Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:25

Украинадагы согушка 200 күн: орусиялык аскерлер эки аймактан чегинди


Украин аскерлери бошотулган Шевченко айылында. 10-сентябрь, 2022-жыл. Харьков аймагы.
Украин аскерлери бошотулган Шевченко айылында. 10-сентябрь, 2022-жыл. Харьков аймагы.

Украин күчтөрү 3000 чарчы чакырым аймагын орус армиясынан бошотконун билдирди. Москва Балаклея жана Изюм аймактарындагы аскерлерин чыгарып кеткенин ырастады. 11-сентябрда Орусия кошуна мамлекетке согуш ачканына туура 200 күн болду.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 11-сентябрда Харьков облусундагы дагы бир калктуу конуш орус армиясынан бошотулганын жарыялады. 8-сентябрда украин күчтөрү Балаклея шаарын өз карамагына алганын жарыяласа, 10-сентябрда Купянск шаарынын борборунда Украинанын желегин орнотушту.

Украинанын Башкы штабы тараткан билдирүүгө караганда учурда Купянск жана Изюм шаарларынын жака белин баскынчылардан бошотуу операциясы уланууда. Ошондой эле Лиман жана Лисичанск калаалары үчүн да салгылаш жүрүп атат. Зеленский өз армиясынын алдыга жылуусун кубаттап, Киев өз аймагын, анын ичинде Крымды толук бошотмоюнча, Москва менен сүйлөшүүгө барбай турганын билдирди.

"Менимче, бул кыш баарын өзгөртөт жана Украина тез арада өз аймактарын орус күчтөрүнөн тазалап алууга шарт түзүшү мүмкүн. Орус армиясынын эки жакка качып жатканын көрүп турабыз. Курал-жабдыктан күчтүү болсок, аймактарыбызды тезирек бошотот элек", - деди ал Киевде өткөн Yalta European Strategy эл аралык форумунда сүйлөп жатып. Бул жыйындын кайда жана качан өтөрү акыркы сааттарга чейин сыр сакталып келген.

Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Орусиянын Коргоо министрлиги контрчабуул башталганы эки аймактан өз аскерлерин чыгарып кеткенин мойнуна алды.

"Донбассты куткаруу боюнча атайын операциянын алкагында Балаклея жана Изюм райондордунда жайгашкан орус күчтөрүн Донецк багытын күчтөө максатында ошол жакка которуу чечими кабыл алынды", - деп түшүндүрдү мекеменин маалымат катчысы Игорь Конашенков.

Харьковдон 120 чакырым алыста жайгашкан Купянск шаары Украинанын чыгышындагы транспорттук түйүн болуп саналат жана Донбасстагы орусиялык күчтөрдү жабдуу үчүн стратегиялык мааниге ээ.

Украина Херсонду алаксытуучу маневр катары колдонгонбу?

Украин армиясы Харьковдон мурун Херсон облусун бошотуу тууралуу операция башталганын билдирген. Ал жакта азыр ири жетишкендиктер каттала элек. Мындан улам айрым аскердик эксперттер Херсон жөн гана алаксытуучу маневр болгон деген пикирин айтышууда. Анткен менен башкалары мунун себебин өзгөдөн көрүшөт. Алардын бири Conflict Intelligence Team уюмунун аналитиги Кирилл Михайловдун эсебинде, Херсондо орус аскерлери саны жана сапаты жагынан алдыда. Ошондуктан алардын украин күчтөрүнө каршылык көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

Михайлов билдиргендей, Харьков облусундагы орус фронтунун негизги курамын "Луганск элдик республикасынын" алсыз күчтөрү түзчү.

"Ошондой эле ал жактагы Балтика фронтунун күчтөрү эч кандай каршылык көрсөтө албай, чачырап кетүүгө аргасыз болушту", - дейт аналитик. Ал эми Херсон Крымга жакын болгон үчүн байкоочулардын пикиринде, Орусия ал жак үчүн катуу салгылашууга даяр.

Ал арада Кремль өз карамагына алган украин аймактарын Орусияга кошуу тууралуу референдумдарды өткөрүү планын белгисиз мөөнөткө жылдырганын "Медуза" басылмасы өз булактарына таянып жазды. Маалыматка караганда, Харьков жана Запорожье облустарындагы орусиялык политтехнологдор үйлөрүнө кайтарылган. Херсон облусунда атайын адистер өз ишин улантууда.

Учурда Орусиянын карамагында Херсон, Запорожье, Луганск, Донецк жана Харьков облусунун көп бөлүктөрү калууда.

Запорожье АЭСинин иши токтотулду

11-сентябрга караган түнү Запорожье атомдук электр станциясынын 6-энергетикалык блогунун иши токтотулду. "Энергоатом" компаниясынын билдирүүсүнө караганда, учурда блокту муздак абалга өткөрүүгө даярдыктар көрүлүп жатат. Маалыматты оккупацияланган аймактын орусиячыл администрациясы да ырастады. Аткылоо үчүн эки тарап адаттагыдай эле бири-бирин айыпташты. АЭСтин тегерегиндеги абалга БУУ жана дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү тынчсыздануусун билдиришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG