Жеңил атлетика боюнча казакстандык машыктыруучу, 58 жаштагы Мурат Жүзгенбаев Ысык-Көлдөгү жол кырсыгынан көз жумду. Ал велосипед менен жол четинде баратканда “Лексус RХ 300” үлгүсүндөгү машиненин айдоочусу сүзүп кеткен. Бул окуя Кыргызстандагы вело сүйүүчүлөрдүн коопсуздугун эске салды.
Спортчуларды Ысык-Көлгө машыктырганы келген Мурат Жүзгенбаев 16-июлда каза тапты. Аны менен чогуу бараткан кыз аман калып, казакстандык машыктыруучу ошол эле жерден жан бергени айтылууда.
Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын маалымат катчысы Тилек Исаев мындай маалымат берди:
“Бишкек шаарын көздөй келе жаткан айдоочу саат 07.00 чамасында Ысык-Көл районунун Комсомол жана Бостери айылдарынын ортосунда алдында бара жаткан “Ниссан Микро” автоунаасынын артынан сүзүп алып, андан ары рулга ээ боло албай, жол жээкте велосипед менен кетип бара жаткан Жүзгенбаевди сүзүп алган. Натыйжада велосипед башкарып бара жаткан жаран кырсык болгон каза болуп калган. Окуя боюнча экспертизалар дайындалып териштирүү иштери жүргүзүлүүдө”.
Казакстандын Жеңил атлетика боюнча федерациясы Мурат Жүзгенбаев СССРдин спорт чебери болгонун, жаш спортчуларды тарбиялоого салымы чоң экенин жазды.
Вело сүйүүчүлөрдүн айтымында, 2020-жылдагы пандемиядан кийин Кыргызстанда велосипед тепкендердин саны менен чогуу эле алар катышкан жол кырсыктар да көбөйгөн. Ал жылы велоспортчулар Евгений Требунский жана Илья Сидоровду «Манас» аэропортуна кетчү трассадан мас абалындагы айдоочу сүзүп кеткен. Бири ошол жерден жан берип, экинчиси ооруканага жетпей көз жумган. Эки адамдын өлүмүнө күнөөлүү деп табылган айдоочу сегиз жылга кесилген эле.
Вело сүйүүчү Медет Түлегенов чоң жолдо велосипед тебүү кыргызстандыктар үчүн дагы эле кооптуу бойдон калууда дейт.
“Биз үчүн чоң трассалардан велосипед тебүү аябай кооптуу. Анткени жолдун көбү кууш келет. Мындан улам айдоочулардын көбү жолу четине жакын айдаганга мажбур болушат. Машинеде жүргөндөр оң капталдагы күзгүнү карашпайт деле. Жаңы велосипед тебе баштагандар алыскы жолго чыкканда абайлаш керек. Кыргызстанда велосипед тебүү маданияты жакшы өнүгө элек”.
Милициянын маалыматына ылайык, 2021-жылы Бишкек шаарында 2663 жол кырсыгы катталса, анын 60ы велосипед тепкендердин катышуусу менен болгон. Ошол эле учурда расмий статистика менен чыныгы сандардын айырмасы чоң экенин айтылып келет.
“Машинеден алыс учуп кеттим”
Мират Керимбек уулу Бишкекте 10 жылдан бери шаардын булуң-бурчуна велосипед менен каттап жүрөт. Бирок ал эки жолу жол кырсыгына кабылып, биринчисинде катуу жараат алган.
“Биринчисинде өзүмдүн жолумда кетип бара жатканда каршы тилкеден бурулган айдоочу сүзүп кетти. Өзүм машинеден алыс учуп кеттим. Экинчи жолкусунда алдымдагы айдоочу дароо токтоп салып, мен барып катуу урунуп калдым. Экөөндө тең айла жоктон жолго чыккам. Анткени мен кырсыктаган тарапта веложол жок болчу. Ар кайсы жери тешилип калган тротуар менен жүрүш мүмкүн эмес да. Азыр деле кооптонуп тебем”.
Кыргызстанда акыркы жылдары велосипед тепкендерди саны көбөйгөнү байкалат. Бирок азырынча алар үчүн Бишкек, Ош шаарларында гана бир аз шарт бар. Маселен, башкалаадагы веложолдордун жалпы узундугу тогуз чакырымга гана жетет. Алар Токтогул, Байтик баатыр, Масалиев, Токомбаев көчөлөрүндө жайгашкан.
Веложолдор кууш салынып, тротуардан өзүнчө бөлүнбөгөнү да шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратып келет. Кыргызстандагы Велосипедчилер коомдук уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири Чолпон Асанакунова Бишкектеги веложолдор эл аралык нормага туура келбейт дейт.
“Бишкек мэриясы курган он чакырымдай веложол талапка жооп бербейт. Велосипед тепкендер жүргүнчүлөрдү сүзүп алган учурлар көбөйүп жатат. Мындан беш жыл мурун мэрияга, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине кайрылып жүрдүк. Биз жол салганда вело сүйүүчүлөрдү, эл аралык нормаларды эске алуусун кааладык эле. Бирок эч кандай жыйынтык болгон жок. Ага көзүбүз жеткенден кийин отуруп эле калдык”.
Даниялык Copenhagenizeindex компаниясы жыл сайын веложолдору өнүккөн өлкөлөрдүн тизмесин жарыялап келет. Алдыңкы он орунга Дания, Голландия, Швеция, Канада, Жапония, Франция жана Германия өңдүү өлкөлөр кирет. Тизменин сап башында турган Даниянын борбор шаары Копенгагенде веложолдун узундугу 400 чакырымдан ашат. Алар трассанын эки тарабында тең жайгашкан. Бул өлкөнүн элинин 95 пайызында велосипед бар.
"Эреже менен эсептешпегендер да көп"
Милиция кызматы кырсыктарга айрым велосипедчилер жол кыймыл эрежелерин так сактабаганы себеп болгонун билдирип келет. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул кызматы велосипед минип жүргөн жарандарга:
- велосипедди сөзсүз эки колу менен айдоону;
- жаш балдарды муктаждык болбосо кошумча орунга отургузбоону;
- велосипед менен кошумча жүк ташыбоону;
- жеке коопсуздук үчүн жана автоунааларга жолтоо болбош үчүн жөө адамдар өтүүчү жайлардан өтүүдө велосипедден түшүп жетелеп өтүүнү;
- түн ичинде атайын жарык берүүчү чаптамаларды же жарыктандыруучу шаймандарды колдонууну;
- жол жээги менен велосипед тебүүдө машинелерге карама-каршы багытта жүрүүнү жана атайын велосипедчилер үчүн салынган жолдордо жүрүүнү сунуш кылат.
Бишкек шаарында атайын баш кийими жок, жолдогу унааларды аралап велосипед тээп жүргөндөр байкалат. Жарандык активист Эртай Исаков да велосипед менен жүргөндөрдүн бир бөлүгү мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелерди сактабай турганын билдирди.
“Бизде айдоочу, велосипед тээп бараткан адам да эрежени сактай бербейт. Велосипед тээп келаткан адам оңго же солго бурулгусу келсе айдоочуларга колу менен атайын белги бериш керек. Артында келаткан айдоочу анын кийинки кадамын билип туруш керек. Кээ бири күтүүсүз жерден чыга калышат, бурулуп кетишет. Веложолдор турса дагы трассага чыгып кетишет. Машинелерди аралап айдашат. Бирок ошол эле учурда алар үчүн такыр шарт түзүлбөгүн унутпашыбыз керек. Андыктан бул маселеге ар тараптуу караш керек деп ойлойм”.
Бишкек, Ош жана айрым облус борборлорунда шаар мэриясы маал-маалы менен веложүрүштөрдү уюштуруп турат. Ал үчүн унаалар каттаган негизги жолдор убактылуу жабылат.
Кыргызстанда велосипед тепкендердин саны такталган эмес, бул боюнча иш алып барган уюм да жок.