Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:22

Орусиядагы жол кырсыгы: 23-август - аза күнү деп жарыяланды


Жол кырсыгына кабылган кичи автобус.
Жол кырсыгына кабылган кичи автобус.

Орусиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгы кыргызстандык 14 жарандын өмүрүн кыйды. Жол кырсыгы 21-августта Николаев районунун Праскавьина жана Новоспасское айылдарынын ортосунда, "Урал" трассасында болгон.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана Орусиядагы элчиликтин маалыматына караганда, жол кырсыгынан 16 адам каза болгон. Алардын 14ү Кыргызстандын жарандары. Дагы үч киши ооруканада жатат, алардын абалы оор экени кабарланды.

Атайын учак 23-августта Ошко конот

Каза болгон жарандардын аты-жөнү, паспортторунун сүрөтөрү жарыяланууда. Маркумдардын төртөө Жалал-Абад облусунун тургундары экени белгилүү болду. Экөө Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагынын 22 жана 23 жаштагы тургундары. Калган экөө Таш-Көмүр шаары менен Сузак районунун Жыгач-Коргон айылынын жашоочулары.

Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн адиси Бактыгүл Атантаева билдиргендей, аксылык эки жигит эки жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн.

“Алар 1999-жылы туулган А. Т. уулу жана 2000-жылы туулган Ш. Ж. Эки бала тең эки жылдан бери Орусияда иштеп жүргөнү белгилүү болду. 23 жаштагы маркумдун ата-энеси да Москвада эмгектенип жүргөн экен. Бүгүн айыл аймактын жооптуу кызматкерлери маркумдардын үйлөрүнө барып, жакындарына көңүл айтып кайтышты. Азыр алардын жакындары сөөктөрдү күтүп жатат”,- деди Атантаева.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жол кырсыгында каза болгондордун сөөгү өлкөгө 23-августта алып келинмей болгонун "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, атайын даярдалган жүк ташуучу учак Ульяновск шаарына 23-августта учуп кетип, ошол эле күнү саат 18:00дө Ошко келип конот.

"Каза болгон 14 адамдын ичинен жетөө Баткен, беш киши Жалал-Абад, төртөө Ош облусунун тургундары. Тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү тосуп алып, сөөктү маркумдардын мурда жашаган айылдарына жеткиребиз", - деди Ажикеев.

Бообек Ажикеев менен болгон маекти толугу менен бул жактан угуңуз
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:19 0:00

23-август - аза күтүү күнү

Президент Садыр Жапаров 23-августту Кыргызстандын аймагында аза күтүү күнү деп жарыялаганын билдирди.

"Суук кабар баарыбызды кайгыга салып, жүрөгүбүз ооруп турат. Кырсыкты кайдан деп болбойт. Мекендештерибиз жол кырсыгына кабылганына жаныбыз кейип, баарыбыз аза кайгыга батып турабыз. Мындайда көңүл айтуу да оор. Ошондой болсо да кырсыкка кабылгандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгыңыздарды тең бөлүшүү менен жараткандан мындан ары жакшылык тилеп, сабырдуу болууга чакырам. Кырсыкка кабылгандардын жакындарына, туугандарына тиешелүү жардам берүү жагы токтоосуз колго алынат. Бул менин жеке көзөмөлүмдө болот",- деп айтылат президенттин 22-августта таратылган кайрылуусунда.

"Кирди-чыкты" кылганы баратышкан"

"Азаттык" кырсыкка кабылгандардын тууганы, кыргызстандык Кубанычбек Эркинжан уулу менен байланышканда, ал мындай маалыматтарды айтып берди:

“Кыргыздар чек арага "кирди-чыкты" кылганы (ред.: Казакстан менен чек арага) барышкан. Анын ичинде экөө менин таанышым болчу. Бири бир тууган бөлөм, бирөө биздин айылдан досумдун иниси эле. Биз жума күнү жолго чыгабыз деп сүйлөшкөнбүз. 17 кыргыз бир кичи автобуста, айдоочусу менен 18 экен. Айдоочусу орус жараны окшойт. Биз дагы ошол маалда өз машинебиз менен жөнөгөнбүз".

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун маегин бул жактан угуңуз:
Байсалов: Сөөктөрдү алып келүү маселеси чечилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:16 0:00

Кубанычбек Эркинжан уулу кичи автобустагылар менен бир күндө жолго чыгып, улам байланышып турган. Акыркы жолу бөлөсү менен кырсык болордон бир саат мурун сүйлөшкөнүн билдирди. Анын айтымында, кичи автобустагылар орус-казак чек арасынан өтүп, кайра артка, Орусияга кайтышкан:

"Телефондон улам сүйлөшүп турганбыз. Алар Казакстандын чек арасынан кезексиз эле кирип чыгышты. Биз кийин чыктык. Бөлөм геомаалымат жибергенде “биз артта экенбиз” деген болчумун. Анан жолдо бир аз тыгын болуп калды. Кийин кезек узарып кетти. Телефон чалсам алар өчүк болуп калды. Досторум кырсык болуптур деп айтып калышты. Алар ошол кичи автобус экенин барып, таанышыптыр. Мен чуркап бардым. Бөлөм эң үстүндө экен. Бардык куткаруучу кызматтар келиптир. Кичи автобус жол четинде токтоп турган фуранын артынан токтогон экен. Анын артынан жүк жүктөгөн дагы бир фура сүзүптүр. Былчыйтып эле кыпчып салганын көрдүңөр да. Бөлөмдү, дагы бир аялды, бир баланы ооруканага алып кетишти. Сөөктөрдү өлүкканага алып барышат экен. Ооруканадагылардын абалын билбейм. Бөлөм сүйлөп атат. "Бутум кыймылдабай калды" деди. Досумдун иниси кайтыш болуп калды", - деди ал.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук кызматкерлери окуя болгон жерге жөнөп кеткени маалым болду. Каза болгондордун жакындары үчүн (+7 926 861 50 98, +996 551 312-000) атайын телефондору иштеп жатат.

Каза болгондордун сөөгүн алып келүүгө борт уюштурулат

Президент Садыр Жапаров тиешелүү министрлик-мекемелерге каргашада каза тапкандардын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбукка жазды.

Орусиянын Ульяновск облусунун губернатору Алексей Русских Телеграммдагы расмий каналында ооруканадагыларга медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын кабарлады.

"Николаев райондук ооруканасында биздин дарыгерлер катуу жол кырсыгында аман калгандардын өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшүүдө. Эки эркек, бир аял кишинин абалы оор. Аларды Ульяновск шаарындагы адистештирилген травмотология борборуна которууга даярдап жатабыз", - деди ал.

Жол кырсыгынын видео, фотолору социалдык тармактарда тарады. Аны тарткан киши токтоп турган кичи автобусту чоң жүк ташуучу машине арттан сүзгөнүн айткан.

Башка маалыматтарда кичи автобус жүрүп бараткан чоң машине менен сүзүшкөнү айтылууда. Интернетте тараган тасмалардан кырсыкка кабылган кичи автобус эки жүк ташуучу унаанын ортосунда кыпчылып, бүктөлүп калганын көрүүгө болот.

Элчиликке айтылган сын

Орусияда жашап, иштеген кыргызстандык мигранттар буга чейин да элчинин ишине нааразылыгын билдирип чыгышкан. Анда 14-августта орус өкмөтүнүн жаңы талаптарын талкулоо үчүн кыргыз мигранттарынын жолугушуусу өткөнүн, ага элчи Гүлнара-Клара Саматтын келбей койгонун айтышкан. Аталган мекеме абалды "элчинин бул иш-чарага катышуусу алдын ала пландалбаганы" менен түшүндүргөн.

Ульяновскидеги жол кырсыгынан соң мигранттарга түшүндүрүү иштери болбогонун, миграциялык каттоо боюнча жетиштүү маалымат берилбегенин айтып, социалдык тармактарда элчиликтин ишин сындагандар да болууда. Элчилик Фейсбук аркылуу тараткан билдирүүсүндө миграциялык каттоо маселеси боюнча иштер жүрүп жатканын жазды.

"Ошону менен бирге, каттоо маселеси боюнча Тышкы иштер министрлиги, Орусиядагы элчилик тынымсыз аракеттерди көрүп келе жатканын, бул маселе эки тараптуу жолугушуулардын бардык деңгээлдеринде көтөрүлүп келерин белгилеп кетейин. Тилекке каршы, учурда каттоо маселеси бир гана биздин эмес, Орусия аймагында иштеп жүргөн бардык мигранттардын көйгөйү болуп жатат".

Ал арада омбудсмен Атыр Абдрахматова Акыйкатчы инситутутунун Орусиядагы өкүлчүлүгүн ачуу демилгесин Фейсбукка жазды. Ал акыркы айларда элчиликтерге, консулдарга, дипломатиялык кызматкерлерге арыз көп түшүп жатканын айтып, айрыкча Орусияда даттануу көп экенин белгиледи.

Орусиядагы каргашага байланыштуу Ульяновск облусунда бул ишти тергеп жаткан тергөөчү менен байланышканын кабарлады. Акыйкатчы институту мигранттарды каттоого тургузуу талабына укуктук талдоо жүргүзүп жатканын, жыйынтыгында Жогорку Кеңешке сунуш берилерин билдирди.

Ушул тушта расмий маалыматка ылайык, Орусияда бир миллиондон ашык кыргыз жараны жашап, иштеп жүрөт.

Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматына караганда, 2021-жылда чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештер Кыргызстанга 2,7 млрд. доллардан ашуун каражат которгон. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 16% көп. Акча которуулардын 97% Орусияга туура келет.

Улуттук банктын акча которуу тууралуу отчетуна ылайык, ушул жылдын январь-май айларында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 1 миллиард 30,4 миллион доллар которулган. Бул сумманын 981,5 миллион доллары Орусиядан келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG