Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:04

Аида Касымалиева: ЖККУ коопсуздук боюнча негизги уюмдардын бири боло алды


Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) Евразия аймагында коопсуздукту камсыз кылуу боюнча негизги эл аралык уюмдардын бири боло алганын Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү Аида Касымалиева билдиргенин 17-февралда Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Касымалиева 16-февралда БУУнун Коопсуздук кеңешинин БУУ жана ЖККУ кызматташтыгы боюнча жыйынына катышты.

Өз сөзүндө ал Ооганстандагы кырдаалды жана Казакстандагы соңку окуяларды эске алганда кыргыз тарап аймактык жана эл аралык коопсуздукту камсыз кылууда БУУ менен ЖККУнун кызматташтыгынын бекемделишине кызыкдар экенин айтты.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан.

Казакстандагы Январь окуялары учурунда бул өлкөгө ЖККУ аскерлери киргизилип, кийин кайра чыгарылган. Кыргызстандан жоокерлерди жөнөтүү маселеси көтөрүлгөндө коомчулукта каршы пикир жаралган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG