Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:58

Украина: АЭСтеги өзөктүк алаамат коркунучу


Запорожье АЭСи, Украина. 2022-жыл.
Запорожье АЭСи, Украина. 2022-жыл.

Украинанын "Энергоатом" компаниясы орус аскерлерин Запорожье атомдук электр станциясынын кызматкерлерин "өлтүрүп, кыйноого алып, уурдап кеткен" деп айыптады. Москва мындай дооматтарга жооп бере элек. 7-сентябрда АЭСтин айланасында атышуулар жанданган. Орусия менен Украина бул үчүн бири-бирин күнөөлөп жатат.

Украинанын "Энергоатом" компаниясынын жетекчиси Петр Котин Funke немис басылмасына курган маегинде, орус жоокерлерин Запорожье атомдук электр станциясынын айрым кызматкерлерин "өлтүрүп, кыйноого алып жана жалпысынан 200дөй жумушчуну уурдап кеткени" үчүн айыптады. Анын айтымында, азыр уурдалган кызматкерлери кайда экенин белгисиз.

Бул маек жарык көргөн маалда алты реактордон турган станциянын айланасында атышуулар жанданып, жакынкы шаарда электр жарыгы өчүп калган.

Котиндин сөзүнө караганда, орус аскерлери Запорожье АЭСинин кызматкерлеринин Орусияга мамилеси кандай экенин сынап, станцияны иштетүү үчүн калган миңдей кызматкер ар кандай кыянатчылыктарга туш болууда.

Орусиялык күчтөрү заводду басып алганга чейин ал жакта 11 миңдей адам иштеген.

Март айынын башында орусиялык армия Европадагы эң ири деп саналган Запорожье электр станциясын басып алды. Ошондон бери анын айланасында атышуулар токтобой жатат. Мындан улам өзөктүк алаамат коркунучу күн сайын кооптонуу жаратууда. Атышуулар үчүн эки тарап бири-бирин айыпташууда.

Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) эскерткендей, жумушчулардын жетишсиздиги жана ал жактагы азыркы чыңалган атмосфера станциянын ишине кедергисин тийгизип, үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн.

Жергиликтүү бийлик Запорожье облусунун тургундарын катаал кышка даяр болууну эскертти. Учурда Запорожье АЭСи курамына кирген "Энергоатом" компаниясы жылуулуктун 55% камсыздайт. Кышында бул көрсөткүч 70 пайызга чейин көтөрүлөт.

Кышка чейин АЭС Украинанын көзөмөлүнө өтпөсө, жылуулук маселеси кандай болот деген суроо туулат. Украинанын Энергетика министрлиги көмүр станцияларында электр энергия өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүнү жана Евробиримдиктен сатып алууну караштырып жатат.

Украина ошондой эле электр энергиясынын экспорту токтогондуктан миллиарддаган долларлардан кол жууп калышы мүмкүн.

Украина Радасынын депутаты Алексей Кучеренконун пикиринде, АЭСтин айланасындагы абалды курчутуу менен "алдыдагы кышты да Путин Украинага каршы курал катары колдонгусу келет".

"Өзүбүзгө каршы ок атмак белек?"

6-сентябрда МАГАТЭ Запорожье АЭСине болгон сапарынын жыйынтыгын жарыялап, станциядагы абалды "кабыл алынгыс жана коркунучтуу" деп баалап, заводдун айланасында тез арада коопсуздук жана коргоо зонасын түзүүгө жана АЭСтин аймагын аткылоону токтотууга чакырган.

Украина президентинин администрация жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляк МАГАТЭнин миссиясынын жыйынтыгына канааттанган эмес. Бул тууралуу ал "Настоящее время" телеканалына курган маегинде билдирди.

"Миссия өз ишинин бир бөлүгүн туура кылды. Запорожье АЭСинин аймагында Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү бар экенин аныктады. Экинчи тарабынан, бул күчтөр чыгарылышы керек деген катаал сунуш болгон жок. "Эгер алар чыгарылбаса жана 10-15 чакырым алыстыкта демилитаризация аймагы түзүлбөсө, Орусияга мындай же тигиндей санкциялар салынат" деп так кесе эле айтылышы керек эле. Менимче, бул натыйжалуу болмок. Ошондо гана дүйнө Запорожье АЭСиндеги кризисти чечүүгө кызыкдар экенин Орусия чындап сезмек".

МАГАТЭ өз баяндамасында кошумчалагандай, станцияга барган 14 инспекторду орус бийлигинин өкүлдөрү заводдун баардык бөлүмдөрүнө киргизбей койгон. Агенттиктин эки эксперти ал жакты көзөмөлдөп, коопсуздукка көңүл буруу үчүн калды.

Орусиянын президенти Владимир Путин 7-сентябрда Владивостокто сүйлөп жатып, заводдун айланасындагы кырдаал үчүн украиндерди айыптоону улантты.

"Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик абдан жоопкерчиликтүү мекеме жана анын жетекчиси абдан кесипкөй адам. Алар АКШ жана Европа мамлекеттеринин басымына туш болушууда. Ошондуктан Украина тарап аткылап жатканын түз айта алышпайт. Анткен менен баары ачык-айкын эле болуп турат. Станция биздин көзөмөлдө, ал жакта биздин аскерлер. Биз эми өзүбүзгө каршы атмак белек? Болбогон кеп, башкача айтуу мүмкүн эмес",-деди Путин.

Соңку күндөрү станцияда авария болуп кетсе, радиация чыгып кетиши мүмкүн деген кооптонуудан улам жергиликтүү бийлик тургундарга йод таблеткаларын таратып жатат. Эксперттер эгер станциядагы реакторлордо электр жарыгы өчүп калса, Чернобыль же Фукусимадыгдай өзөктүк авария болушун эскертишүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG