Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:13

Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министринин милдетин аткарат


Гүлнара Баатырова
Гүлнара Баатырова

Президент Садыр Жапаров Гүлнара Баатырованы саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу кылып дайындады. Анын бул кызматка талапкерлиги кийинки айда Жогорку Кеңеш жайкы тыныгуудан келгенде каралмакчы.

59 жаштагы Баатырова 1986-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун аяктаган. Өмүр баянында 1986-1988-жылдары Бишкектеги №2 шаардык клиникалык ооруканасында иштегени, 1988-2001-жылдары Кара-Суу районундагы борбордук бейтапканада терапевт, бөлүм башчы, жетекчи болгону көрсөтүлгөн. 2001-2013-жылдары Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна директор болгон.

2004-2011-жылдары Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты, төрайымы болуп турган. Соңку жылдары Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү (2011-2021) да болгон. Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Медициналык аккредитациялык комиссияны жетектеген.

Июнь айында убактылуу ишинен четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 19-августта кызматынан алынган. Министрдин милдетин Жаркынбек Касымбеков аткарып жаткан.

Бейшеналиев 2-июнда "коррупцияга" айыпталып камакка алынып, 16-июнда кайра үй камагына чыккан. Башкы прокуратура ага чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1,5 миллиарддан ашык сомго вакцина сатылып алынганынан улам айып койгон жана Бейшеналиевге жалпысынан жети кылмыш иши козголгонун билдирген.

Мунун натыйжасында Бейшеналиев менен башкы прокурор Курманкул Зулушевдин тиреши жаралып, президент Садыр Жапаров бул жагдайды иликтөө үчүн коммиссия түзгөн. Кийинчерээк мамлекет башчы маектеринин биринде "экөөндө тең күнөө бар" экенин айткан.

Бейшеналиевдин адвокаты Кайсын Абакиров 16-августта вакцинага байланыштуу козголгон кылмыш иши токтотулганын жарыялаган.

Ал “Алтын балалык" ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборунун директору болуп дайындалганы белгилүү болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG