. Мазмун деген бар, азыр бул маанини англис тилиндеги контент деген сөз менен дагы колдонуп атышпайбы.
Мазмуну жагынан маселен, 2016-жылдан бери биз адис катары пикирибизди жазып, “Орток түрк тарыхы” окуу китебинин долбооруна Кыргызстан өзү вето коюп келди. Анан 2017–2019-жылдар аралыгында өзгөртүлгөн варианттары келди, аны да четке кактык. 2021-жылы өзгөртүлгөн вариантын дагы четке какканбыз.

- Мына, Нур-Султан шаарында Эл аралык Түрк академиясынын илимий кеңешинин V отуруму өтүп, ушул талкууланып келген жалпы түрк тарыхы, адабияты, географиясы боюнча эмгектерге уруксат берилгени айтылды. Демек, кыргызстандык окумуштуулардын буга чейин сунуш пикирлери эске алынды деп эсептесек болобу?

- Менин жеке пикиримде, 2022-жылдын январында Казакстанда демократиячыл окуялар болуп кетти. Андан кийин Нурсултан Назарбаев саясаттан четтеп, мамлекеттин башчысы катары Касым-Жомарт Токаев гана бийлеп калды. Ошондон кийин бул өлкөдө, анын мекемелеринде либералдашуу жүрүмү орун алды го деп боолгойм. Себеби биздин ага чейин караманча өткөрө албай келген сунуштарыбыз 2022-жылы май айындагы Стамбулдагы адистердин талкуусунда жеңил өттү.

Албетте, жеңил дегенде жөн эле баарын механикалык кабыл алды деген нерсе эмес. Биздин жүйөлөрдү уккандан кийин Азербайжан, Түркия тарап, Казакстандын окумуштуулары дагы кыйласын колдоп, чет четинен Кыргызстандын сунуштары кабыл алына баштады. Негизги түйүндүү маселелер боюнча бул китепке, албетте, өзгөртүү киргизе алдык.

Өзүбүздө стандартка ылайык, Кыргызстан тарыхы, дүйнө тарыхы окутулат. Ошондогу жоболорго, принциптерге жанагы сунушталып жаткан орток окуу китеби каршы келбеши керек. Биздин талабыбыз ушул болду. Анан фактологиялык жактан калыс карагыла деп талап кылдык. Ошол сунуштарыбыз жалпысынан кабыл алынды. Бир-эки өтпөй калган сунуш да болду, албетте.

Эл аралык Түрк академиясынын вице-президенти Фузули Мажидли кыргыз тарыхчысы Тынчтыкбек Чоротегинге орток түрк тарыхы окуу китебин жакшыртууга арналган эл аралык семинарга үзүрлүү катышкандыгы үчүн алкыш кат тапшырууда. Стамбул, 18-май, 2022-жыл.
Эл аралык Түрк академиясынын вице-президенти Фузули Мажидли кыргыз тарыхчысы Тынчтыкбек Чоротегинге орток түрк тарыхы окуу китебин жакшыртууга арналган эл аралык семинарга үзүрлүү катышкандыгы үчүн алкыш кат тапшырууда. Стамбул, 18-май, 2022-жыл.

- Түйүндүү маселелер деп айттыңыз. Ошол эмне сунуштар болду, алардын кайсынысы өттү? Маселен, сиздер бээжиндик профессор Ю Тайшандын байыркы кытай жазмаларына таянып, “кыргыз” деген аталыштын кезиккенине 3 миң жыл болгону тууралуу маалыматты киргизгиле деп сунуштап келгениңиздерди билебиз.

- Эң этек жагынан баштасак, мурда сунушталып келген долбоордо “XVI кылымда Жети-Суу аймагы Казак хандыгынын ээлигинде болуп калды” деген сөз бар болчу. Жети-Суу дегенде, биздин Ысык-Көл, Чүй, Талас өрөөндөрү дагы кирип кетет. Бул тыянак тарыхый фактыларга дал келбейт. Анын үстүнө бул азыркы чек ара маселелери менен дагы байланыштуу. Ошондуктан биз “Жети-Суунун түндүк тараптары Казак хандыгынын ээлигинде, түштүк, түштүк-чыгыш тараптары кыргыздардын ээлигинде болгон” деп киргизгиле дегенбиз.

Акыры ушундай мунасага келдик, бул сүйлөм таптакыр эле алынып салынды. Демек, Жети-Суу маселеси боюнча бизде чалкештик жок. Бул биз үчүн чоң утуштардын бири болду.

Албетте, кээ бир жаңы нерселер киргизилди. Мисалы, мурдагы долбоорлордо байыркы кыргыздар жөнүндө, байыркы доордогу кыргыз тарыхынын баскычтары жөнүндө деле Энесай кыргыз каганатынын тарыхы камтылган параграфтын алкагында берилип келген.

Биз “Хун доорунда усундардан кийин “Байыркы кыргыздар” деп өзүнчө чакан тема бөлүп, ошол жакка азыноолак болсо дагы түрк элдерининин ичинен кыргыздардын байыркы экендигин көрсөтүп, эскерткенге жетиштик.

Сиз айткан Ю Тайшан боюнча дагы маселе козгодум. Бээжиндин бул ири булак таануучу адистин маалыматы боюнча, кыргыздар б.з.ч. X кылымдагы окуялар менен байланыштуу эскерилет деп айтылууда. Бирок “азырынча дүйнөлүк башка адабиятта бул концепция, же илимий жобо колдонула элек, колдоого жапырт алына элек, ошондуктан окуучуларга бул маалыматты бербей коё туралы” деп жүйө айтышып, биздин сунушубузду өткөрүшкөн жок.

Арийне, Кыргызстандын өзүнүн окуу китептеринин жаңы басылышында муну байма-бай беришибиз керек. Биз өзүбүздүн тарыхыбызды үйрөтүп жатып, кыргыз тарыхын канчалык кененирээк чагылдырышты өзүбүз гана чечебиз. Демек, бул жагдай ушундай болду.

Андан тышкары, эрте (байыркы түрк) доорунун тарыхы чагылдырылганда, Паркана (Даван) мамлекети жөнүндө өзүнчө киргизилишин талап кылдык эле, эң акыркы учурда бул өтүнүчүбүз аткарылып киргизилди. Фергана өрөөнүндөгү Байыркы Паркана мамлекетинде да түрк жана чыгыш иран элдери камыр-жумур байырлашкан; демек, бул өлкө да отурукташкан дыйканчылык жана көчмөн мал чарбачылык өрөөндөрү өз ара жуурулушкан аймак катары жалпы түрк тарыхынан татыктуу орун алууга тийиш. Ош менен Ю (Шоро-Башат шаар чалдыбары) шаарлары да Паркана мамлекетинин алкагындагы маанилүү шаарлардан болгон эмеспи.

Анан эң байыркы доорлордо Андрон маданияты деген бар, бул – көчмөн цивлизациянын башатын көрсөткөн археологиялык маданият. Ошол эле учурда отурукташкан маданиятты көрсөткөн Чуст маданияты да бар эмеспи. Чуст маданияты жөнүндө мурдагы окуу китеп долбоорунда эч бир маалымат жок эле, биз аны да киргиздирдик. Андрон жана Чуст маданиятынын ширелишкен жеринде бабаларыбыз бир жагынан отурукташып, бир жагынан көчмөн жана жарым көчмөн очоктордун ширендиси болуп жашашкан.

Мурдагы китеп долбоорунун бир жеринде монголдор бүт эле түрктөшүп кеткен деген сыяктуу туура эмес маалыматтар жазылган. Быйылкы май айындагы жыйында биз ушул боюнча түшүндүрүп айтып бердик. Өзүбүздүн тарыхыбызды көкөлөтүп жатып, башка элдердин тарыхын басынтпашыбыз керек. Маселен, монголдор азырга чейин өзүнүн эне тилинде сүйлөйт. Кытайдын ичинде жайгашкан Ички Монголия деген чоң автономиялык аймакта дагы алар эне тилинде сүйлөп, атүгүл өздөрүнүн эски жазмасын сактап келишет. Ушуну чөлкөмдөргө ылайык гана көрсөтөлү дедик.

Мисалы, түрк элдеринин арасында – Борбордук Азияда, Эдил-Урал аймагында монголдор түрктөшүп кеткен. Ушунтип жазсак болот. Ал эми Ирандын кээ бир аймагында монголдор ирандашып кеткен. Кытайдын өзүндө монголдор тарабынан Юан деген сулале (династия) курулган. Бирок алардын ак сөөктөрүнүн баары кийин кытайлашып кеткен, деп түшүндүрдүк. Ошондон кийин биздин талапты аткарып, алиги сүйлөмдү оңдошту.

Ошондой эле айдың бабаларыбыз Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгаринин элестери жөнүндө буга чейин алар сунуштаган сүрөттөр бизге жаккан эмес. Биз эгемен мамлекет катары мисалы, Жусуп Баласагындын элесин 1000 сомдук банкнотко дагы коюп алганбыз. Ошону койгула дедик, бул сунушту кабыл алышты. Ал түгүл ошол банкнотту биз фотого тартып, жөнөттүк.

Махмуд Кашгари Барскани (Ибрагим Бакиров тарткан сүрөт).
Махмуд Кашгари Барскани (Ибрагим Бакиров тарткан сүрөт).

Анан Махмуд Кашгари Барскани жөнүндө биздин Бельгияда жашаган Ибрагим Бакиров деген керемет сүрөтчүбүз бар. Биздин сунушубуз менен ошол киши Махмуд Кашгари Барсканинин сүрөтүн тартып берген болчу. Анын элесинен кыргызды, казак, өзбекти, уйгурду көрсөң болот. Сүрөттө ал жайдары, интеллектуал (айдың) көрүнүп турат. Бизде, адатта, тарыхый инсан дегенде эле сүрөтчүлөр кабагын түйүп алган, азыр эле бирөөнү жара чапчудай болгон өтө эле өктөм кишилердин элесин бере беришет. Ал тигил элесте Махмуд Кашгари Барскани – жайдары окумуштуу, баарын данакер болуп чече турган акылман. Ошентип ушул сүрөттун уруксатын алдык.

Майда-чүйдө абдан көп картографиялык каталар бар болчу. Ошолордун баарын оңдошту. Маселен, XXI кылымдын башындагы КЭРге кирген Чыгыш Теңир-Тоо жана Турпан ойдуңу ж.б. жайгашкан аймакты “Чыгыш Түркстан” катары көрсөтүү – чекилик болчу, ал да оңдолду. Мурдагы китептердин биринде “Атлантика океаны” дегендин ордуна “Тынч океан” деп да ката жазылып кеткен, ал дагы оңдолду.

География боюнча орток китепке КУУнун профессору, географ Тургунбек Ниязовдун сунушу менен “Тянь-Шань” эмес, “Теңир-Тоо” деп жазылып киргизилди. Ал эми орток түрк адабиятына арналган окуу китепке адабиятчы, КУУнун профессору Мырзабек Жумаевдин сунушуна ылайык Энесай Кыргыз каганатындагы даңазалуу каган Барсбекке арналган Энесайдагы жазма эстеликтин тексти да киргизилди. Мындан тышкары орток адабият окуу китебине “Манас” эпосу, акын Токтогул Сатылган уулу, акын Алыкул Осмонов, жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу киргизилген.

Профессор Астайбек (Виктор) Бутанаев кыргыз кесиптеши Тынчтыкбек Чоротегин менен музейдин жанында. Түштүк Сибирь. 1995-жылдын июну.
Профессор Астайбек (Виктор) Бутанаев кыргыз кесиптеши Тынчтыкбек Чоротегин менен музейдин жанында. Түштүк Сибирь. 1995-жылдын июну.

2021-жылдын соңуна чейин “Орток түрк тарыхы” окуу китебинин долбоорунун баш жагына “Казакстан Республикасынын биринчи президенти Нурсултан Абишевич Назарбаевдин демилгеси менен даярдалган” деп жазыла берген. Ушунун баарын алып салгыла деп, 2016-жылдан бери талап кылып келдик. Себеби бул китеп – орток чечим менен түзүлгөн, жазылып жаткан китеп болчу да. 2022-жылдын январындагы окуялардан кийин нурсултандыктар өздөрү дагы Назарбаевдин керт башына сыйынуудан баш тарта башташты. Ошондуктан эң соңку долбоордо муну оңой эле алып коюшту.

- Ошондо бул китептер окуу куралы катары кызмат кылабы, же кошумча окутулабы?

- Алгач бул китепти 8-класстар үчүн деп гана жазып, сунуштап жатышкан. Биз түшүндүрдүк, биздин окуу китептерде кээ бир баскычтар 6–7-класстарда, кээси 8-класстын алкагында үйрөнүлөт, ошон үчүн бул факультативдик окуу каражат катары айтылып жаткандан кийин жөн эле “Орто мектептин окуучулары үчүн” деп жазып койгула, ошондо ар өлкөдө өз дооруна ылайык бөлүп, дүйнөлүк жана жергиликтүү тарыхка айкалышытырып окууга мүмкүн болот деп айттык. Бул сунуш дагы өттү, буюрса.

- Кайсыл мезгил камтылды, китеп дагы улантылып басылат десек болобу?

- Бир эле китептин ичинде эң байыркы доорлордон XVI кылымдын башына чейин деп чыгат. Сүрөттүү, көркөмдөлүп, келечекте мултимедиалык маалыматтар дагы камтылышы мүмкүн, иши кылып заманбап окуу куралы катары чыгарганга аракеттер болот. Биздин өлкөлөр үчүн бул факультативдик окуу китеби болот. Өзүбүздүн окуу китептерибизде ушул нерселер буга чейин эле жазылып келген. Бул жерде окуучулар үчүн эң жакшысы – жалпы түрк тарыхынын орчун маалыматы бир китепке сыйдырылып топтолгону.

- Көп учурда, асыресе, Борбр Азия чөлкөмүндө орток тарых катары карагандын ордуна тарыхый жагдайларын өзүнө ыйгарып алууга басым жасаган эмгектер үстөмдүк кылгандай сезилет. Сиздин пикир кандай? Негизи, тарыхты тактоо, изилдөө кандай жүрүшү керек?

- Албетте, орток болушу керек. Мисалы, бул китепте Али Кушчу деген астроном жөнүндө берилген. Биринчи вариантында муну Осмон мамлекетинин эле окумуштуусу катары сунушташкан. Мен ага каршы чыктым. Али Кушчу өзү Борбор Азияда туулуп-өскөн, Улугбектин Самарканддагы обсерваториясында – жылдызканасында таалим алган. Улугбек өлүп, илимий чордону кыйсыпыр түшүп, кыйрап аткан учурда Али Кушчу өз устатынын эмгектерин алып батышты көздөй качкан. Кудай жалгап, Осмон дөөлөтү ага Стамбулда шарт түзүп берген. Европага Улугбектин ачылышы тууралуу маалымат ошондон ары кеткен.

Али Кушчу бир эле учурда Борбор Азиянын дагы, Осмон дөөлөтүнүн дагы орток окумуштуусу. Мына ушундай орток нерселерди биз сөзсүз киргизишибиз керек.
Албетте, абдан татаал маселелер бар. Маселен, Эмир Темир өзү Анкарада Осмон султаны Баязитти жеңип алганы сыяктуу нерселер ар бир тарыхта бир жагында баатыр болсо, экинчи тарабында баскынчы катары карала бериши мүмкүн да.
Бирок орток китепте бул жөн гана саясий окуя катары чечмелениши керек. Жалпы түрк элдеринин тарыхы үчүн мындай окуялар элдин ынтымагын эч качан бөксөртпөгөндөй болуп жазылышы керек. Көп салгылашуулар азайтылып эле берилди. Албетте, Таластагы Атлах салгылашуусу кирди.

- Сиздердин сунуштардын бири дагы ушул Таластагы салгылашууну киргизүү болчу да башында.

- Буюрса, китепке кирди.

- Келечегинде бул эмгек эмнеси менен баалуу болот?

- Бул китепте мамлекети бар, мамлекети жок бардык түрк элдеринин тарыхы орток камтылып жатат. Ошондуктан бул Евразиянын тарыхынын ичинен түрк элдеринин орток тарыхынын чагылдырылышы – жалпы эле адамзаттын тарыхын изилдөөгө чоң салым болуп эсептелиши керек. Кээ бирөө “шовинист болуп жазып жатасыңарбы” деген суроону жазып жатышат. Мен аларга жооп берет элем, ар бир түрк элдеринин тарыхын жазып жаткан учурда ошол чөлкөмдөрдөгү башка элдердин, этностордун ошол окуяларга катышуусу, салымдары кылдат, калыс чагылдырылды. Ошондуктан бул китеп Евразиядагы көчмөндөр жана отурукташкан калктар түзгөн орток цивилизациянын көпүрөсүн чагылдырат деп эсептейм.

Менин сунушум – Кыргызстандын өзүнүн окумуштуулары дагы жалпы түрк тарыхы боюнча атаандаш эмгектерин жаза алышат. Буга эч ким тоскоол болбойт. Башында сунушталганда ар бир эгемен түрк өлкөлөрүнүн окумуштуулары автор катары катышсын деп айтылган.

Бирок кийин Эл аралык Түрк академиясынын чечими менен окуу китебин казакстандык Дархан Кыдырали жана өзбекстандык тарыхчы, нумизматика адиси Гайбулла Бабаяров экөө биргелешип жазды. Бирок китепти ийине жеткирүүдө Эл аралык Түрк академиясындагы окумуштуулар тобу, тарыхчы Тимур Козырев жана башкалар да авторлорго үзүрлүү жардам беришти. Кайсы бир деңгээлде авторлор түзүүчүлөр сыяктуу болуп, китеп долбоорун редакциялык жамаат ийине жеткирди.

- Социалдык тармактардан бул эмгектер кандай болду экен, бурмаланып, кайсыл бир өлкөнүн таңуулоосу алдында жазылып калбадыбы деген кабатырланган пикирлерди окуп калдым.

- Ошентип коомчулук тынчсызданып жатканына алкыш айтам. Бирок “окубасам дагы пикиримди айтайын” дегендей эмес, эми окуп, анан пикирлерин жазсын. Башка дагы мүчүлүштүктөрдү тапса, биздин мейкиндигибиз эркин. Алар өздөрүнүн пикирлерин сөзсүз эркин жаза алышат.

Бир гана нерсе бар да: бизде кээ бирлери 7 миң жыл мурун эле кыргыз болгон деп, санжыра, жомокторго таянып жазып жатышпайбы. Бирок бул китеп бурмалоочу “фолк-хисториге” эч качан орун бербей турган эмгек. Ал эми “фолк-хисторинин” кишилери кийин деле китеп үчүн кыжалат боло бериши мүмкүн. Бул – фактологиялык маалыматка негизделген китеп.

Аудиосун бул жерден угуңуз:
Орток тарых кандай жазылды?
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:03 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG