Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

Орусия аскерлерин артка кайтарып жатканын үчүнчү жолу кабарлады


Украинанын чек арасына жыйналган Орусиянын аскердик техникалары.
Украинанын чек арасына жыйналган Орусиянын аскердик техникалары.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын чек арасына жакын аймакта машыгуу өткөрүп жаткан аскерлери мурдагы ордуна кайтып жатканын дагы кабарлады.

Министрликтин маалыматында айтылгандай, Батыш аскердик округундагы бөлүктөр Курск облусунан Нижегородск облусуна кайтты, Түштүк аскердик округдун аскерлери Крымдан чыгып, Чеченстан менен Дагестанга жетти. Анда айтылгандай, Беларуста жүргөн аскерлер машыгуу бүткөндөн кийин мурдагы дислокациясына барышат.

Орусиянын Коргоо министрлиги аскерлери мурдагы орундарына кайтып жатканын 15-февралда жана 16-февралда да билдирген. АКШ, НАТО жана Украинанын бийлиги Орусия аскерлерин Украинанын чек арасынан артка тартканы байкалбаганын жарыялап, кол салуу коркунучу дале сакталып турганын айткан. Алар тескерисинче, чек аралаш аймакта жыйналган орус күчтөрү 130 миңден 150 миңге чейин көбөйгөнүн билдирип жатышат.

30дай мамлекет мүчө болгон НАТОго Украинаны кошууну тездетүү маселеси былтыр жайда каралган. Орусия ага каршылык билдирип, Украинанын чек арасына аскерлерин жыйнай баштаган. АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыптаган. Кремл аны четке кагып келатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG