Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

"Харьковдо орус жалданмачылары чоң жоготууга учурады"


Украинанын Харьков аймагындагы талкаланган объектилерди аралап жүргөн киши. Иллюстрация сүрөт.
Украинанын Харьков аймагындагы талкаланган объектилерди аралап жүргөн киши. Иллюстрация сүрөт.

Украинанын армиясы Орусия тарапта согушуп жаткан жалданма аскерлерге катуу сокку урганын, баскынчыл күчтөрдүн бир тобунун дээрлик жарымын жок кылганын маалымдады.

Расмий Киев Херсон облусунда жана башка аймактарда контрчабуул баштаганына бир аптадан ашты. Ал эми Москва бул согуштун жүрүшүндө жана ага байланыштуу салынган санкциялардан Орусия “эч нерсе жоготпогонун” билдирүүдө.

Согуш талаасындагы жылыштар

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы жаңы оперативдик маалыматында, Донецк, Херсон, Харьков, Запорожье жана Николаев облустарында кармаш айыгышкан мүнөздө уланып жатканын билдирди. Соңку суткада орус күчтөрү Украинанын аймагына 25 авиациялык чабуул жасап, он чакты ракеталык сокку урган. Ондогон шаарлар артиллериялык аткылоого кабылды.

Украин армиясы да Орусиянын аскерлерине авиациялык, ракеталык жана артиллериялык чабуул жасап, 50дөй түйүнүн талкалады. Анын ичинде орусиялык жалданмачылардын тобу жок кылынды.

Александр Штупун
Александр Штупун

“Убактылуу басып алынган аймактарда жүргөн жеке менчик аскердик компаниялар, тагыраагы Харьков облусунун Александровка калктуу конушунда оор жоготууга учурады. Жалданма аскерлерлердин бир тобу кеминде 40% набыт болду же оор жаракат алды. Мерт болгондордун көбүнүн өздүгү аныкталган жок жана дайынсыз жоголду”,-деди Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын өкүлү Александр Штупун.

Украинанын Куралдуу күчтөрү түштүктөгү Херсон, Запорожье жана Николаев облустарында контрчабуул баштаганына бир аптадан ашты. Орус аскерлеринин арт жагындагы курал-жарак кампаларын бир-эки ай талкалагандан кийин украиндер 29-августта масштабдуу жүрүшкө чыкканы айтылган.

Бирок ошол эле маалда чыгыш облустар – Донецк, Луганск жана Харьковдо да орус күчтөрүн сүрүп чыгаруу аракети уланууда. Иш жүзүндө бул аймактардын көпчүлүк бөлүгүн Орусия армиясы ээлеп турат.

Украинанын президенти Владимир Зеленский соңку видео кайрылуусунда, бардык багыттарда катуу кармаш жүрүп жатканын айтты.

Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

“Бүгүн мен биздин бардык жарандарга, маалыматтык картина жаратып жаткандарга жана башкаларга кайрылгым келет. Катуу каршылык билдирүү фронттун бардык линиясында уланып жатканын эске алып коюңуздар. Бул деген дээрлик 1300 чакырымдык катуу согуштук аракеттер. Фронттун бир бөлүгү жөнүндө көбүрөөк айтып, калганын эстен чыгарып коюу туура эмес. Биздин жоокерлер бардык багыттарда катуу кармашып жатышат – алар биздин баатырлар”.

Ал ортодо орусиячыл Телеграмм-каналдар Харьков облусундагы Балаклея шаарында орус аскерлери курчоого алынганын жазып чыгышты. Орусиялык аскердик кабарчы Юрий Котёнок Балаклеяда Росгвардиянын Самара жана Башкыр отряддары камалып калганын кабарлады. Анын айтымында, аскерлер менен байланыш үзүлгөн. Бул маалымат дагы украин армиясынын контрчабуулу түштүк облустардан сырткары чыгыш аймактарда да жүрүп жатканын ырастап турат.

Орусиянын күчтөрү басып алган украин жерлери кызыл түс менен белгиленген. 7-сентябрга карата карта.
Орусиянын күчтөрү басып алган украин жерлери кызыл түс менен белгиленген. 7-сентябрга карата карта.

Орусиянын Коргоо министрлиги өз билдирүүлөрүндө Украинанын контрчабуулдары башталганын ырастаган эмес, ошол эле маалда фронтто активдешүү байкалганын тактаган. Кремль согуштук планда да, экономикалык планда да Орусиянын жоготууларга кабылганын четке кагып келет.

Орусиянын президенти Владимир Путин Владивостоктогу экономикалык форумда "эч нерсе жоготкон жокпуз жана жоготпойбуз" деп айтты.

Владимир Путин Владивостоктогу форумда
Владимир Путин Владивостоктогу форумда

“Биз эч нерсе жоготкон жокпуз жана жоготпойбуз деп ойлойм. Мен ошого ишенем. Эмнени таптык деген көз караштан алганда, биздин суверенитетибизди бекемдөө башкы табылгабыз болду. Албетте, болуп жаткан нерселерден улам ажырым жүрүп жатканы анык. Бирок дүйнөдө да, өлкө ичинде да бул нерсе өз пайдасын берет деп эсептейм. Анткени бизди алдыга кетүүдөн кармап жаткан нерселерден арылып жатабыз жана ушу менен өнүгүүнүн жаңы темпине түшөбүз”.

Орусиянын аскерлери 2022-жылдын 24-февралында Украинага басып кирген. Бул аралыкта Киев 9 миңдей жоокерин жоготконун тактады. Орусия мартта 1351 аскери өлгөнүн расмий билдиргенден бери маалыматтарды жаңылай элек. Украиндер орус армиясынын 50 миңден ашык аскери өлдү деп кабарлап жатышат.

Запорожье АЭСи жана МАГАТЭнин баяндамасы

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭ Украинанын Запорожье АЭСиндеги абал тууралуу баяндамасын Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) сунуштады. МАГАТЭ Орусия басып алган станциядагы абалды “кабыл алынгыс жана коркунучтуу” деп баалап, ал жердеги коопсуздукту сактоонун негизги жолу куралдуу жаңжалды азыр токтотуу экенин билдирди.

МАГАТЭнин башчысы Рафаэл Гросси жыйында сүйлөп жатып, эки тарапты тең жок дегенде станциянын айланасында атышууну токтотууга чакырды.

Рафаэл Гросси
Рафаэл Гросси

“Атайын жасалган жана кокустан жасалган чабуулдардан улам объектке тийген залалдарды өз көзүм менен көрүп, эксперттер менен чогуу бааладык. Бул нерселерге таптакыр жол берилбеш керек эле. Силер от менен ойноп жатасыңар, өтө жаман, өтө чоң апаат болуп кетиши ыктымал”,-деди ал.

Рафаэл Гросси баяндамада жана өз сөзүндө келтиргендей, МАГАТЭ өзөктүк авариянын алдын алуу үчүн дүйнө өлкөлөрүнө жана согушкан тараптарга “тез арада убактылуу чараларды кабыл алуу өтө зарыл” экенин белгилеп жатат. Ал АЭСти ээлеп турган Орусияга украин адистеринин станцияга ээн-эркин келип кетүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүгө үндөдү.

БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш да жыйында ушуга үндөш билдирүү менен чыкты.

Антониу Гуттериш
Антониу Гуттериш

“Орусиялык жана украиналык күчтөр биринчи кадам катары атомдук электр станциясынын аймагында эч кандай аскердик операция жүргүзбөөгө жоопкерчилик алышы керек. Запорожьедеги объект жана анын айланасы аскердик аракеттердин бутасы болбошу керек. Экинчи кадам катары демилитаризацияланган периметр тууралуу конкреттүү макулдашуу кабыл алышы шарт. Анда Орусиянын күчтөрү аскердик персоналдарын жана аскердик техникаларын чыгарып кетүүгө, ал эми украин күчтөрү станцияга кирбөөгө милдеттеме алышы керек”.

Орусия Запорожье АЭСин Украинага кол салгандан бир нече күндөн кийин, марттын башында басып алган. Анда атышуулардан улам өзөктүк реактор жабыр тарткан болушу мүмкүн деген коркунучтар болгон. Бул Чернобыл АЭСиндеги 1986-жылкы кырсыкка окшош чоң аварияга себепчи болуп калышы мүмкүн эле.

Запорожье атомдук электр станциясы (АЭС)
Запорожье атомдук электр станциясы (АЭС)

Акыркы айлардагы атышуулардан кийин Киевдин өтүнүчү менен МАГАТЭнин башчысы Рафаэл Гросси жетектеген 14 эксперт 1-2-сентябрда Запорожье АЭСининин абалы менен таанышты. Учурда ал жакта уюмдун эки эксперти туруктуу тартипте иштеп жатат.

Украинанын президенти Владимир Зеленский МАГАТЭнин баяндамасына бир аз каанаттанбаганын ачык эле билдирип, алар орус аскерлерин чыгып кетүүнү талап кылышы керек эле деди.

“Эгер МАГАТЭнин башкы директору Гроссинин станцияны коргоо аймагын түзүү тууралуу сунушу жөнүндө айтсам, биз ал инструменттин мазмунун карашыбыз керек. Коргоо дегенде эмнени айтып жатабыз? Эгер бул сунуштун мазмуну АЭСтин айланасын демилитаризациялоо болсо, анда бул логикага сыят, муну колдосок болот. Анткени так ошол орус аскерлеринин кириши менен Запорожье станциясы радиациялык катастрофанын кырына кептелди. Бирок ошентсе да эл аралык уюмдар өз аракеттеринде кененирээк мандатка муктаж экени сезилип турат. Менимче, азыр дүйнө МАГАТЭнин өкүлдөрү Орусияны АЭСтин аймагын таштап чыгып кетүүгө жана Украинанын көзөмөлүнө берүүгө мажбурлашын талап кылып жатат”,-деди Владимир Зеленский соңку видео кайрылуусунда.

Украинанын Запорожье АЭСи Европадагы эң ири атомдук электр станциясы болуп саналат. Ошол себептүү анда атышуу чыккан сайын дүйнө лидерлери билдирүү жарыялап турат. Аткылоолор үчүн Киев менен Москва бири-бирин айыптап келет.

Украинанын “Энергоатом” мамлекеттик ишканасы 6-сентябрдагы билдирүүсүндө станциядагы акыркы – алтынчы реактор токтогонун маалымдаган. Бул реакторлор Украинанын электр тармактарына ток бергенден сырткары станциянын өзүн да камсыздайт.

Башкача айтканда, соңку реактордун иштен чыгышы менен АЭС да токтоп калышы ыктымал. “Энергоатом” компаниясы станцияда өрт өчүрүлгөн соң гана байланыш калыбына келтирилерин кабарлады. Бирок реактор кайра иштеп баштадыбы же жокпу, анысы белгисиз.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG