Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:32

Бишкекте жол тийбеген велосипед


Илюстрациялык сүрөт.
Илюстрациялык сүрөт.

Велосипедде жүрүү өзүнчө ырахат. Ал ыңгайлуу, ылдам жана ден соолукка пайдалуу. Абаны, айлана-чөйрөнү булгабайт. Автоунааларга салыштырмалуу баасы да арзан, бензинге да акча коротпойсуң.

Бирок Кыргызстанда велосипед маданияты жакшы өнүгө элек. Чоң жолдо велосипед тебүү кыргызстандыктар үчүн дагы эле кооптуу. Ал эми Бишкектеги велосипед жолдору токтотмого айланган.

Өзүн Бека деп тааныштырган бул жигит беш жылдан бери баш калаада велосипед сатып иштейт. Велосипеддеринин баасы эки миң сомдон башталып, мыктыларын 10-15 миң сомго чейин сатат. Азыр ал дөңгөлөгү жоон велосипеддерди сатыкка койгон. «Бишкектин жолдоруна ыңгайлуу» дейт сатуучу. Ал акыркы убакта велосипед алгандар көбөйгөнүн да кошумчалады:

«Ден соолукка велосипед пайда. Кээ бир адамдар ооруканага барса, дарыгерлер «велосипед теп» дейт экен. Анан келип алып жатышат. «Эмнеге велосипед алып жатасың?» десем: «Ден соолукка пайда экен», - деп жатышат. Анан жол тыгындарынан качкандар да велосипед алышат. Ата-энелери балдарына көп алып беришет. Күнүнө жок дегенде бир же эки велосипед сатам».

Кыргызстандагы Велосипедчилер коомдук уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири Чолпон Асанакунова велосипед үнөмдүү транспорт болгону менен Бишкекте велосипед тебүү өтө кооптуу экенин эске салды. Ал 9 жылдан бери велосипед тээп жүргөнү менен айдоочулардын же шаар тургундарынын кайдыгерлигинен улам көп жолу кырсыкка кабылган.

Чолпон Асанакунова.
Чолпон Асанакунова.

«Кээде айдоочулар арткы күзгүсүн карабай эле машинесинин эшигин ача салышат, - дейт ал. - Маршруттук таксилердин айдоочулары бара жатсаң астыңдан чыга калышат же каалаган жерге токтото беришет. Бир жолу жүргүнчү эч жакты карабай эле машиненин эшигин ачып салганда мен токтоно албай эшикке урунуп, кулагым бир жума бою көгөрүп жүрдү».

Мындай жагымсыз учурлар көп болгонуна карабай Чолпон Асанакунова велосипед тебүүдөн баш тартпайт.

«Башында аябай кыйын жана коркунучтуу болчу, - деди маектешибиз. - Анткени бизде велоинфратүзүм такыр жок. Велосипед менен чоң жолдо жүрүү өтө кооптуу. Мен чоң жолго чыккандан коркуп, тротуар менен жүрчүмүн. Кыргызстандын жол эрежеси боюнча жолдун оң тарабындагы бир метрге чейинки аралык велосипед жолу болуп эсептелет.

Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Кийинчерээк мен өзүмдүн укугумду коргош үчүн велосипед айдагандардын да жолдо өз орду болушу керек десем, анда мен велосипед менен чоң жолдо жүрүшүм керек деп чечтим. Анан айдоочуларды үйрөтүү максатында атайын чоң жолдо велосипед тебе баштадым. Анткени автоунаа айдгандар жолдон алардан башка велосипедчендер да бар экенин билиши керек», - деди Кыргызстандагы Велосипедчилер коомдук уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири Чолпон Асанакунова.

Бишкек шаарынын тургуну Канат Байзаков 8 жашынан бери велосипед тээп жүрөт. Жумушка да велосипед менен барып келет. Ал Бишкекте веложолдор жасалып, Бишкек мэриясы «куруп койдук, жасадык» деп мактанганы менен азыр алардын баары токтотмого айланганын айтты:

Токтогул көчөсү.
Токтогул көчөсү.

«Жолго чыксаң толтура машине, тим эле жөөлөйт. Тротуарга чыксаң эл көп. Веложолдордун баары автоунаа токточу жер болуп кеткен. Карл Маркс көчөсүндөгү жолдун боюнда атайын сызыкты айдоочулар токтотмо деп ойлошот. Эми ал жерде белгилер жок. Ал эми Токтогул көчөсүндө «Велосипеддин жолу» деген белгилер турат. Жада калса велосипеддин сүрөтү тартылып турат. Ошого карабай машинелердин баарын ошол жакка токтотушат. Менимче атайын акция керек. Испаниянын же Ирландиянын мэри болсо керек эле, ушундай веложолго токтогон машинелерди тепсеттирип салган. Ошондон кийин велосипеддин жолуна эч ким машине токтотпой калган. Биздин мэр деле ошентсе болмок».

​Бишкек шаарынын башкы архитектору Асхат Түлөбердиев баш калаадагы веложолдор токтотмо болуп калганын моюнга алды:

«Ал вело жолдор биздин биринчи тажрыйбабыз эле. Кичине туура эмес болуп калган. Себеби ал атайын тосмолор менен тосулушу керек эле. Азыр тилекке каршы ал жерлер машине койчу жай болуп калды. Азыр велоинфратүзүмдүн концепциясы менен жаңы жолдорду жасап жатабыз. Анда биз мурдагы тажрыйбаларды эске алып, каталарды кайталабаш үчүн азыр баарын карап жасап жатабыз. Биз шаардын бардык райондорунда эле веложолдорду караштыруудабыз. Алардын ишке ашышы өз мөөнөтү менен болот».

Учурда Бишкекте жалпы узундугу 9 чакырымга жетпеген веложолдор бар. Алар Токтогул, Байтик баатыр, Масалиев, Токонбаев көчөлөрүндө жайгашкан.

Токтогул көчөсү.
Токтогул көчөсү.

Даниялык «Copenhagenizeindex» компаниясы жыл сайын веложолдору өнүккөн өлкөлөрдүн тизмесин жарыялап келет. Алдыңкы он орунга Дания, Голландия, Швеция, Канада, Жапония, Франция жана Германия өңдүү өлкөлөр кирет. Тизменин сап башында турган Даниянын борбор шаары Копенгагенде 400 чакырымдан ашык веложолдор бар. Алар трассанын эки тарабында тең жайгашкан. Бул өлкөнүн элинин 95 пайызында велосипед бар.

«Silk Road Mountain Race» компаниясынын башкы директору Нелсон Тристиндин айтымында, велосипед тебүү маданиятын өнүктүрүш үчүн веложолдорду көбүрөөк салыш керек.

Нелсон Тристин.
Нелсон Тристин.

«Велосипед тебүү маданиятын өнүктүрүүнүн түрдүү ыкмалары бар, - деди ал. - Эң башкысы - велоинфратүзүм болушу керек. Анан түрдүү иш-чараларды, мелдештерди өткөрүү зарыл. Эгер өлкөдө велосипед маданияты жакшы өнүксө, аны менен катар велоспортту да өнүктүрүүгө болот».

Нелсон Тристиндин айтымында, Кыргызстан - тоодо велосипед тебүү маданиятын, тоо велоспортун өнүктүрүүгө ыңгайлуу өлкө. Ал былтыр Кыргызстанда алгачкы тоо веломарафонун өткөрүүгө жетишкен. Быйыл экинчи ирет ошол мелдешти Кыргызстанда өткөрүүгө даярдык көрүп жаткан чагы.

«Тоо веломарафону 17-августта Бишкекке жакын жерде башталып, 31-августта Чолпон-Атада жыйынтыкталат. Анын узундугу 1700 чакырымды камтыйт жана Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарын аралап өтөт. Быйыл баары болуп 27 өлкөдөн 148 киши катышуусу күтүлүүдө», - деди «Silk Road Mountain Race» компаниясынын башкы директору Нелсон Тристин.

Нелсон бир гана велосипед тебүү маданиятын өнүктүрүү менен айлана-чөйрөнү сактап, дени сак жаштарды тарбиялап, ошол эле учурда туризмди өнүктүрсө болот деп эсептейт. Азырынча бул Кыргызстан үчүн кол жеткис кыял бойдон калууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG