Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:43

Орусияда жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгү жерге берилет


Кара-Суу районунун тургуну Сулайманова Уулкандын тажыясы. 23-август, 2022. Ош. Кара-Суу.
Кара-Суу районунун тургуну Сулайманова Уулкандын тажыясы. 23-август, 2022. Ош. Кара-Суу.

Бүгүн, 24-августта Орусиянын Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгында каза болгон Баткен жана Жалал-Абад облусунун тургундарынын сөөгү жерге берилет. Маркумдардын сөөгү 23-августта атайын учак менен Орусиядан алып келинген.

Орусиянын Ульяновск облусунда 21-августта катталган ири жол кырсыгында 16 адам, анын ичинде 14 кыргыз жараны мерт болуп, дагы үчөө жараат алган. Каза болгондордун бешөө Баткен, төртөө Жалал-Абад, бешөө Ош облусунун тургундары. Акыркы бешөөнүн сөөгү шейшемби күнү жерге берилип, ага өкмөт өкүлдөрү катышты. Маркумдардын сөөгү өздөрү туулуп-өскөн айылдарына коюлду. Буга чейин каза болгондордун бирөөнүн документи Жалал-Абадда катталгандыктан расмий маалыматтарда бул облустан беш киши каза тапканы кабарланган. Анын сөөгү Кара-Кулжа районунда жерге берилди.

Каза болгондордун жакындарына президенттик фонддон 300 миң сомдон жардам бериле турганы айтылды. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG