Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Август, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:15

СССР доорунда Кыргызстандын эгемендигин көтөргөн илимпоз


Кубанычбек Нурбеков, юридика илимдеринин доктору, профессор.

Профессор Кубанычбек Нурбеков СССР Конституциясында ырасталган айныксыз укукту айтканы үчүн кызматынан, партиядан алынган. Бир топ жылга созулган басым-кысым, кодулоонун айынан жарыкчылыктан эрте кеткен. Куугунтук курмандыктарынын бул жолку чыгарылышында таланттуу илимпоздун кайгылуу тагдырына токтолобуз.

Совет мезгилинде өз алдынчалуулук тууралуу айткан

Совет өлкөсүнүн курамындагы улуттук республикалар өзүнчө бөлүнүп, эркин мамлекеттер катары жашоого укугу бардыгын башка бирөө эмес, совет мамлекетинин негиздөөчүсү Владимир Ильич Ленин ырастаган.

Падышалык Орусия курамындагы улуттук түзүмдөрдүн көбүн большевиктер күч менен, башкаларын узун кулач убадаларга тойгузуп, эңгезер коммунисттик империя аймагын кеңейткен. Совет өлкөсү биринчи күнүнөн тарта улуттук республикалардын өз алдынча өлкө болуу укугун Баш мыйзамына бакыйта жазып, такай ырастап келди.

Улуттардын толук укуктарга ээ болушун, алардын тагдыр-жолун өздөрү гана аныктай аларын, ошол эле учурда бардык улуттардын жумушчуларынын биригип кетишин да Владимир Ильич Ленин баса көрсөткөн. Мындай эркиндик кайсы бир улуттун экинчи бир кубаттуу түзүмдүн кол алдында кул болуп калышынан, эзүү азап-тозогунан куткаруунун жападан-жалгыз жолу экени эскертилген. Жумушчу калкынын эл аралык тилектештигине жетиш үчүн улут менен эл эркин, өз тагдырын өзү чечүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек эле.

В.Лениндин улуттук өз алдынчалык укугуна негиздеп, 1970-жылы профессор Кубанычбек Нурбеков дүйнөлүк пролетариаттын жолбашчысынын 100 жылдыгына арналып Фрунзе шаарында (Бишкек) өткөн илимий жыйында “В.И.Ленин жана улуттардын саясий өз алдынчалыгын тандоо укугу” деген темада кызыктуу баяндама жасаган. Анда ал:

“Өз алдынча болууну аныктоо укугу – ар бир элдин (улуттун) өз алдынча, өзү каалагандай улуттук байлыгы менен жер байлыгын пайдалануусу, өзүнүн коомдук-экономикалык түзүлүш формасы менен саясий статусун, өз алдынча көз карандысыз улуттук мамлекетин түзүүсү, бөлүнүп чыгуусун аныктоосу”,- деп билдирген.

Улуттардын өз алдынча болуусу, көз карандысыз мамлекетин түзүшү совет мамлекетинин негиздөөчүсү В.И.Ленин менен өнөктөштөрүнүн ортосунда эчен кызыл чеке талаштарды жараткан. Падышалык Орусия курамындагы көп улуттуу эңгезер аймакты кантип башкаруунун жолун табыш кыйын экендигин турмуш да көрсөткөн. Соңунда Орусия курамында автоном республика, облус, аймактар калып, ага союздук башка республикалар кошулуп СССР деген эңгезер биримдик - коммунисттик империя жаралган.

Анын курамына кирген республикалар өз алдынча эркин мамлекет болууга укугу бардыгы советтик конституциялардын текши баарында ырасталган. Бирок кагазда жазылган укук менен реалдуу жагдайдын ортосунда асман-жердей айырма жатканын айрым акылы зиректер аңдабай калышкан экен.

Куугунга кабылган Кубанычбек Нурбеков

В.И.Ленин эчен ирет айтып, советтик Конституциялардын текши баарында жазылган акыйкатты айта койгон профессор Кубанычбек Нурбеков бийликтин каарына калды. Алгач иштеген жериндеги партиялык уюм башкалар ачык айтууга батына албай келген аялуу пикирди жарыя кылган илимпоздун аракетин сынга алып, ага улай басма сөздө айыптоо макалалары жаай баштаган.

Бул иштин башында, албетте, Кыргызстан компартиясынын Борбордук комитети турган. 1971-жылы 3-мартта Кыргызстан коммунисттеринин XVI курултайында биринчи катчы Т. Усубалиев соңку кездери айрым илимпоздор туура эмес көз карашты карманып, кыргыз мамлекеттүүлүгү боюнча жаңылыш түшүнүктөрдү жарыя кылып жатышканын белгилеп, бул катачылыктар республикалык партиялык активде принципиалдуу сынга алынганын, Борбордук комитет ал боюнча токтомдор кабыл алганын, басма сөздө, илимий мекемелерде өткөн жыйындарда жаңылыш түшүнүктү карманган илимпоздор туура сындалганын жарыя кылган.

Партиянын катарынан чыгарылган илимпозду жума сайын эки ирет Мамлекеттик коопсуздук комитетине чакырышып, ал жерде да кенен-кесир түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Замандаштарынын айтымында, Кубанычбек Нурбековду коопсуздук кызматынын кеңсесине чейин аялы Лариса Нурбекова коштоп барчу.

Лариса (Полярина) Григорьевна уулу Эрик Кубанычбеков менен. Кыргызча ысымы Жылдыз. Нурбековдордун үй-бүлөлүк архивинен.
Лариса (Полярина) Григорьевна уулу Эрик Кубанычбеков менен. Кыргызча ысымы Жылдыз. Нурбековдордун үй-бүлөлүк архивинен.

Борбордук комитет, Кыргызстан коопсуздук комитетиндегилер К. Нурбековго жарыя айтылып кеткен позициясынан кайтууну, жаңылыштыгын моюнга алып, элден кечирим суроону талап кылышкан. Илимий иши менен адамдык позициясына келгенде темирдей бекем турган К. Нурбеков үлкөндөр алдында ийилген эмес. Туура багытты көрсөткөн идеологдор, республика башкаруучулар ийикпеген илимпоздун өзүн баш кылып, аялын, бир туугандарын, жакындарын кызматтан алып, ачык эле куугунтуктоону баштап ийишет.

Аны Кубанычбек Нурбековдун бир тууган агасынын уулу Садыр Нурбековдон уксак:

"Бул кишини жумуштан алып, артыкчылыктарын жок кылышканда Таласта иниси райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы эле, райондук аткаруу комитет төрагасынын орунбасары болот деп атышкан, кайдагы райисполком, аны кызматтан алып, андан кийинки иниси Болсунбек банк жетекчиси болчу, аны иштен алышты. Аларды кийин кайра жумушка алышпады. Болсунбек байкем ооруп калды, ишсиз калып тез эле кайтыш болду. Ортончусу Турусбек акем Таласта мектеп директору болчу, жакшы иштечү, аны да иштен алышты. Ал киши келе жатканда коридордо чымындын үнү угулуп турчу дешет. Айылдагы жакшылык-жамандыкта Турусбек акем баш-көз эле. Ал киши талапты өзүнө да бекем койчу. Болсунбек байкем банкта иштеген интеллигент адам болчу. Бирөөлөргө чоң болбой, айтпай-дебей өзүнчө иштей берчү. Эң кичүүсү Молдокан акем, ал да өтүп кетти. Ал киши Бакай-Атада отурукташып, бала-чакасы менен ошол жакта болчу. Бир туугандары бүт өтүп кетип “мен жалгыз калдым” деп кайгырып жүрүп ал киши да ажалга моюн сунду".

Эңгезер системанын барасына туш келген Кубанычбек Нурбековдун мээсине кан куюлуп, үч ирет жүрөк оорусуна чалдыгып, жарым жан болуп калган.

Жергиликтүү басма сөздөгү жабыла сындоолор, жумушсуз отуруп калуу, коопсуздук кызматынын тынымсыз сурактары илим адамын чөктүрүп, кыйын абалга кептелткен. Адам жаны темир эмес, үч жолку инфарктты көтөргөн тайманбас жүрөк укук жаатындагы сейрек кездешчү мыкты окумуштууну 57 жашында алып тынды.

Турусбек, Кубанычбек Нурбековдор, ортодо апасы Алиман. 1959-жылы Кубанычбек Нурбековдун кандидаттык диссертациясын жактагандан кийин. Нурбековдордун үй-бүлөлүк архивинен.
Турусбек, Кубанычбек Нурбековдор, ортодо апасы Алиман. 1959-жылы Кубанычбек Нурбековдун кандидаттык диссертациясын жактагандан кийин. Нурбековдордун үй-бүлөлүк архивинен.

Нурбеков тууралуу айтканда “биринчи” деген сөз көп айтылат

Кубанычбек Нурбеков жогорку билимди Ташкенден алып, аспирантураны Москвадан аяктап, ошол жерден кандидаттык диссертациясын, он жылдан кийин доктордук диссертациясын коргогон көрүнүктүү адис, Кыргызстанда кол менен саналчу мыкты илимпоз эле.

1928-жылы Талас районунун Кум-Арык айылында төрөлгөн. Коммунисттик бийликке жакпай, бир топ жыл басым-кысым алдында жашаган азаматтын сөөгү 1985-жылы туулган жеринде коюлган.

Ал тууралуу кеп кылганда “биринчи” деген сөз көп айтылат, кыргыздар арасындагы биринчи юридика илимдеринин доктору, мектепте окуганда биринчи жолу медал менен сыйланганы. Ал эми анын илимий кызыкчылыгын арттырган тема кыргыз мамлекеттүүлүгүнун укуктук негниздери болчу. Тарых менен философия, кайсы бир деңгээлде, маданият, экономика ирегелешип кеткен илимий проблеманы Кубанычбек Нурбеков мыкты билчү.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тамыры кайдан чартактап чыгарын, анын совет заманы кезинде кандай деңгээлге жетишкени, келечек перспективасы кандай болушу керектигин Кубанычбек Нурбековдон өткөрүп айтып, сыпаттап берчү илимпоз мурда эле аз эле, ушу азыр деле көп эмес.

Мыкты илимпозду "чоң борбордун" кабак-кашын аңдып отурган жергиликтүү идеологдор, алдыга озуп кеткен талантты кандай да болсо бут тосуп аксаткысы келгендер жок жерден айып таап, кине жаап мүдүрүлтүштү. Болбосо В.И.Ленин бир эмес бир нече эмгектеринде кан какшап сайрап, улам-улам эскерткен принципиалдуу маселе, өлкөнүн Баш мыйзамында жазылган берене үчүн куугунтукка алат деген эмне шумдук!

Мына, андан бери арадан алтымыш жыл ашуун убакыт өттү. Кубанычбек Нурбековдун айткандары, жазгандары турмуш чындыгына айланды. Тоталитардык коомдун арааны жүрүп турган кезде системанын душманына айланган белгилүү адамды эмнелер күтөрүн элестетүүгө ашкан акылдын деле кереги жок.

Укуктук жагынан ырасталган акыйкат үчүн көз көрүнөө ыдык көрүп жаткан илимпоз адамдык, илимпоздук ар намысын коргоп Москвага чейин барган. Бактыга жараша ал жерден көздөгөнүнө жетип, тартылып алынган илимий наамдары, сыйлыктары кайтарылып, Фрунзеден иштөөгө уруксат берилген.

1972-жылы ур-тепкиге алынган профессор Кыргыз ССР илимдер академиясынын Философия жана укук институтуна кенже илимий кызматкери болуп орношкон.

Кыргыздын алгачкы юристи Кубанычбек Нурбековдун уулу Эрик Нурбеков. Нурбековдордун үй-бүлөлүк архивинен.
Кыргыздын алгачкы юристи Кубанычбек Нурбековдун уулу Эрик Нурбеков. Нурбековдордун үй-бүлөлүк архивинен.

Тармактагы көрүнүктүү адисти басынтуунун алдагыдай кыйды амалын ким тапканы белгисиз калып мезгил бүктөмү менен кошо кетти окшойт.

Республикада ал кезде жалпы совет эли түшүнүгүн жайылтуу маселеси, эмгекчилерге интернационалдык тарбия берүү милдети, орус тилин экинчи эне тили кылуу амал-аргасы күчөп турган чак болчу. Бул милдеттерди жүзөгө ашырыш республиканын идеологиялык күжүрмөндөрү менен кыйды аткаминерлери жалгыз Кубанычбек Нурбековду эле эмес, кыргыз интеллигенциясынын биртоп өкүлдөрүн жазага тартышкан, олчойгон айыпка, кинеге жыгышкан.

"Партбилетин “экинчи албайм” деп ордуна коюп койгон"

Улуттук мамлекеттүүлүк маселесине Кубанычбек Нурбеков 60-жылдардын башында жарыяланган эмгектеринде эле кайрылган. Илимпоз айныксыз далил, бекем негиз катары Лениндин: “Улуттун өзүн-өзү аныктоосу, албетте, анын чоочун улуттук жамааттардан мамлекеттик бөлүнүүсү, өз алдынча улуттук мамлекет түзүүсү” деген тезисин алган.

Ушуга улай жолбашчынын: “Орусия курамына кирген бардык улуттарга алардын өз алдынча мамлекет түзүү жана андан өз алдынча бөлүнүп кетүү укугу таанылышы керек” деген сөзү 70-жылдарга чейин эмгектеринде келтирилип, жарыяланып келген. Андан эч ким кынтык издебей, идеялык айып коюунун аргасын жасабаптыр. Атүгүл “бул эмгекте автор улуу Лениндин көрсөтмөлөрү практика жүзүндө кантип ишке ашырылганын колониалдык заманда өнүгүүнүн капиталисттикке чейинки мамиле-катышында калып калган кыргыз элинин конкрет мисалында көрсөтүп берет” дегени деле талаш-тартыш жаратпаптыр. Лениндин бир кезде жазып койгон пикирине мынчалык кадалып калдың деп эч ким кине деле такпаптыр.

К.Нурбеков өмүрүнүн соңунда таяк менен басып калганын, өзүнө каршы жасалган иштерди айткысы келбегенин, “буларга эч качан жакпай турганын” өкүнүч менен шардана кылганын Садыр Нурбеков минтип эскерет:

"Жумуштан алганы аз келгенсип жанагы партбилетин да алып коюшкан да. Кийин ошол партбилетин албай коюп, “экинчи албайм” деп ордуна коюп койгон. Өзү университетте кафедра башчысы, декан болгон. Анан бир күнү баарын алып коюшуп, жумушу жок калды. Кийин Москвадан “беш жылым кетти” деп айтчу, баарын калыбына келтирип бул жакка жиберишсе профессорлугун беришти, калыбына келтиришти, бирок жумушуна кайра коюшкан жок. Илимдер академиясында кенже илимий кызматкер болуп иштеп калды. Ушунусу психологиялык жагынан оор болду. Абам өзүн бекем кармачу, эч кимге арызга отурчу эмес. Кийин аны “кайт” дешиптир, “кайтпайм” деп койду. Мынабу илимий кызматкерлер, жооптуу профессорлор келип айтса ойлонмокмун, бирок партиянын айтканы менен илимдики экөө эки бөлөк. Кайтпай койду. Союзга өз ыктыярыбыз менен киргенбиз, өз ыктыярыбыз менен чыга алабыз дейт, бул эми теориялык жагынан да. Ал кезде мүмкүн эмес болчу, айтыш эч кимдин оюна келчү эмес".

Көптөрдүн оюна келбеген, келсе да айта албаган нерсени бир окумуштуу айта алды. Бирок анын баасы өзү, жакындары үчүн өтөле оорго турду.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG