Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:14

2021-жылы сырттан Кыргызстанга 2,7 млрд. доллар которулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2021-жылда чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештер Кыргызстанга 2,7 млрд. доллардан ашуун каражат которгон.

Бул өткөн жылга салыштырмалуу 16% көп. Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматына караганда, өткөн жылдын октябрь айында чет жакта жүргөн мекендештер которгон каражаттын суммасы 239,3 млн. долларды түздү.

Улуттук банктын маалыматына караганда, акча которуулардын 97% Орусияга туура келет. Башка өлкөлөрдөн 12,5 миллион, АКШдан 43,2 миллион доллар которулган.

Ошол эле учурда 2021-жылы 562,8 млн. доллар Кыргызстандан чыгарылып кеткен.

Өлкөнүн башкы каржы көзөмөлдөөчү мекемесинин буга чейинки маалыматы боюнча, 2018-жылы ошондой эле чет жактагы мигранттар Кыргызстанга 2 миллиард 685,3 миллион доллар которушкан. 2019-жылы бул сумма кыйла кыскарган. Адистер негизги себеп катары Орусиянын акча которууга киргизген чектөөсү себеп болгонун белгилешкен. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG