Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Орусиянын чек ара бекеттеринде автоунаалардын узун кезеги пайда болду


Чек арадагы автоунаалар. Иллюстрациялык сүрөт.
Чек арадагы автоунаалар. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын коңшу мамлекеттер менен чек арасындагы автомобилдик өткөрмө бекеттерде узун тыгындар пайда болду. "Яндекс.Карта" сервисиндеги маалыматтарга ылайык, Казакстан, Грузия, Беларус жана Финляндия менен чектешкен жерлерде машинелер кезекте турганы көрүнүп турат.

Орус-грузин чек арасындагы, орус-казак чек арасындагы журналисттер жана жергиликтүүлөр тарткан видеолор бул маалыматтарды ырастайт. Орусия менен Монголиянын чек арасында машинелер тизилип турганы тартылган сүрөт-видеолор тарады.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялады. Мунун алкагында согушка запастагы жоокерлер тартылары кабарланган. Коргоо министри Сергей Шойгу мобилизация жарлыгынын алкагында 300 миңдей адам аскерге тартыларын айтып, бул мындан ары да пландуу улантыларын билдирген.

Ушундан кийин өлкөдөн чыгып кетүү - военкоматтын чакыруусун алуудан качуунун эң ыңгайлуу жолу катары каралып жатат. Москвадан жакынкы, визасыз барчу өлкөлөргө, анын ичинде Стамбулга, Ереванга, Бакуга, Астанага, Ташкентке жана Бишкекке билеттер кескин кымбаттап кетти. Көпчүлүк каттамдарга билеттер калбай да калды.

Буга байланыштуу шаршемби күнү кечинде Орусиянын 38 шаарында нааразылык акциялары өтүп, 1400 адам кармалган. Кармалгандардын көбү Москвага жана Санкт-Петербург шаарларына туура келет. Аталган шаарларда полиция митингчилерге катуу чара көрүп, аларды желим куралдар менен сабады жана тизелетип, чөгөлөттү. Кармалгандардын арасында жабыркагандар да болду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG