Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:43

Орусия Донецкидеги жикчилдердин колунда жаткан чет элдиктерди бошотту


Британиялык Эйден Аслин, Шон Пиннер жана марокколук Саадун Брагим сот залында. Донецк шаары.
Британиялык Эйден Аслин, Шон Пиннер жана марокколук Саадун Брагим сот залында. Донецк шаары.

Орусиянын бийлиги Украинанын Донецк облусундагы жикчилдердин колунда жаткан чет элдик он туткунду бошотту. Бул тууралуу кабарды Reuters маалымат агенттиги расмий булактарга таянуу менен кабарлады.

Агенттиктин маалыматына ылайык, Улуу Британиянын беш жараны, АКШнын эки жараны, ошондой эле Швециянын, Хорватиянын жана Марокконун бирден жараны бар. Бошотулгандардын аты-жөнү толук айтылган жок.

Reuters белгилегендей, туткунга түшкөн чет элдиктерди бошотуу Сауд Арабиясынын мураскер канзадаасы Мухаммед бен Салмандын ортомчулугу менен ишке ашкан. Туткундардын баары араб падышачылыгынын аймагына жөнөтүлгөн. Улуу Британиянын премьер-министри Лиз Трасс муну “көптөн күтүлгөн жаңылык” деп атады.

Украинанын Донецк облусунун аймагындагы “Донецк Элдик Республикасы” жикчил түзүмүнүн соту 9-июнда украин армиясынын катарында согушуп жаткан үч чет элдик жаранды - британиялыктар Шон Пиннер менен Эйден Аслинди, марокколук Саадун Брагимди өлүм жазасына тарткан. Алар "жалданмачылыкка" жана "бийликти куралдуу басып алууга айыптуу" деп табылган. Жикчил түзүмдүн мыйзамдарына ылайык, алар атылышы мүмкүн эле.

Эл аралык коомчулук тааныбаган соту августта дагы беш чет өлкөлүк жаранга украин тарапта согушка катышканы үчүн айып койгон. Ага ылайык, Швециянын, Хорватиянын жана Британиянын жарандары Матиас Густавссон, Векослав Пребег менен Жон Хардингге ”бийликти куралдуу басып алуу аракеттенүүгө" байланыштуу кине тагылган. Дагы эки британ жараны Эндрю Хилл менен Дилану Хилге согуш аракеттерине катышуу, жалданмачылыкка айыпталып жаткан. Алар да өлүм жазасына тартылышы мүмкүн эле. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG