Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

Алясканы эмес, Түркияны тандап кеткен Памир кыргыздары


Кыргыз качкындары. Пакистан, 1979-жыл (Бернард Репонд тарткан сүрөт).
Кыргыз качкындары. Пакистан, 1979-жыл (Бернард Репонд тарткан сүрөт).

Вандык кыргыздардын Түркияга көчүп барганына быйыл 40 жыл болду.

Андан бери Памирден түрк жергесине көчкөн бир ууч кыргыздын саны өсүп, алды мамлекеттик кызматтарды аркалап келет. Алардын бири Дижле университетинин окутуучусу, акын, Рахманкул хандын небереси Абдулмукадес Кутлу.

Ал Памирден Түркияга барган кыргыздардын жолу тууралуу "Азаттыкка" маек курду.

Абдулмукадес Кутлу.
Абдулмукадес Кутлу.

- Абдулмукадес мырза саламатсызбы. Быйыл памирлик кыргыздардын Ооганстандан Түркияга көчүп келгенине 40 жыл болуптур. Бул жолду басып өткөн күбө катары ошол күндөрдү сүрөттөп берсеңиз.

- Саламатсызбы. Албетте, биздин Түркияга аяк басканыбызга 40 жыл болду, бирок бул көч андан мурдараак тагыраагы, 43 жыл мурда башталган.

Ооганстанда Апрель ыңкылабы болгондон кийин чоң атам Рахманкул хан аксакалдарды чогултуп, көчкөнгө туура келиптир. Мен анда кичинекей бала элем. Аксакалдар ойдо жок жерден "көчөбүз" деп дүрбөп калышты. Мен курактуу балдар аны жайлоого көчкөндөй эле кабыл алдык. Бирок бул ирет көчүү башкача болду, улуулар кайрылып келбей тургандай ыйлап жатышты. Балдарга эч нерсе айтылган жок. Балким, коркпосун дештиби, белгисиз.

Ошентип көчүп баштадык. Түнү менен жол жүрөбүз. Отту көрүнбөй тургандай кылып жагып, жылынып жаттык. Бала кыялыбыз менен көчтү ээрчип кете берик.

Ооганстандан Пакистанга өттүк. Анда документ, паспорт деген нерсе эч кимде жок эле. Кийин Гилгит деген шаарга келип, биздин үй-бүлө шаарда үй ижарага алып, жашай баштадык. Памирден көчкөн кыргыздарды жоон тобу дарыянын жээгине атайын лагерге жайгаштырылды.

Абдулмукадес Кутлу. Памир. Ооганстан.
Абдулмукадес Кутлу. Памир. Ооганстан.

Гилгитте мектеп жашындагы балдар окуп, урду, фарс тилин үйрөндүк. Жергиликтүү балдар менен ымала кура баштадык. Ал эми Рахманкул хан баш болгон аксакалдар тобу АКШнын Аляска аймагына же Түркияга кетүү үчүн арыз жазышыптыр, сүйлөшүүлөр болуптур. Аны кийин каттарды окуганда гана билдик.

Ошентип Пакистандан да көчүп баштадык. Равалпинди шаарына эски-уску автобустар менен татаал жолдорду басып өткөнүбүз эсимде.

- Ошентип Пакистандан Түркияга атайын учак менен учуп кеттиңиздерби?

- Ооба. Ошондо жашообузда биринчи жолу учак көрдүк. Анда балабыз да, Түркиянын кайсыл шаарына келгенибизди билген жокпуз. Көрсө, Адана шаарына конуптурбуз. Бизди чоң делегация, түрк желеги жана Ататүрктүн сүрөтү менен тосуп алышты. Аданадан бизди Ван шаарына жакын Кара-Гүндүз деген айылга алып келишип, үч-төрт бөлмөлүү үйлөргө жайгаштырышты.

Эсимде калган нерсе, тилин такыр түшүнбөгөн кишилер келип бизге бир нерселерди айтып, балдардын башынан сылап жатышты. "Кызыл Ай "уюму тамак-аш таратышты. Ал эми ошол эле жылы мектеп курагындагы балдарды интернатка жайгаштырышты.

Түрк тилин үйрөнө баштадык. Балдарга бүт нерсе кызык болуп атты. Анткени Памирдеги жашоо менен салыштырууга болбойт эле.

Улуу-Памир айылы. Ван, Түркия.
Улуу-Памир айылы. Ван, Түркия.

- Ошол Пакистандан Түркияга учкан учакта кыргыздардан башка борборазиялык качкындар да бар экени айтылат. Ошол тууралуу айтып берсеңиз.

- Чоң атам Рахманкул хан ошол учурда Пакистанда жашап турганда ал жердеги түркмөн, өзбек, казак аксакалдар менен да тыгыз байланышта экен. Түркия уруксат берип "алып кетебиз" дегенде, чоң атам "биз аз киши эмеспиз, көппүз" деп айттырыптыр. Түркиядан ошондо "канча киши болсо баарын кабыл алабыз" деген жооп келиптир. Ошондо Пакистандан Түркияга алты учак менен 4300дөй киши учуптур. Түркмөн, өзбек, казак туугандар да келди. Казактар Кайсериге, түркмөндөр Токатка, өзбектер Хатайга, ал эми 1300дөй кыргыз Ванга жайгаштырылыптыр.

- Ванга жайгаштырылган кыргыздар ал жердин шартына, климатына бат эле көндүбү?

- Чоң атам Рахманкул хандын Түркияга кетүүсүнүн биринчи себеби тил болгон. Тил, үрп-адат, салт-санаа жакын. Бир динди тутунабыз. Аляскага барбай койгонунун бирден бир себеби ошол.

Жаштар кыйналбай эле көнүп кеттик. Пакистанда деле дароо тил үйрөнүп, шартына деле көнгөнбүз. Ал эми аксакалдарга эң маңыздуу, эркин жашоосун, мекени Памирди таштап кетүү кыйынга турганы талашсыз.

Ариф Кутлу, Имит, Пакистан, 1979-жыл, (Бернард Репонд тарткан сүрөт)
Ариф Кутлу, Имит, Пакистан, 1979-жыл, (Бернард Репонд тарткан сүрөт)

Памирдик кыргыздар өз ара ал жерди "Памыл" деп айтышат. Аксакалдардын аң- сезими, көнүмүш жашоосу Памирде калды. Кыргызда сөз бар го "үңкүр болсо да үйүм жакшы" деген, анын сыңары азыр деле Памир улуу муундун көзүнөн учуп жүрөт. Ал жерде балалыгы, дүйнөсү калды.

Чынын айтсам Памир мени анча кызыктырбайт. Албетте, менин балалыгымдын эң таттуу күндөрү ошол жакта өткөн. Колум менен балык уулап, суур, кекиликтин аркасынан кубалагам. Бирок азыр ал жерге барып, жашоо-шартына, аба ырайына көнө албайм. Анткени ал жер дүйнөгө жабык, байланыш жокко эсе.

Бара-бара биз Түркиянын жашоо-шартына, тилине көнүп кеттик. Бул өлкөгө кыянаттык кылбай жашап жатабыз.

- Абдулмукадес агай сиздин билим алууңуз кандай уланды? Кыргызстан эгемендик алгандан кийин Түркиядан Кыргызстанга барып университетте окуган алгачкы студенттерден болгон экенсиз?

- Биз Ооганстандан Пакистанга көчүп келгенде 1-2-классты ошол жакта окудум. Анда калем, китептер жок болчу. Азыр кыздарыма айтып берсем күлүшөт. Топуракты суу менен эзип, аны тактайга төшөп, камышты кесип калем кылып, анан ошол кургап бараткан топурактын үстүнө жазып окуйт элек. Имарат жок, сыртта эле окудук.

Түркияга келгенде бир ай түрк тилин өздөштүрүү үчүн балдардын баарын окутушту. Орто мектепти да Ванда окудум.

Кийин Кадыралы Коңкобаев агай айылга келип, "балдарды Кыргызстанга университетке жөнөткүлө" деп калды.

Абдулмукадес Кутлу группалаштары менен. Бишкек.
Абдулмукадес Кутлу группалаштары менен. Бишкек.

Ошентип Муса байкем экөөбүз Кыргызстанга билим алууга жөнөй турган болдук. Вандан Стамбулга, андан Бишкекке учабыз деп келдик. Бирок каттам жок экен. Ошентип Стамбулдан Ташкентке учуп, андан ары Бишкекке жетебиз деп жолго чыктык. Ташкентке таң атпай кондук. Андагы ички сезимди айтып берүүгө убакыт жетпейт. Анткени чоң атам Рахманкул хан жалпы түрк элдеринин эркиндиги үчүн өмүрүн арнап, бирок көрбөй кеткенин биз көрүп жатканыбызга бир четинен сыймыктанып турдук.

Бишкекке автобус менен жеттик. Андагы маданият министри Чолпонбек Базарбаев байкем экөөбүздү машинеси менен тосуп алып, үйүнө алып барды. Мамлекеттик деңгээлде коноктоп жаткандай эле сезилди.

Кийин Улуттук университетке кабыл алындык, бизди жатаканага жайгаштырышты. Жатаканада бардык шарттар түзүлүптүр. Беш жылдыздуу мейманканадай эле сезилди. Ошондо гана өз эл-жериң, мамлекетиң кандай кымбат экенин билет экенсиң.

- Азыр Улуу Памир айылында орто мектеп бар, анда 350дөн ашык бала окуп жатканын билебиз. Буга чейин 90-жылдары Кыргызстандан келген мугалимдер кыргыз тилин, тарыхын жана музыкалык аспаптарын үйрөтүп жүрчү дешет. Бүгүн бул мектептин абалы кандай? Негизи эле вандык жаштар эмне менен алектенет?

- Абал азыр жакшы. Айылда элдин жашоосу деле жакшы. Кыйынчылыктар бар, албетте, бүт дүйнөдө болуп жатпайбы. Бирок бизге гана тиешелүү дегидей оор маселе азыр жок. Кыргыз тили, адабияты, тарыхы жана маданиятын үйрөтүүчү мугалимдер келсе, биз үчүн аябай жакшы болмок. Ушул маселени караш керек.

Вандык жаштар, балдар.
Вандык жаштар, балдар.

Жаштар Түркиянын шартына, экономикалык абалына жараша жумуш издеп, колунан келген ишти аркалап жүрүшөт. Окугандар да көп. Мисалы, Ванда биздин айылдагы мектеп экзамендердин жыйынтыгы боюнча биринчи-экинчи орундарда турат. Аябай зээндүү балдар бар.

Түркиянын атуулу болгондон кийин эч кандай бизге өзгөчө мамиле болгон эмес. Муну эл туура түшүнсүн деп айтып жатам. Мисалы, азыр Сириядан келген балдарга, иши жокторго акчалай жардам берилет. Өкмөт колунан келгендин баарын жасап жатат.

Биз Түркиянын жалпы эли кандай болсо, ошондой жашап келебиз. Бирок канчалык шартына көнсөң, түрк тилинде сүйлөсөң деле, түркчө бийлесең деле, кыргыздыгың билинип, өзгөчөлөнүп турасың. Кээ бир жерлерде сага эшик кенен ачылса, кээ бир жерлерде жабылып турат.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG