Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:20

Акылбек Жапаров Кумтөр кенине бара турганы кабарланды 


Кумтөр кени. 28-май, 2021-жыл.
Кумтөр кени. 28-май, 2021-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 24-августта Кумтөр кенине барары күтүлүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттөгү булактар кабарлады.

Министрлер кабинети "Кумтөр" компаниясынын ишинде чоң өзгөрүүлөр болгонун 23-августта кабарлаган. Маалыматта Эсеп палатасынын тийиштүү текшерүүлөрүнө байланыштуу "Кумтөр" компаниясын буга чейин жетектеп келген Тенгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматынан четтетилгени айтылган. Текшерүүнүн жыйынтыгында финансылык мыйзам бузуулар, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш, тетиктер жогорку баада сатылып алынганы аныкталган.

Расмий маалыматка караганда, Башкы прокуратура жалпы көзөмөл иретинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Эсеп палатасынын кызматкерлерин тартуу менен текшерүү иштерин баштады.

Бөлтүрүк "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калды.

“Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Кийин “Центерра голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөр Голд Компани" ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган. 2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингине берилген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG