Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:05

Кырсыктын күбөсү: Инимди талкаланган унаадан таптык


Карима Көчөрова Орусиянын Ульяновск облусунда 16 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына күбө болгон. Москвада бир нече жылдан бери иштеп жүргөн Карима кырсыкка кабылган автоунаада өзүнүн иниси бар экенин билген эмес.

Ал 16 адамдын өмүрүн алган кырсыктын чоо-жайы тууралуу "Азаттыкка" айтып берди.

- Карима айым, сиз Орусиянын Ульяновск облусундагы 14 кыргызстандык өмүрүн алган жол кырсыгына күбө болуп, жабыркагандарга алгачкылардан болуп жардам берүүгө катышкан экенсиз. Окуянын чоо-жайы жөнүндө кененирээк айтып бере аласызбы?

- Үй-бүлөбүз менен Кыргызстанды көздөй жолго чыкканбыз. Ойдо эч нерсе жок эле, Ульяновск облусуна келгенде жол аябай тыгын экен. Карасак, жолтандабастар айланма жол таап алып жүрүп калышты, биз да аларды ээрчип бара жатканбыз. Аңгыча "жол кырсыгы болуптур" деп эле айтып калышты, дал ошол жерге келгенде токтодук. Анан жолдошум, автоунааны токтотуп, билип келейин деп жөнөп калды. Биз машинеден түшкүчө эле ошол жактагы өзбек, орустар "кыргыздар экен" деп чуркап калышты. Жолдошум да ал жакка чуркап барып, бир аздан кийин келип менин иним жөнүндө сурап, "кайсы машине менен жолго чыкты эле" деп тактады. Оюмда эч нерсе жок эле "жума күнү жолго чыкса керек" деп жаткам. Бирок тынчсызданып, тыбырчылап чек араны көздөй унааларга кардар таап берип иштегендерге чалып сурай баштадым. Анткени чек арага барып "кирди-чыкты" кылыш керек деген балээ чыккандан баштап эле биздин жарандар жөнөп жатышкан эле. Инимдин сүрөтүн салып, көргөн-билген барбы деп сурасам, эч ким көрдүк дебейт. Акырында чыдай албай, кырсыктан жанчылган унаага жакындап бардым. Ал жакка барсам, кудай бетин көрсөтпөсүн, унаа, анын ичиндегилер "консервадай" эле болуп калыптыр. Инимди издеп, элчиликте иштегендерге SMS жөнөтүп жаткам. Көрсө, иним каза тапкандардын арасында экен...

- Иниңиз ким эле? Кандай жагдайда ал жерде болуп калыптыр?

- Менин иним Акылбек уулу Майрамбек деген жигит эле. Декабрда 25 жашка толмок. Агамдын тун уулу эле. Кадамжайдан, үйлөнө элек болчу. Кумурсканы да капа кылбаган, абдан жумшак жигит эле. Орусияда расмий түрдө каттоого туруп иштеп жүргөн. Беш жылдан бери Кыргызстанга келе элек болчу. Кесиби ширетүүчү эле. Ошол жакта окууну бүтүп, кесиби боюнча иштеп жаткан. Акыркы жолу жолукканда "сен өз кесибиң боюнча иштеп жатасыңбы?" деп сурасам, "өз кесибим менен иштеп жатам, тынчсызданбаңыз" деген.

Акылбек уулу Майрамбек.
Акылбек уулу Майрамбек.

Ата-энеси менен чогуу Москвада иштеп жүргөн. Кырсык болгондон кийин жеңемди Кыргызстанга учурдук. Агам бүгүн кечинде кырсыктан каза болгондордун сөөгүн салган учак менен Ошко келет. Эми тагдыр экен...Бирок ал жерде менин эле иним эмес да, жанындагы Шекербек деген Жалал-Абадда туулуп-өскөн жигит бар экен. Каза болгондордун баары жапжаш, эң уулусу 46 жашта...

- Бул унаадагылар Казакстанга чек арага барып, кайра кайтып бара жатышканбы? Кырсык кандайча болуптур, сиз күбө катары маалыматыңыз болсо керек?

- Алар Казакстанга барып, кайра Орусияга өтүшкөн экен. Биз алардын бет маңдайынан чыгып жатабыз. Биз баратканда жол оңдолуп жаткандыктан аябай тыгын эле. Ошол жерге бир жүк ташыган унаа келип токтойт. Анын артынан биздин балдар түшкөн "Мерседес-Бенц Спринтер" үлгүсүндөгү кичи автобус бара жаткан болот. Ошол маалда кичи автобусту артынан фура келип, сүзгөн экен. Ал жерде экинчи жүк ташуучу машиненин тормоз басып, токтогонго аракет кылган изи деле көрүнбөйт. Бул жерде эки версия каралып жатыптыр. Же жүк ташыган унаанын айдоочусу абдан катуу уктап кеткен же болбосо жүрөгү кармап, эсин жоготуп койгон. Машинени токтотконго эч кандай аракет көрбөгөнүн айтып жатышат. Саатына 60 чакырым ылдамдык менен келген, бирок токтотойун деп тормоз баспаптыр. Мен ошол жерде бардык полиция кызматкерлеринен сурасам, ушундай версияны айтып жатышты. Фуранын айдоочусу да мерт болуптур. Мага ошол жерде полиция, куткаруучулар ушундайча жооп беришти.

- Соңку күндөрү Орусияда иштеп жүргөн мигранттарга жаңы талаптар коюлгандан тарта чек арага барып, "кирди-чыкты" кылыш керектиги жөнүндө маалыматтар айтылып жатат. Чек арада тыгын тууралуу ар кыл тасмалар тароодо. Чынында чек арадагы абал кандай? Мигранттар жогорудагы талапты аткарыш үчүн жапырт чек арага агылдыбы?

- Дал ошондой, иним да каттоосун узартканы чек арага кирип-чыгып жаткан экен. Эгерде мурдагыдай эле юридикалык даректе каттоо жарактуу болгондо, чек арага барып келүүгө деле зарылчылык болмок эмес. Анткени расмий түрдө эмгек келишими менен иштеп жүргөндөр каттоосун узартып алмак. Ушул күнгө чейин дал ушундай эле эреже иштеп келген. Бирок акыркы эрежелер өзгөрдү дегенден тарта эле бул жактагы кыргызстандыктар дүрбөлөңгө түшүп калышты. "3-сентябрга чейин сөзсүз кирип чыгыш керек экен" деп эле баары чек арага жөнөп калышты. Анын үстүнө июндан тарта юридикалык даректе каттоодо тургандар базадан чыкпай калды. Мисалы, менин деле каттоодо турам, балдарымды базадан таппай калдык. Себеби, юридикалык даректе катталгансыңар деп түшүндүрүшүүдө. Бирок Орусияга барганда орус жарандары бизди кучак жайып, тосуп алып өз үйүнө каттоого тургузбайт экен. Айла жоктон ар кыл даректерге каттоого турууга туура келет.

- Соңку эрежеден улам Орусиядагы мигранттар арасында маалымат жетишпей, дүрбөлөң болду деп айтып жатасыз. Расмий органдар, элчилик жетиштүү түрдө маалымат тарата алган жокпу?

- Ушул маселени эртерээк чечип койгондо болмок. Ушул маселеге жооп берген мекемелер так маалымат берип коюшу керек эле. Бир күн бирөө чыгып бир маалымат берет, эртеси экинчиси башка маалымат берет. Элдин башы айланып, эмне болуп жатканын билбей калды. Мисалы, кырсыкка учураган адамдардын айрымдары базада деле болушу мүмкүн. Себеби, каттоодо туруп деле сөзсүз түрдө чек ара барып, "кирди-чыкты" кылыш керек деп жөнөгөндөрдү көрдүм. Айрымдарын токтоттум. Ушул боюнча элчилик кенен маалымат бере алган жок. Эми мен өлүм үчүн бирөөнү деле күнөөлөп, жакасына жармашкым келбейт. Бирок ушунун алдын алып, тиешелүү адистер экранга чыгып, "кимиңдин каттооң жарактуу болсо, чек арага шашылбагыла" деп айтып койсо болмок. Кырсык болгондон кийин мен күйүт үстүндө чек арага жөнөтүп жаткандардан күнүгө канча адам жөнөп жатат десем, так маалымат айта алышкан жок. Бирок аябай көп. Мени менен чогуу иштеген бир кыз чек арага барып, кирип чыгыш үчүн бир сутка кезекте туруптур.

Ушул жерден бийликтегилерге кайрылгым келет: эгерде ушундай күн болсо кыргыздарды сыртка чыгарбагандай шарт түзүшсүн, Москвасыз деле тиричилигибиз өтүп жүргөн. Эгерде андай болбой, биздин элди бага албай, сыртка чыгып иштеп келгиле десе биздин жарандарга тиешелүү шартты түзүп беришсин. Эми элчиликти деле толугу менен күнөөлөй албайм. Мурда мындан да жаман болчу. Кырсык болгондон кийин колдон келгенин көрүп, жардам берип, маркумдардын сөөгүн алып келүүгө аракет кылып жатат.

Ошол эле учурда биздин элге да айткым келет: мурда бизде 25 жашка чейинки балдарды ата-энеси карап, кепилдик алып келчү эле. Акыркы жылдары 25 жашка чейинки балдар сырткы чыгып, акча таап, ата-энесине кепилдигин мойнуна алчудай кырдаал жаралып калды. Бул эмне деген шумдук. Менин бул сөзүмдү угуп, өзүңдү билип алчы дегендер да чыгышы мүмкүн. Бирок мен ата-энелер балдардын жоопкерчилигин өзүбүзгө алалы же өкмөт балдардын сыртка чыгышына чектөө салгандай кырдаал келатат деп айткым келет.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG