Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:20

Кыргызстандын ТИМи Тажикстан тараткан маалыматтарды төгүндөдү


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Тажикстандын дипломатиялык мекемесинин "тажикстандыктарга жана этникалык тажиктерге куугунтук болуп жатканы" боюнча маалыматын төгүндөдү. Министрлик "Тажикстан ТИМинин чоң күч-аракет менен сакталып жаткан тараптардын ортосундагы тынчтыкты бузууга жана Пандоранын кутусун ачууга жасаган акыркы аракеттерине каршы чечкиндүү нааразылык билдире турганын" белгилеп, бул билдирүүнү чагым катары эсептеген.

"Тажик тараптын Кыргызстанда “тажик жарандарын жана этникалык тажиктерди куугунтуктоонун кандайдыр бир саясатынын” бар экендиги тууралуу билдирүүсү таптакыр туура эмес жана Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү чындыктан алыс экенин жана Кыргызстандагы абалы тууралуу эч кандай түшүнүгү жок экенин көрсөтүп турат", - деп жазылган Кыргызстандын ТИМинин тажик тарапка берген жообунда. Анда Тажикстанда жүргөн кыргыз жарандарын жана этникалык кыргыздарды "күч кызматкерлери эч себепсиз эле өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү басым көрсөтүп жатканы" да айтылган.

22-сентябрда Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтына Кыргызстанда тажик жарандарын жана этникалык тажиктерди куугунтуктоо саясаты жүрүп жатканы тууралуу билдирүү жарыяланган. Анда мындан тышкары "18-сентябрда Ош облусунда белгисиз бирөөлөр “Азаттыктын” кыргыз кызматынын кабарчысы, этникалык тажик аял Насибахон Давронбекованы сабап кетишкен" деп жазылган.

Бир аздан кийин тажик ТИМи билдирүүдөгү бул сөздөрдү сайтынан алып салышкан.

Ага удаа эле "Америка авазы" радиосунун аймактык кабарчысы Давронбек Насибхонов Фейсбукка билдирүү таратып, "Тажикстандын ТИМи мени этникалык тажик кылып көрсөтүп, саясий максатта колдонуусун каалабайм" деп жазды. Ал 17-сентябрда Ош шаарынын башкы аянтында инцидент болгонун, бирок анын чоо-жайы башка экенин белгилеген.

“Азаттык” радиосу Тажикстандын ТИМи тараткан маалыматтагы кабарчы "Азаттык" радиосунда иштебей турганын расмий билдирди.

Кыргызстандын ТИМинин билдирүүсүндө Тажикстандын аба мейкиндигин бузулгандыгы тууралуу маалыматын да төгүндөп, тажик тарап дрондорду колдонууну улантып жатканын, 20-22-сентябрга чейин Баткен облусунун "Кызыл-Бел-автожол" чек ара өткөрүү пунктунун аймагында жана Ош облусунун Алай районундагы Найман-Ашуу ашуусунда Тажикстандын учкучсуз учагы бир нече жолу байкалганын" жазган.

Буга чейин Тажикстандын дипломатиялык мекемеси Кыргызстанды 21-сентябрдын кечинде учкучсуз учуучу техникасын Тажикстандын бир катар аймактарынын үстүнөн учурганын" айыптаган билдирүү тараткан.

Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери үстүбүздөгү жылдын 14-17 сентябрдагы Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан кийин бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү жасап жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG