Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

Өкмөт банктарда алтын, күмүш куймасын сатууну караштырып жатат


 Жыл башында Садыр Жапаров жарандарды Улуттук банктан алтын куймаларын алууга чакырган.
Жыл башында Садыр Жапаров жарандарды Улуттук банктан алтын куймаларын алууга чакырган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров банк тармагынын өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү.

Өкмөттүн басма сөз кызматы 23-августта билдиргендей, Жапаров анда салыктык башкарууну жана банктык тейлөөнү санариптештирүү тыгыз кызматташууга муктаж экенин белгилеп, банктарды бул багытта жигердүү болууга, фискалдык түзүмдөрдү реформалоодо көмөктөшүүгө чакырды.

Ошондой эле бул тармактын келечегине токтолуп, коммерциялык банктарда алтын жана күмүштүн өлчөнгөн куймаларын жана тыйындарды сатуу-алуу мүмкүнчүлүгү каралып жатканын айткан.

Соңку кездери Кыргызстанда коммерциялык банктарга байланыштуу сын-доомат көбөйдү. Өлкөдө ири суммадагы соода-сатык, насыя, бизнес негизинен АКШ долларына байланган. Учурда накталай доллар тартыштыгы, банктардагы чектөөлөр, кошумча комиссия акысы ишкерлерге түйшүк жаратып, айрымдарынын кирешесин азайтканын айтып жатышат.

Акылбек Жапаровдун банк өкүлдөрү менен өткөргөн жыйынында бул маселелер каралып-каралбаганы тууралуу маалымат берилген жок.

Ушул жылдын башында доллардын курсу кескин көтөрүлүп, 100 сомдон ашканда президент Садыр Жапаров жарандарды Улуттук банктан алтын куймаларын алууга чакырган. Өлкө башчынын кайрылуусунан кийин алтын алгандар көбөйгөн жана көп өтпөй эле алардын арасында анын баасы түшүп кеткенине нааразы болгондор чыккан.

XS
SM
MD
LG