Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:41

Канада дагы 62 орусиялыкка каршы санкция салды


Жастин Трюдо.
Жастин Трюдо.

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо 23-августта “Крым платформасы” онлайн саммитинде Канада Орусиянын 62 жаранына жана коргонуу тармагындагы компаниялардын бирине каршы санкция салганын билдирди.

Санкциялык тизмеге Орусиянын 27 аймагынын башчылары, алардын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле коргонуу тармагындагы ишканалардын жогорку кызматтагы адамдары кирди. Алардын ичинде Брянск облусунун башчысы Александр Богомазга, Курск облусунун башчысы Роман Старовойтко, Новосибирск облусунун жетекчиси Андрей Травников бар.

Тизмеге мурдагы Орусиянын мурдагы коргоо министри Анатолий Сердюков, Орусиянын балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мария Львова-Белова жана өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” – “ДЭР” (ДНР) деп атап алган жикчил түзүмдүн өкмөт башчысы Виталий Хоценко да кошулду.

Ошондой эле Канаданын санкциясына “Ростектин” курамына кирген “Автоматика” концерни кабылды. Расмий Оттава буга чейин Орусиянын учактары үчүн аба мейкиндигин жаап, орус кемелеринин Канаданын портторуна кирүүсүнө тыюу салган. Жастин Трюдо Канада башка өнөктөштөр менен бирге Орусиянын жана Беларустун 1750 жараны менен уюмдарына каршы санкцияларды узартарын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG