Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:11

Украина: орусиялык күчтөр чегинген Изюмдан 500дөй сөөк табылды


Изюмдун чет жакасындагы токойдон табылган массалык сөөк көмүлгөн жай.
Изюмдун чет жакасындагы токойдон табылган массалык сөөк көмүлгөн жай.

Украина жана башка бир нече өлкө Изюмдагы кыргын үчүн Орусиянын аскерлерине трибунал өткөрүүнү демилгелешти. Орусиялык күчтөр чегингенден кийин аталган шаардын жанындагы токойдон массалык сөөк көмүлгөн жай табылган. Анда дээрлик жарым миңдей адамдын өлүктөрү чыкты.

Согуш талаасындагы кармаш дале уланууда. Ал ортодо Запорожье атомдук электр станциясы кайрадан украинанын энергетика линиясына кошулду.

"Изюм – экинчи Буча болду"

Харьков облусуна караштуу Изюм шаарынын жакасындагы токойдон сөөктөр жапырт көмүлгөн жайга аскерлер жана жайкын тургундар жашырылганы аныкталды. Облустук полициянын Тергөө башкармалыгынын жетекчиси Сергей Болвин кеминде 440-450дөй адамдын сөөгү көмүлгөнүн, соттук-медициналык текшерүүгө жөнөтүлөрүн билдирди.

"Настоящее Время" телеканалы жана “Азаттыктын” уркиан кызматы көрүстөн тартылган сүрөттөрдү жарыялады. Анда көрүнүп тургандай, айрым жерлерде илинген жыгач кресттерге адамдардын аты-жөнү жазылган, кээлеринде номерлер, көмүлгөндөрдүн саны жана башка нерселер гана көрсөтүлгөн.

Украинанын Коргоо министринин кеңешчиси Алексей Копытько бул жөнүндө алгачкылардан болуп кабарлап жатып, "Изюмда оккупанттар жасаган кыйроонун көлөмү чоң" деп билдирди.

“Изюмда тартылган кадрларды көпчүлүгү көрдү, бирок жалпы картинаны али аңдаша элек. Түшүнүп алуу үчүн айтайын. Изюм – талкалоону салыштырганда бир нече “Бородянкага”, калктын ичиндеги курмандыктарды салыштырганда, кеминде эки эсе “Бучага” окшош. Орусиялык баскынчылар Изюмга Мариуполго караганда өтө көп ракета ташташкан. Болбосо Изюмдун калкы ал жакка салыштырмалуу он эсе аз. Көп кабаттуу үйлөр авиабомбадан бүтүндөй талкаланып калган учурлары бар. Подъезддер толук кыйрап калган, ондогон адамдар бир учурда кырылып калган учурлар бар”,-деп жазды Копытько Фейсбуктагы баракчасына.

Сөөк табылган жайды аскерлер кайтарып турушат.
Сөөк табылган жайды аскерлер кайтарып турушат.

Украинанын армиясы августтун аягында контрчабуул баштаган. Масштабдуу жүрүш алгач түштүктөгү Херсон, Запорожье жана Николаев облустарында башталып, кийин чыгыштагы Харьков, Луганск жана Донецк облустарында күчөгөн.

Алар орус күчтөрүн Харьков облусунан дээрлик сүрүп чыкты. Бул аймакта Изюмдан сырткары Балаклея сыяктуу чоң шаарлар жана ондогон айыл-кыштактар бошотулду. Мындагы баскынчыл топтордун көбү качып чыкса, дагы бир бөлүгү туткунга түштү.

Изюм ушул жылдын февраль-март айларында, согуш жаңы башталганда кыйроого учураган жана апрелдин башынан бери орус армиясынын карамагында болчу. Украин президенти Владимир Зеленский 14-сентябрда шаар бошотулгандан кийин Изюмга барган.

Владимир Зеленский да соңку видео кайрылууларында Изюмдагы жана башка жерлердеги кыргындарды “террордук акт” деп баалап, Орусияны кайрадан “террордук мамлекет” деп атады.

Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

“Бүгүн Харьков облусундагы Изюмда жапырт сөөк көмүлгөн жайларда эксгумациялык жумуштар улантылды. Сөөктөргө экспертиза жүргүзүлүп жатат. Адамдар кыйноого алынганын ырастаган жаңы далилдер алынды. Харьковдун бошотулган башка райондорунда – шаарларда жана конуштарда кыйноо уюштурулган он чакты жай табылды. Оккупанттар качкан маалда ал жерде жабдууларын таштап кетишиптир. Казачья Лопанидеги кадимки бекетте эле кыйноо өткөрүлгөн жер, ток менен кыйноочу аспаптар табылды. Басып алынган аймактарда кыйноо кадимки көрүнүш болгон. Нацисттер, рашисттер гана ушундай кылат. Муну үчүн алар согуш талаасында да, сот залында да жооп беришет. Биз кыйноого алган, жырткычтык жасаган ар бир адамды таап, Орусиядан украин жергесине алып келип, жазалайбыз”, – деди Зеленский.

Дүйнө өлкөлөрүнүн реакциясы жана трибунал

Украин президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак ушул күндөрү чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн лидерлери менен жолуккан учурда Орусиянын согуштагы кыргындарына Батышта атайын аскердик трибунал өткөрүүнү сунуштады.

Кездешүүгө АКШнын, Франциянын, Канаданын, Италиянын, Словакиянын, Эстониянын, Литванын, Латвиянын, Швециянын, Германиянын, Улуу Британиянын элчиликтеринин жана Европа Биримдигинин Украинадагы өкүлчүлүгүнүн жетекчилери катышты.

Андрей Ермак
Андрей Ермак

"Биз сиздердин өлкөлөрдү трибунал ачуу идеясын колдоого чакырабыз. Анткени агрессияда жасалган кылмыштар жазасыз калбашы керек. Орусия 2008-жылы Грузияга кирген учурда алардын агрессиясын дүйнө жазалай алган эмес. Орусия Крымга жана Украинанын чыгышына кирген учурда да дүйнө муну көңүл сыртында калтырбаш керек", – деди Андрей Ермак.

Мындан кийин Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель билдирүү таратып, кыргынга тиешеси бар аскерлерди жоопкерчиликке тартуу үчүн мекеме болгон аракеттерин жумшай турганын билдирди.

Жозеп Боррель
Жозеп Боррель

“Биз бул жырткычтыктарды чечкүндүү мүнөздө айыптайбыз. Орусиянын Украинага каршы баскынчылык согушу эбегейсиз кан төгүүгө жана кыйроолорго алып келип жатат. Миңдеген жайкын тургундар өлтүрүлдү, көпчүлүгү кыйноого, куугунтукка, сексуалдык зомбулукка, уурдоого жана башка нерселерге туш болду. Орус аскерлеринин айбандык жүрүм-туруму, эл аралык гуманитардык укукту жана Женева конвенцияларын таптакыр көңүлдөн сырт калтырып жатышат, муну дароо токтотуш керек”, – деп айтылат Боррелдин билдирүүсүндө.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон да Твиттерде жазган постунда орус аскерлеринин Изюмдагы кыргынын “жырткычтык” деп атап, күнөөлүүлөр жазасын алышы керектигин жазды. Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо бул маселени комментарийлеп, “жапырт сөөк көмүлгөн жайлар жүрөктөрдү жаралаганын, Канада айыптууларды жазага тартуу жана Украинанын элине жардам берүү үчүн болгон аракеттерин уланта турганын” билдирди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен да журналисттерге комментарий берип, Харьковдогу жапырт көмүлгөн сөөктөр үчүн Орусиянын аскерлери жооп бере турган күн келерин эскертти. Ал уланып жаткан согуштун фонунда орус аскерлери жасаган мындай кылмыштар дагы көп катталышы мүмкүн экенин айтып, аны алдын алуу чараларын көрүүгө үндөдү.

Февралда Украинага басып кирген орус аскерлери бир айдай ээлеп тургандан кийин бошоткон Буча шаарында да ондогон, жүздөгөн жай тургундар набыт болгон абалда табылган. Украин күчтөрү Бучаны алышкан учурда сөөктөрдү көчөлөрдө, талааларда жаткан жеринен көрүшкөн. Жапырт сөөктөр көмүлгөн бир эле жайдан 300 адамдын өлүктөрү чыккан. Буга байланыштуу дүйнө коомчулугу Орусиянын аракеттерин кескин сынга алып, Бириккен Улуттар Уюмунун платформасында да маселе көтөрүлгөн.

Согуш талаасы жана АЭСтеги абал

Ал эми согуш талаасындагы кармаш мурдагыдай эле айыгышкан мүнөздө уланып жатат. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы соңку суткада 30дай калктуу конуш аткыланганын кабарлады. Ал жакка 28 авиациялык сокку жасалып, алты ракета жана 90 артиллериялык аткылоо болду.

Маалыматка ылайык, Орус аскерлери Донецк облусун толук ээлөө аракеттерин күчөтүп жатат. Мындан сырткары өздөрү басып турган жерлерди кармоо жана коргонууга да көбүрөөк күч жумшап, украин армиясынын контрчабуулдарын токтотууга умтулууда. Соңку суткада украин тарап он чакты конушта орус күчтөрүнүн чабуулдарынын мизин кайтара алышты.

Орусиянын күчтөрү басып алган украин жерлери кызыл түс менен белгиленген. Бошотулган жерлер жашыл түс менен көрсөтүлгөн. 16-сентябрга карата карта.
Орусиянын күчтөрү басып алган украин жерлери кызыл түс менен белгиленген. Бошотулган жерлер жашыл түс менен көрсөтүлгөн. 16-сентябрга карата карта.

Украинанын күчтөрү муну менен катар сентябрдын башынан бери контрчабуулдун алкагында Харьков облусунда 421 калктуу конушту бошотконун маалымдады.

Ал ортодо Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) Орусиянын аскерлери ээлеп турган Запорожье атомдук электр станциясындагы (АЭС) төрт электр линияларынын бирин инженерлер оңдоп чыккандан кийин ал Украинанын электр тармактарына кайрадан туташтырылганын кабарлады.

Учурда станциянын өзүндөгү электр энергиясын өндүрүүчү реакторлордун алтоо тең токтоп турат, бирок аларды муздак абалда кармап туруу үчүн ток керек болот. Станция 5-сентябрдан бери өзүн да электр менен камсыздай албай калган. Андан сырткары үй чарбаларга, заводдорго жана башка керектөөчүлөргө ток бербей калган.

Запорожье атомдук электр станциясы (АЭС).
Запорожье атомдук электр станциясы (АЭС).

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) миссиясы буга чейин Запорожье АЭСине барып келишти. 6-сентябрда МАГАТЭ өзүнүн отчетун жарыялап, дүйнө коомчулугун Запорожье атомдук электр станциясынын (АЭС) айланасында тез арада коргоо зонасын түзүүгө жана АЭСтин аймагын аткылоону токтотууга көмөктөшүүгө чакырган.

МАГАТЭ өзөктүк апааттын алдын алуу үчүн станциянын аймагында атайын коопсуздук зонасын түзүү боюнча консультацияларды дароо баштоого даяр экенин билдирген.

Запорожье АЭСи орус армиясы Украинага басып киргенден көп өтпөй, март айында Орусиянын карамагына өткөн. Аны украин кызматкерлери иштетип жатат. Европадагы эң ири атомдук электр станциясынын аймагы акыркы айларда бир нече жолу аткыланып, кооптуу жагдайлар жаралган. Бул үчүн Киев менен Москва бири-бирин айыптап келет.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG