Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:00

Прокурор Назарбаевдин тууганы Кайрат Сатыбалдыны 6 жылга камоону сурады


Кайрат Сатыбалды (сол жакта) өзүнүн адвокаты менен соттук отурумда.
Кайрат Сатыбалды (сол жакта) өзүнүн адвокаты менен соттук отурумда.

Астана шаардык прокуратурасынын прокурору экс-президент Нурсултан Назарбаевдин тууганы Кайрат Сатыбалды үй-мүлкүн конфискациялоо менен 6 жылга камакка алууну жана 10 жылга чейин мамлекеттик иштөөсүнө тыюу салууну соттон сурады. Айыптоочулар ошондой эле анын “улуттук коопсуздук кызматынын генерал-майору” наамынан ажыратууну, “Курмет”, “Парасат” деп аталган мамлекеттик ордендерин алып салууну өтүндү.

Кайрат Сатыбалдынын иши боюнча отурум борбор калаанын Байконыр райондук сотунда 19-сентябрда башталган. Баштапкы соттук угуу 16-сентябрда өткөн.

Жабырлануучу тараптын өкүлү сотто “чыгымдын орду толтурулганын” айтып, жарандык доону кароосуз калтырууну өтүндү. Соттук кароо учурунда Кайрат Сатыбалды “Казахтелеком” компаниясына жана “Транспорттук сервис борборуна” 12 миллиард теңге жана 28 миллиард тенге чыгымды төлөп бергени маалым болду.

Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматына ылайык, Кайрат Сатыбалды бир нече берене менен айыпталып жатат. Анын ичинде “Алдамчылык жол менен же ишенимге кирүү менен мүлккө зыян келтирүү” жана “Ишенип берилген мүлктү уурдоо же өзүнө ыйгарып алуу” беренелери да бар.

Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Кайрат Сатыбалдынын кызматтык кымырып алуусуна байланыштуу сотко чейинки өндүрүштүк ишти аяктаганын 24-августта кабарлаган. Мекеме анда “тергөөнүн жүрүшүндө фигуранттардын чет жакка мыйзамсыз чыгарылып кеткен каражаттары жана активдери мамлекетке кайтарылганын” билдирген. Алардын суммасы 240 миллиард теңге, же 500 миллион доллар экени айтылган. Мындан сырткары аталган орган Кайрат Сатыбалдыга карата “бажы жана салык төлөмдөрүнөн качуу, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу” беренеси менен да иш иликтенип жатканын билдирген.

Кайрат Сатыбалды Нурсултан Назарбаевдин бир тууганы Сатыбалды Назарбаевдин уулу. Ал Борбор калаанын акиминин орун басары болгон, улуттук "Казахойл" жана "Казахстан темир жолы" компанияларын жетектеген. 2010-2015-жылы мурдагы президент Нурсултан Назарбаев жетектеген "Нур Отан" партиясынын борбордук аппаратында жүргөн. Forbes Kazakhstan басылмасынын версиясы боюнча Кайрат Сатыбалды өлкөдөгү эң таасирдүү бизнесмендердин тизмесине кирген. Кайрат Сатыбалды мартта кармалган, ошондон бери камакта.

Талдоочулар Январь окуясынан кийин Нурсултан Назарбаевдин бийликке таасири азайганын айтып келишет. Ал бул башаламандыктардан кийин Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан кеткен. Назарбаевге жакын бир катар аткаминерлер, туугандары кызматтан алынып, айрымдары камалды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG