Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:10

Түркмөн оппозициясы "мураскер шайлоого" каршы


Түркмөнстан - Президент Гурбангулы Бердымухамедов добуш берүү тилкесинде үй-бүлө мүчөлөрү менен. 12-февраль, 2017-жыл, Ашхабад.
Түркмөнстан - Президент Гурбангулы Бердымухамедов добуш берүү тилкесинде үй-бүлө мүчөлөрү менен. 12-февраль, 2017-жыл, Ашхабад.

Түркмөндөр мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону алдын ала даярдалган “Сердар шайлоосу” деп аташууда.

Ошол себептүү бозгундагы түркмөн оппозициясы чет өлкөлөрдө атаандаш шайлоо өткөрүүнү көздөп жатат.

Бийлик президенттин уулу Сердар Бердымухамедовдун талапкерлигин көрсөтөрү менен оппозиция бийликтин атадан балага өтүшүнө жол бербөөгө чакырык таштады.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Халк Маслахатынын кезексиз жыйынында бийлигин тапшырып, жаштарга орун бошоторун айткандан кийин 14-мартка мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жарыяланды.

Түркмөнстандын Демократиялык партиясы вице-премьер-министр Сердар Бердымухамедовдун талапкерлигин көрсөттү.

Чукул чечим. Бийлик транзитинин коопсуздугу

Түркмөн президентинин чукулунан эле уулуна жол бошотушу анын айланасындагы айың кептерге жем таштады. Анткени Гурбангулы Бердымухамедовдун ооруп жүргөнү тууралуу сөздөр да тараган. Ошондуктан анын бийлигин чукул тапшыруу чечими сырдуу болуп жаткан.

Анткен менен "Адам укуктары боюнча түркмөн демилгеси" уюмунун башчысы Фарид Тухбатуллин муну тескерисинче, алдан-күчтөн тайганга чейин уулун башкарууга телчитүү үчүн жасалган аракет деп эсептейт.

Түркмөнстандык укук коргоочу.
Түркмөнстандык укук коргоочу.

"Ошондуктан, ооба, ал уулу тажрыйбага ээ болгонго чейин иш жүзүндө өзү жетектеп турат. Убакыттын өтүшү менен министрлер кабинетин дагы Сердар өзүнүн карамагына алат. Мүмкүн, ар кандай кокустуктардын алдын алуу үчүн же уулунун аша чаап кетпөөсүн камсыздоо үчүн бийликти өз ыргагы менен бир калыпта өткөрүү үчүн Гурбангулы Бердымухамедов өзү ага парламент трибунасынан көз салып турат. Анын ден соолугунда бүгүн-эртең оо дүйнөгө кетип кала тургандай олуттуу көйгөйлөр бар деп ойлобойм. Тескерисинче, ал мага ал-күчү барда баарын жөнгө салууга үлгүргүсү келип жаткандай сезилди".

Ошол эле кезде түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов Халк Маслахатынын төрагалык кызматын сактап калары айтылууда.

Бийликти атадан балага мурастоо

Ачык айтпаган менен анын "жаштарга орун берүү" дегени бийлигин түз эле уулуна өткөрүп берүү расмиси катары кабыл алынды.

Түркмөнстанда беш жылдан ашуун абакта отуруп, кийин ырайым алган саясий туткун Гелди Кяризов президенттик шайлоого катышарын билдирди. Ал мекендештин бийликти бир үй-бүлөнүн орто кылымдагыдай мурастап алуусуна жол бербөөгө чакырды.

"Гурбангулы Бердымухамедов кызматын уулу Сердарга тапшырарын расмий түрдө эле билгизип койду. Бийлик фараондордун доорундагыдай династиялык форма атадан балага өтпөшү керек. Иш жүзүндө алар мамлекетти бир жылдан бери чогуу башкарышууда. Алардын ар биринин өзүнүн хан сарайы бар. Ар бири президенттик «Боинг» учагына ээ. Башкача айтканда, алар мамлекетти каалагандай калчап жатат. Биз аны көрүп жатабыз. Тилекке каршы көпчүлүк эл көргөн көзүнө ишене албай жатат. Бул нерсе элдин акыл-эсине сыйбай турат", - деди саясатчы Гелди Кяризов.

Гелди Кяризов, мурдагы саясий туткун.
Гелди Кяризов, мурдагы саясий туткун.

Президент Бердымухамедовдун уулуна бийликти өткөрүшү түркмөн эли үчүн күтүүсүз болгон жок. Анткени ал буга соңку эки-үч жылдан бери тымызын даярданып келгени айтылды.

Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышуу үчүн талапкерлерден арыздарды кабыл алуу 14-февралда башталганын жарыялады. Бирок талапкер көрсөтүү укугуна өлкөдө катталган үч гана саясий партия ээ. Алар -Түркмөнстандын Демократиялык партиясы, Агрардык партия жана Өндүрүшчүлөр менен ишкерлердин партиясы. Үчөө тең бийликчил.

Шайлоодо Сердар Бердымухамедовго атаандаштык түзгөндөй түр көрсөтүү үчүн 16-февралда президенттикке дагы бир талапкер – Агрардык партиянын өкүлү, Марынын акиминин орунбасары Агажан Бекмырадов көрсөтүлдү. Ал эми өлкөдө оппозициялык партиялар катталган эмес.

Баш мыйзам президент боюнча президентикке талапкер катталган партиядан көрсөтүлүп, шайлоого катышканга чейин Түркмөнстанда кеминде 15 жыл жашоого тийиш. Ошондуктан чет өлкөлөрдө бозгунда жүргөн оппозиция лидерлеринин бири дагы шайлоого катыша албайт.

Айла издеген оппозициянын атаандаш шайлоосу

«Түркмөнстандын тандоосу» оппозициялык кыймылынын лидери, эмиграциядагы Мурад Курбановдун айтымында, аз убакыт бөлүнгөнү бийликтин таза жана эркин шайлоо өткөрүү ниети жок экенин далилдейт.

"Алар атайын эле башка көз карандысыз талапкер катталып, шайлоо алдында өнөктүгүн жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бербеш үчүн ушундай кылышты. Ошондуктан эч ким бул саясий күрөшкө аралаша албагандай кылып уюштурушкан. Демек бул президенттик шайлоо эмес, кызматка дайындоо эле болот", - деди саясатчы Мурад Курбанов.

Буга байланыштуу учурда чет өлкөдө жашап жаткан саясатчы Мурад Курбанов дагы оппозициялык кыймылдан президентикке талапкерлигин көрсөтөрүн билдирди.

Бирок ал жеке коопсуздугунан чочулап, өлкөгө келүүгө мүмкүн эместигин эске алып, Түркмөнстандан сырткары чет өлкөлөрдө президенттик шайлоо өткөрүү планы бар экенин билдирди.

Мындан 15 жыл мурда Түркмөнстанда президенттик шайлоо өтүп, анда азыркы Гурбангулы Бердымухамедов дээрлик 90% добуш менен утканы жарыяланган. Ага чейин Түркмөнстанды маркум Сапармурад Ниязов көп жыл башкарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG