Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:31

Орус драма театрынын жетекчиси алмашты


Сергей Бардаков.
Сергей Бардаков.

Сергей Бардаков Орус драма театрынын жетекчиси болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов 23-августта кол койду.

Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Жаңы дайындалган директорду эмгек жамаатка Жаманкулов өзү тааныштырып, алдыда жасала турган бир катар иштерди белгиледи. Анын катарында аталган театрдын ремонт иштери приоритеттүү экендигин белгилеген.

Буга чейин театр жамаатынын бир бөлүгү жетекчини кызматтан алып, текшерүү иштерин жүргүзүүнү өтүнүп министрликке кайрылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG