Бишкектеги №2 Клиникалык төрөт үйүнүн короосундагы жеке клиника менен түзүлгөн ижара келишими токтотулганын бүгүн, 17-февралда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматы министр Алымкадыр Бейшеналиевдин айткандарына таянып маалымдагандай, Бишкек шаардык мэриясы көп тармактуу «КАМЭК» клиникасы менен имарат ижарасы боюнча түзгөн келишимин токтотту.
Министр Бейшеналиев бүгүн Бишкектеги №6 ооруканада да болуп, бул мекеменин “Алмазбек Исманкуловдун Көздүн микрохирургиясы” жеке клиникасы дээрлик 20 жылдан бери ээлеп келе жаткан бир корпусун көрүп чыкты. Бул корпуста, министрлик билдиргендей, коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылоо үчүн бөлүм ачылат.
Буга чейин министрликтин чечими менен мурдагы №4 оорукана, кийин Травматология жана ортопедия борбору болуп иштеп келген медициналык жай да реформа болуп, жетекчилиги алмашкан.
Мындан тышкары, министрлик өлкөдөгү 17 медициналык окуу жайды жабууну көздөп жатат. (RK)