Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:55

Казакстанда Назарбаевдин тууганы Кайрат Сатыбалды кармалды


Кайрат Сатыбалды.
Кайрат Сатыбалды.

Казакстандын антикоррупциялык кызматы 13-мартта "кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана "Казахтелеком" акционердик коомунун каражатынын уурдалышы" фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлады.

Расмий билдирүүдө бул кылмышка шектүү катары Кайрат Сатыбалдыулы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени жазылган. Ал ким жана телекоммуникация компаниясына кандай тиешеси бары такталган эмес. "К.Сатыбалдыулынын мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирген кылмыштарга катышы бары иликтенип жатканы" кошумчаланган.

2021-жылы "Азаттыктын" казак кызматы Кайрат Сатыбалдыулы аттуу адам "Казахтелеком" телекоммуникациялык компаниясынын 24 пайыз акциясына ээлик кылган Skyline Investment Company S.A офшордук фирмасынын жападан жалгыз негиздөөчүсү экенин жазган. Бул маалымат люксембургдук LRB реестринин документинен алынган.

Казакстандык телекоммуникациялык рынокто жалгыз монополист - "Казахтелекомдун" акциялар пакети люксембургдук реестрдин колуна 2018-жылы казакстандык бизнесмен Александр Клебанов аркылуу тийген. Келишимди анда Бакытжан Сагинтаев жетектеген өкмөт түзгөн.

Назарбаевдин инисинин уулу Кайрат Сатыбалды мамлекеттик кызматты аркалап келген. Борбор калаанын акиминин орун басары болгон, улуттук «Казахойл» жана «Казахстан темир жолы» компанияларын жетектеген. 2010-2015-жылы мурдагы президент Нурсултан Назарбаев жетектеген «Нур Отан» партиясынын борбордук аппаратында жүргөн.

Кайрат Сатыбалды "Азаттыктын" казак кызматынын Алматыдагы кыймылсыз мүлккө мурдагы президенттин кызы жана күйөө баласы ээлик кылганы тууралуу иликтөөсүндө аты аталган. Алматынын жогору жагындагы бул жер участогун жана сарайды жергиликтүүлөр "КНБнын чоңуна таандык" дешкен. Назарбаевдин иниси чындап эле Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинде иштеген. "Азаттык" анда жердин жана мүлктүн ээси Кайрат Сатыбалдынын жубайы деп аталган Асел Бахтияр кызына катталганын тапкан.

Үч жыл мурда Сатыбалды Kaspi.kz компаниясындагы өз үлүшүн расмий түрдө саткан.

2018-жылы Люксембургдун офшорунда Сатыбалдынын атына катталган Skyline Investment Company S.A компаниясынын биргелешкен активи 266 млн. долларды түзгөн.

XS
SM
MD
LG