Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:17

Бишкекте "Украинадагы биздикилер" кинотасмасы көрсөтүлдү


Украинанын эгемендик күнүнө карата жарандык активист Адил Турдукулов согуш жүрүп аткан бул өлкөгө барып тартып келген кинотасмасын көргөздү.

Тасмада Борбор Азиядан барып, согуш башталганда Украинаны таштап кетпей жашап жаткан адамдардын жашоо-турмушу тууралуу баяндалат.

"Украинадагы кыргыз, өзбек, казак, түркмөндөрдүн жашоосун көрүп келдик. Алардын баарынын маанайы жакшы, бир мезгилдерде Украинага келип, отурукташып калганына өкүнбөй турганын айтышты. Арасында Украинанын куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн, журналист болуп иштеген, ишкерлик кылган, философтор, спорт машыктыруучулары жана Борбор Азиядан барып, жергиликтүү кеңештерге депутат болгондор бар экен. Алар Украинанын жаркын келечегине, Кыргызстан менен Украинанын ортосундагы кызматташуу жана достук мамилеси чыңдаларына ишенип турушат".

Кинотасманы көрүүгө Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Соната Коултер жана активисттер катышты.

Тасма көрсөтүлгөндөн кийин Украинадагы согушта каза болгон жайкын тургундарды эскерип, бир мүнөттүк аза күтүү жарыяланды.

Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко ыраазычылык катын украиналыктарды колдоп каражат топтогондорго, достук мамиленин бекем болуусуна салым кошкондорго, тасманын авторлоруна тапшырды.

Турдукулов жакында жеке репортаж тартуу үчүн Украинага барып келген. Ал карапайым калктын жашоо-турмушу Орусия басып киргенден кийин кантип өзгөргөнүн, жакындарынан айрылгандардын кайгысын, колуна курал алып туулган жерин коргоп жаткан адамдардын үмүт-тилегин көрсөтүүнү көздөй турганын айткан.

Орусия Украинага быйыл 24-февралдагы кол салуусун "атайын операция" деп атоодо. Дүйнө коомчулугу Орусияны агрессор катары айыптап жатат.

Кыргызстан согуш башталгандан бери бейтарап позицияда экенин белгилеп келет.

Украианда Кыргызстандын 1300дөн ашуун жараны бар экени айтылган. Согуш башталгандан кийин алардын дээрлик бардыгы өлкөдөн чыгып кеткен. Кыргызстандын Киевдеги элчилиги берген маалыматка караганда, учурда өлкөдө 70-80дей кыргызстандык калган. (КЕ/KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG