Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:50

Ульяновскидеги кырсыкта каза болгондордун жакындарына 300 миң сомдон берилет


Каза болгондордун сөөгүн алып келген учак. Ош аэропорту. 23-август, 2022-жыл.
Каза болгондордун сөөгүн алып келген учак. Ош аэропорту. 23-август, 2022-жыл.

Орусиянын Ульяновск облусундагы катуу жол кырсыгында каза болгондордун жакындарына 300 миң сомдон жардам берилет. Каражат президенттик фонддон бөлүнө турганын бүгүн, 23-августта маркумдардын сөөгүн тосуп алган учурда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, мындан сырткары ар бир аймактын акимдери, президенттин облустагы өкүлчүлүгү дагы жардам берет.

Каза болгон 14 адамдын ичинен бешөө Баткен, беш киши Жалал-Абад, төртөө Ош облусунун тургундары.

Орусиянын Ульяновск облусундагы катуу жол кырсыгында каза болгондордун сөөгү 23-августта 18:00гө жакын Кыргызстанга алып келинди. Учак Ош аба майданына конду. Тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү сөөктү маркумдар туулуп-өскөн айылдарга жеткиришет.

21-августта Ульяновскидеги кандуу жол кырсыгында 16 адам каза болгон, алардын 14ү кыргыз жараны экени такталган. Дагы үч адам ооруканада жатат.

Президент Садыр Жапаров 23-августту Кыргызстандын аймагында аза күтүү күнү деп жарыялаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG