Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:49

Орусиядагы кырсыкта каза болгондордун сөөгү Кыргызстанга алып келинди


Ош шаарындагы аэропорт. 23-август, 2022-жыл.
Ош шаарындагы аэропорт. 23-август, 2022-жыл.

Орусиянын Ульяновск облусундагы катуу жол кырсыгында каза болгондордун сөөгү Кыргызстанга алып келинди. Учак 23-августта Ош аба майданына келип конду. Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маркумдардын сөөгүн алып келүү үчүн даярдалган жүк ташуучу учак Ульяновск шаарына эртең менен учуп кеткенин кабарлаган.

Ульяновск шаарына өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, президенттик администрациянын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев, Орусиядагы Кыргызстандын консулу Манас Жолдошбеков жана элчиликтин өкүлү Доорбек Абдразаков барган. Алар жеринде Орусиянын ӨКМнин Ульяновск облустук башкармалыгынын башчысы менен жолугушкан.

21-августта Ульяновскидеги катуу жол кырсыгында 16 адам каза болгон, алардын 14ү кыргыз жараны экени такталган. Дагы үч адам ооруканада жатат.

Каза болгон 14 адамдын ичинен бешөө Баткен, беш киши Жалал-Абад, төртөө Ош облусунун тургундары. Тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү тосуп алып, сөөктү маркумдардын мурда жашаган айылдарына жеткирилет.

Маалыматтарга караганда, аварияга учураган кичи автобустагы кыргызстандыктар "кирди-чыкты" талабынан улам орус-казак чек арасына келип, кайра кайтып баратышкан.

Соңку учурда Орусиядагы мигранттарга каттоо талабынын күчөгөнүнө, кыргыз элчилигинин ишине байланыштуу сын-доомат көп айтылып жаткан.

Президент Садыр Жапаров 23-августту Кыргызстандын аймагында аза күтүү күнү деп жарыялаган. (КЕ/AAb)

XS
SM
MD
LG