Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:33

"Кумтөрдүн" жаңы жетекчиси болуп Алмаз Барыктабасов дайындалды


Алмаз Барыктабасов.
Алмаз Барыктабасов.

"Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жаңы жетекчиси болуп Алмаз Барыктабасов дайындалды. Маалыматты “Кумтөрдүн” басма сөз катчысы Назира Ахмедова "Азаттыкка" ырастады.

Барыктабасов буга чейин "Кумтөрдүн" ички структураларында иштеп келген.

Башкармалыктын төрагалыгына Болотбек Идрисов дайындалды.

Буга чейин жаңы жетекчилер жалпы жамаатка тааныштырыла турганы айтылган.

Министрлер кабинети "Кумтөр" компаниясынын ишинде чоң өзгөрүүлөр болгонун 23-августта кабарлаган. Маалыматта Эсеп палатасынын тийиштүү текшерүүлөрүнө байланыштуу "Кумтөр" компаниясын буга чейин жетектеп келген Тенгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматынан четтетилгени айтылган. Текшерүүнүн жыйынтыгында финансылык мыйзам бузуулар, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш, тетиктер жогорку баада сатылып алынганы аныкталган.

Расмий маалыматка караганда, Башкы прокуратура жалпы көзөмөл иретинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Эсеп палатасынын кызматкерлерин тартуу менен текшерүү иштерин баштады.

Ошол эле кезде Бөлтүрүк "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калган.

“Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Кийин “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөр Голд Компани" ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган. 2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингине берилген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG