Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Орусиядагы кырсык: жараат алган бир кыргыз жараны реанимацияда жатат


Жол кырсыгында каза тапкандардын сөөгү Кыргызстанга 23-августта алынып келет.
Жол кырсыгында каза тапкандардын сөөгү Кыргызстанга 23-августта алынып келет.

Орусиянын Ульяновск облусунда жол кырсыгында жараат алган үч кыргызстандыктын экөө оорукананын жалпы палатасына которулду, бирөө учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, аларды аталган облустун саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу жеке көзөмөлүнө алды. Керектүү дары-дармектер менен камсыздалды.

Кыргызстан бүгүн, 23-августта аза күтүп жатат.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, бул күнү өлкөдө, чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргызстандын туулары ылдый түшүрүлөт. Маданий жайларда, маалымат каражаттарында оюн-зоок иш-чаралары, көңүл ачуучу берүүлөр токтотулат.

Орусиянын Ульяновск облусунда 21-августта ири жол кырсыгында 16 адам, анын ичинде 14 кыргыз жараны мерт болуп, дагы үчөө жараат алган.

Маалыматтарга караганда, аварияга учураган кичи автобустагы кыргызстандыктар "кирди-чыкты" талабынан улам орус-казак чек арасына келип, кайра кайтып баратышкан.

Каргашадан улам кылмыш иши козголуп, анын Орусиянын Тергөө кызматы тергеп жатат. Маркумдардын сөөгү Кыргызстанга 23-августта алынып келет.

XS
SM
MD
LG