Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:13

"Кумтөрдү" текшерүү башталды, Теңгиз Бөлтүрүк кызматынан четтетилди


Тенгиз Бөлтүрүк.
Тенгиз Бөлтүрүк.

Министрлер кабинети "Кумтөр" кенинин ишмердигинде чоң өзгөрүүлөр болгонун 23-августта кабарлады.

Маалыматка караганда, "Кумтөр" Кыргызстандын менчигине өткөндүгүнө байланыштуу ушул жылдын май айында Эсептөө палатасы тийиштүү текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында финансылык мыйзам бузуулар, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш продуктулары, тетиктер базар баасынан жогорку баада сатылып алынганы аныкталган. Буга байланыштуу "Кумтөр" компаниясын буга чейин жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматынан четтетилди.

Расмий маалыматка караганда, Башкы прокуратура жалпы көзөмөл иретинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Эсептөө палатасынын кызматкерлерин тартуу менен текшерүү иштерин баштады.

Бөлтүрүк "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калды.

Өкмөттүн маалымат кызматы алтын казуу иштеринде эч кандай көйгөйлөр жок экенин, быйыл 17,5 тонна алтын казылып алынарын кабарлады.

Өкмөттүн басма сөз кызматы "Кумтөр Голд Компани" ишканасына жаңы жетекчилер дайындалганын кабарлап, алардын ысымдарын ачык айткан жок.

“Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Буга компания өлкөгө экологиялык эбегейсиз чыгым келтиргени жана ири суммада салыктарды төлөбөй келатканы негиз катары көрсөтүлгөн. Кийин “Центерра голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Теңгиз Бөлтүрүк "Кумтөр Голд Компани" ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган. 2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингине өткөрүлүп берилген.

Жогорку Кеңештин 23-июндагы жыйынында холдингдин жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүктүн ишмердүүлүгүнө сын айтылып, анын отчет беришин талап кылышкан. Депутаттар мекеменин жаңы кеңсеге көчкөнүн сындап, жетекчисин “Кумтөрдүн” каражатын сарамжалдуу пайдаланууга чакырышкан.

Садыр Жапаров өзү мурдараак Кумтөрдүн ишине аудит дайындалганын, жалпы маалыматтар ошонун жыйынтыгында берилерин билдирген. Мамлекет башчы да, Министрлер кабинетинин төрагасы да, Теңгиз Бөлтүрүк өзү да “Центерра” менен ажырашуу жараяны толук аяктагандан кийин бардык маалыматтар ачык жарыялана турганын убада кылышкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG