Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Жапаров Лукашенко менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жөнүндө сүйлөштү


Садыр Жапаров жана Александр Лукашенко. Коллаж сүрөт.
Садыр Жапаров жана Александр Лукашенко. Коллаж сүрөт.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралуу президент Садыр Жапаровдун Беларустун башында турган Александр Лукашенко менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө сөз болгонун 22-сентябрда мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Анда эки лидер өз ара жана көп тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашканы, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал боюнча пикир алмашуу болгону айтылды.

“Садыр Жапаров менен Александр Лукашенко өз ара кызыкчылыктуу багыттар боюнча жемиштүү аракеттенүүнү улантууну макулдашышты” деп билдирди кыргыз президентинин басма сөз кызматы.

Лукашенконун пресс-кызматы бул сүйлөшүү тууралуу “Эки тема негизгилерден болду. Мамлекет башчылары эки тараптуу мамилелердин эң актуалдуу маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары, Кыргызстандын президенти кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча маалымат берди” деп жазды.

Кыргызстан менен Беларус бир катар эл аралык жана аймактык уюмдарга тең укуктуу мүчө. Эки өлкөнүн алакасы 2010-жылы апрель окуясынан кийин солгундай түшкөн. Учурда сыртынан соттолгон мурдагы президент Курманбек Бакиев Минск шаарында жашайт. 2019-жылы Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Лукашенко Бакиев менен жолугушканына, аны менен расмий ачык байланышып жатканына нааразылык билдирген.

Быйыл 14-16-17-сентябрда чек арада болгон окуя тууралуу 20-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында маалымат берип жатып президент Садыр Жапаров Тажикстанды "бардык макулдашууларга карабай чабуул жасады" деп айыптаган. Тажик тарап окуя үчүн Кыргызстанды айыптоодо.

Кагылышта 59 кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажик тарап 41 жараны өлгөнүн билдирген. "Озоди" өз булактарына таянып чек арада каза болгон 63 адамдын тизмесин чыгарды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG