Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:58

Эки велоспортчуну сүзүп кеткен айдоочу сегиз жылга кесилди


Велоспортчулар Евгений Требунский менен Илья Сидоров.
Велоспортчулар Евгений Требунский менен Илья Сидоров.

Велоспортчулар Евгений Требунский менен Илья Сидоровду сүзүп кеткен «Audi C4» автоунаасынын айдоочусу сегиз жылга эркинен ажыратылды.

Мындай чечимди 9-сентябрда Чүйдүн Сокулук районунун соту чыгарганын облустук соттун басма сөз катчысы Байыш Байгазинов билдирди. Анын сөзү боюнча, айыпталуучу күнөөсүн толук мойнуна алды жана судья аны каза болгон спортчулардын өкүлдөрүнө кенемте төлөп берүүгө милдеттендирди.

«Соттолгон адамдан Евгений Требунскийдин өкүлдөрүнө материалдык зыян үчүн 286 миң сом, моралдык зыян үчүн 300 миң сом өндүрүлөт. Ал эми Илья Сидоровдун өкүлүнө материалдык зыян катары 194 миң сом, моралдык зыян үчүн 300 миң сом өндүрүлөт», - деди облустук соттун басма сөз кызматынын өкүлү.

Велоспортчулар Евгений Требунский жана Илья Сидоров быйыл 30-июнда жол кырсыгынан каза болушкан. Окуя «Манас» аэропортуна кетчү трассада катталган. Триатлон федерация «Audi C4» үлгүсүндөгү машина шаарды көздөй бара жаткан велоспортчуларды сүзүп кеткенин, алардын бири ошол жерден жан берип, экинчиси ооруканага жетпей көз жумганын 1-июлда кабарлаган.

Федерациянын маалыматына караганда, эки спортчу тең велоспорт менен кесипкөй деңгээлде машыгып келген. СССР учурунда, кийин Кыргызстан эгемендик алгандан кийин да көп сыйлыктарга татыган. Илья Сидоров СССРдин спорт чебери, Евгений Требунский Кыргызстандын спорт чебери болгон.

Требунский Кыргызстандын Триатлон федерациясынын түптөлүшүнө катышкан. Сидоров федерация мүчөсү болуп, «Indoor Triathlon» мелдештерине катышкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG